Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

Өйдө бассам өбөк бол


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

"Сөз дайра" берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында өгөрөк, өбөк деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

«Өбөк» деген сөздүн маанисин билесизби?

Тилиңиздин учунда турган менен унутуп салып, айта албай жатпайсызбы?

«Өбөк» деген таяныч, колдоо деген маанини билдирет. «Ал бечара, алдына өбөк, артына жөлөк кылган бир тууганынан ажырап калбадыбы» дейт.

«Абдыш таш өбөк салып турду» дейт. Адамдын колун бооруна алып, ылдый карап турган абалын ушинтип “таш өбөк салып” деп айтат. «Өбөктөп алып өкүрүп турушту» дейт. Өлгөн адамга өкүрүп жаткандагы кишилердин абалынын сыпатталышы.

«Өбөктөгөн кары» дейт. Адатта карып калган адамдар жигиттердей кайкайып, түз баспастан эңкейип басат эмеспи. Өбөктөгөн кары деген ошол эңкейип калган кары-картаңдарга айтылып жаткан сөз.

«Эмгектеген жаш ыйлап, өбөктөгөн кары ыйлап» дейт. Жашынан карысына чейин ыйлады дегенди түшүндүрөт. «Ээрдин кашына өбөктөгөн карыялар катар кетип баратышат» дейт. Ээрдин кашына эңкейген деген мааниде. Атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” кинотасмасындагы ак кар баскан кырда биринин артынан бири бастырып барткан атчан карыяларды эстеп көрүңүз.

* * *

«Өгө» деген сөз бар эмеспи. «Темирди өгө» дейт. Көзү күйүп турган, курч жигиттерди «Көзү өгөгөн темирдей экен» деп койгон. «Кайсы күнөөм үчүн мени мынчалык өгөйсүң, өгөгөнүңдү токтотчу?» дейт. Бул сөздөгү «өгөгөнүңдү токточу?» деген сөз «жөндөн жөн ызалаганыңды, жемелегенинди токточу» деген мааниде айтылып жатат.

* * *

«Эми «өгөй» дегенге келели. «Өгөй ата» дейт. «Өгөй эне» дейт. «Өгөй бала», «өгөй кыз» дейт. Бул сөздөрдүн маанисин сиздер жакшы билгендиктен түшүндүрбөй эле коелу.

* * *

«Өгөйлө» деген сөз бар. «Бөлөксүнтүү», «өз кишидей санабоо» деген мааниде. «Алар мени өгөйсүнтүп эле келатышат» дейт. «Өзүмдү бул жалган дүйнөдө барган сайын өгөй сезе баштадым» дейт.

* * *

Кыргыздын элдик жомокторунда «өгөрөк» деген жалгыз канаттуу куш болгондугу айтылып калган. «Манас» эпосунда:

Жалганда жалгыз ушу бар,

Өгөрөк деп коюшат,

Жалгыз канат кушу бар, - деген саптар бар.

* * *

Эми «өгүз» дегенге келели.

«Өгүз» деп уйдун эркегинин биттелген же бычылган түрүн айтат. Өгүздөр жашына жараша, үч жаштагысын - «кунан өгүз», төрт жаштагысын - «бышты өгүз», беш жаштагысын - «асый өгүз» деп атаган.

Элдик жомоктордо Көк Өгүз деген уламыш айтылат. “Жер шарын ошол Көк Өгүз мүйүзүнө көтөрүп турат экен. Оор жүктөн чарчап, бир жак мүйүзүнөн бир жак мүйүзүнө ооштурганда Жер титиреп кетет экен” деген имиштерди чыгарышкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG