Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Таманына май төшөлдү


Элечек кийген айым.
Элечек кийген айым.

Кадырлоо, сыйлоо, алпештеп, кастарлап туруу дегендик.

«Таманына май төшөп баккан баласы ата-энесине карамы жок, кара боор чыгып калды» дейт. «Кара боор» дегени «кайрымсыз», «таш боор» чыгып калды дегени.

* * *

«Таманга кагуу» деп коёт. Алдап-соолап мамиле кылуу дегендик. «Алардын сага минтип өнтөлөп жатканынын себеби азыркы ишиңден таманга кагып түшүрчү адаты болбосун, байкагын» дейт.

* * *

«Таман жалтыратуу» деген бар. Кетип калуу, көрүнүмүш болуп туруп качып кетүү, куйругун түйүү. «Бир күн иштемиш болуп туруп эле таман жалтыратып жок болду» дейт.

* * *

«Таман тирөө» деп коёт. Тирешүү, атаандашуу. Дагы бир мааниси бирөөгө таянуу, ишенүү. «Сенин таман тирериң бар экен, коркпой деле койсоң болот» дейт. «Таман тирешем деп убара болбой эле кой, антчү болсоң эртең эле жок болосуң!» дейт.

* * *

«Таман тузак тартуу». Бирөөнү алдап, амал менен, айла менен колго түшүрүү. «КГБ деген далайларга таман тузак тарткан уюм болгон» дейт. «Таман тузак салуу» дегени да бар. «Айылдагы мыкты деген жигиттердин баарына алдын ала таман тузак салып коюшту» дейт.

* * *

«Таманы жерге тийбөө» дейт. Жаны тынбоо, бат, ылдам кыймылдоо. «Келин бечара келгенден бери таманы жерге тийбей кызмат кылды» дейт.

Дагы бир мааниси - абдан кубануу, толкундоо, токтоно албай кубануу. «Байкуш эне, баласы келатат дегенди уккандан бери жанын коёрго жер таппай, таманы жерге тийбей элеп-желеп болуп жатты» дейт.

* * *

«Таманы кызуу» дейт. «Улам күч алып чуркоо, арышын кеңири таштоо, токтоо бербей ээлигип калуу. Бул сыпаттамалар көбүнчө аттарга мүнөздүү. «Кара Кашканын таманы кызыптыр, эми ал алдына ат салбайт» дейт.

Экинчиси - бир ишке катуу киришүү, баш тартпай иштөө. «Таланттуу киши эмеспи, таманы кызыган окшойт, баш көтөрбөй иштеп жатат» дейт.

* * *

«Таманынан чаң чыгуу» дейт. Көзгө илээшпей өтө тез чуркоо, учкаяктагы, күлүктүгү көрүнүү. «Таманынан чаң чыккан күлүк болчу» дейт.

* * *

«Таманы тешилүү» деген сөз белгилүү. Бир нерсеге улам бара берип жадоо, убара болуу, көңүлү калуу. «Ал убада кылган кишиге бара берип таманы тешилди» дейт.

* * *

«Таманына шиш кагуу» дейт. Кордук көрсөтүү, кыйноо, ызалоо. «Бөтөнзордукка салып эле колунда бар деген кишилердин баары эле таманыбызга шиш кага башташты» дейт.

* * *

«Таманынын алдынан табуу» дейт. Оңой жерден, дароо эле, тез эле таба коюу. «Көңүлдөрү жок, көңүлдөрү болсо, дары дегенди таманынын алдынан табат болчу» дейт.

* * *

«Таманын жалоо» дейт. Бирөөгө кошомат кылуу, бөжөңдөп, көшөкөрлөнүп мамиле кылуу. «Ушунчалык кошоматчы киши экен, адамдын таманын жалоо анын башынан берки адаты экен» дейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG