Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

"Сентябрдын аягында келем деп аткан". Чек арада курман болгон Бектур менен Бекболсун


Бектур Ыслам уулу жана Бекболсун Рысбек уулу.
Бектур Ыслам уулу жана Бекболсун Рысбек уулу.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда мерт кеткендердин арасында Баткендеги 2001-аскер бөлүгүнүн "Лейлек автожол" көзөмөл-өткөрүү бекетинин улук көзөмөлдөөчүсү, прапорщик Бектур Ыслам уулу жана жоокер Бекболсун Ырысбек уулу дагы бар. Бул маалыматты маркумдардын жакындары "Азаттыкка" ырасташты.

Бектурдун артында эки баласы, кош бойлуу келинчеги калды.

Жакындарынын айтымында, ал Ош шаарына караштуу Жапалак айылында 1991-жылы, 7-январда мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ош мамлекеттик университетинин Бажы иштери боюнча факультетин аяктаган.

"2007-жылы университетти бүтүп, 2008-2009-жылдары Жалал-Абадда армияда кызмат өтөп, 2011-жылы чек ара кызматына келишимдик негизде кызмат өтөөгө кирген. Сентябрдын аягында отпускага чыгам, келем деп атты эле. Иниси менен бир нече күн мурда сүйлөшүптүр. Ошондо кырдаал анча эмес деп айткан экен. Негизи өзү Чек ара кызматынан чарчаганын айтып калчу. Пенсияга чыгарына эки жылдай эле калган",- дейт агасы Майсалбек Жусуев.

Бектур кандай жагдайда, кантип курман болгону азырынча белгисиз. Жусуев инисин мээнеткеч, сылык, адамдар менен тил табыша билген жигит болчу деп эскерди.

Куралдуу кагылышууда курман болгондордун дагы бири Бекболсун Рысбек уулу болгону 22 жашта эле. Ал армияга кызмат өтөгөнү кетип, ошол бойдон Баткенде калганын аталаш эжеси Гүлнур Арапбай кызы «Азаттыкка» айтып берди.

"Чек арада кырдаал чыңалып баштаганда эле инибиз менен байланыша албай, эч нерсе кыла албай отуруп калдык. 17-сентябрда түшкө маал айылдагы агасына «иниңер катуу жаракат алды, үйгө алып барабыз» деп айтышкан экен. Агасы жогору жактагылар менен байланышып, тактап, суук кабарды угуптур. Андан кийин кошуна-колоң чоң энеме угузушту. Бардык туугандар чогулуп, боз үй тигип даярдык көрүп атабыз. Ата-энеси Орусияда эле, билет алып учуп келатышат. Сөөгүн алып келе элек".

Бекболсун Ырысбек уулу 2000-жылы, Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Абад айылында туулган. Үй-бүлөдө беш бир туугандын эң кенжеси эле. Үч эжеси, агасы бар. 9-классты аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Кыргыз-Кытай коллежин аяктаган. Армияга чейин Орусияга барып иштеп келүүгө да үлгүргөн:

"Армияга барганда эле Баткенге жөнөтүлгөн. Өз ыктыяры менен эле кеткен. Мени менен сүйлөшкөндө дагы "келечекте керек болот да, эже" деген. Үйүндөгүлөр деле аралашпай, жайына койгон. Эч кимге жамандык каалабаган, ак көңүл, билимге ынтызар жигит эле. Билимин жогорулата албай калганы өкүнүчтүү. Окуп калса, армияга барбай калар беле деп ойлоном. Бир тууган акеси менен күндө кабарлашып турчу экен. Тажикстан менен чектеш аймакта кызмат өтөп жүргөнүн айтып, айыл тургундарынын уюлдук телефондорунан эле чалчу экен. Сураса беришсе керек да", -дейт Гүлнур Арапбай кызы.

Эжеси Бекболсунду кыялкеч, алдыга койгон максаттары көп эле деп эскерди. Азыр он гүлүнүн бири ачылбай кеткен инисинин эрте өтүп кеткенине ишене албай кабыргасы кайышып отурат.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 18-сентябрь, саат 10:00гө карата берген маалыматта кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган соңку куралдуу кагылышта 36 адам курман болуп, 129 адам жараат алган. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болду.

Мерт кеткендердин аты-жөндөрү расмий жарыялана элек. Алардын жакындары социалдык тармактарга жарыялап, маалымат таратышууда.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" тажик өкмөтүндөгү булагына таянып, өлгөндөрдүн саны 39 киши экенин кабарлады. Бирок Тажикстандын расмий бийлиги муну ырастай элек. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG