Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Секелекти зордуктоо иши: милиция кызматкерлери абакка кесилди


Аялдар менен балдарга жасалган зомбулукка каршы акция. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.
Аялдар менен балдарга жасалган зомбулукка каршы акция. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча айыпталуучуларга карата өкүм чыгарып, зордуктоого шектелген эки милиция кызматкери 15 жылдан, бул ишке катышы бар делген дагы бир адам 10 жылга эркинен ажыратылды.

Мындан сырткары ар бир айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сомдон төлөп берүүнү милдеттендирди. Жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султанов сот өкүмүнө макул экенин билдирди.

"Биз жабырлануучунун ата-энеси менен кеңешип сүйлөшкөнбүз. Бүгүнкү чыккан өкүмгө нааразы эмеспиз. Бул биз сураган айыптоо беренелеринин санкцияларында көрсөтүлгөн максималдуу жаза", - деди жабырлануучу тараптын адвокаты Тимур Султанов.

Секелектин ата-энеси дагы айыпталуучуларга берилген жазаны туура деп эсептейт. Атасы кызынын укугун коргоо, мындай иштерде акыйкатка жетүү кыйын экенинен токтолду.

"Чындык бар экен, туура чечим чыкты. Сот жараяндарында айыпталуучу тарап өзүм билемдик кылып, окуяны жазган журналисттерге жаман сөз айтты. Акыркы отурумда менин улуу кызымды айыпташты. Каралоону тастыктай алышпаса, алар дагы мыйзам чегинде күнөөсүн алышын каалайт элем", - деди атасы.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон эки милиция кызматкерине 15 жыл, дагы бир айыпталуучуга 13 жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны максималдуу турдө берүүнү өтүнгөн. Секелектин зордукталышы боюнча соттук жараяндар жабык өттү.

Сот өкүмүнөн кийин айыпталуучу тараптын жактоочулары комментарий беришкен жок. Алар сот өкүмдү окуп жатканда журналисттердин айыпталуучуларды сүрөткө тартпашын талап кылып жатышты. Судья өкүмдү дагы аудио, фото, видеого тартканга уруксат берген жок. Бирок өкүм угузулуп жаткан учурда залга журналисттердин нааразылыгынан кийин аларга кирүүгө уруксат берилди.

Бардык сот жараяндарына Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн (балдар омбудсмени) кызматкери Гүлзина Бообекова байкоо салды:

"20дан ашык отурум өттү. Жабык болгондуктан биз кирген жокпуз. Бирок, биз үй-бүлө менен иштешип, кыздын укугун коргоо, ага ар укуктук жардам бердик. Балдардын укугу сот отурумдарында корголушун көз салып жаттык. Бүгүн чечим чыкты", - деди ал.

13 жашар наристени зордуктоого байланыштуу дагы бир шектүүнүн ишин Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Ал боюнча чечим чыга элек.

Бул кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт кишиге - эки милиция кызматкери жана эки жаранга айып коюлган. Алардын бири мурда соттолгон жана ал 30-августтагы териштирүүдө 10 жылга кесилди.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Ушундан кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган.

8-июлда ушул иш боюнча териштирүү жүрүп жаткан мезгилде Свердлов райондук сотунун алдында кыздардын укугун коргоого акциясы өткөн. Ага эки жүзгө жакын активисттер, укук коргоочулар катышты. Ушундай эле пикет Ош шаарында да шаардык милициянын алдында болгон. Алар Ички иштер министри балдарын, аялдардын укуктары тепселенип жатат деген негизде Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышкан.

19-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкекте маалымат жыйын куруп, секелектин зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилгенин жарыялаган.

Ниязбеков орган кызматкерлери иш убактысынан тышкаркы мезгилде зордуктоого шектелип жатканын белгилеп, ар бир кызматкер жумушка алынарда психологиялык текшерүүдөн өтөрүн, шектүүлөр боюнча соттун чечиминен кийин толук маалымат берерин билдирген. Министрдин мындай билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууга түшүп, сынга алынган.

7-июлда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында мамлекет башчысы Садыр Жапаров балдарга карата зомбулукту кескин сындай турганын билдирген. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы окуяга баа берип, милициянын курамында да "мындай айбандар бар экен, биз аларга каршы күрөшүп жатабыз" деген болчу.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш иши катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу. Кыргызстанда 38 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго аялдар менен балдардын коопсуздугу барган сайын оорлоп баратканын айтып, кайрылуу жолдошкон.

13 жашар наристе кыздын аянычтуу тагдыры коомчулукка ачыкка чыгып, талкуу жараткандан кийин 11-августта президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, Кылмыш-жаза кодексине, Мунапыс берүү негиздери жана анык колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон.

Ага ылайык, балдарга жасалган зордук-зомбулук кылмыштары үчүн эркинен ажыратуу каралган, айыптын өлчөмү көбөйтүлгөн. Мындай кылмышка баргандарды жоопко тартуу мөөнөтү эскирбейт, ооруга чалдыкканына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда абактан чыкпайт жана аларга эч кандай мунапыс берилбеши керек.


Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG