Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

ШКУнун позициясына баа


Шанхай Кызматташтык уюмунун саммити 14-июнда Бишкекте башталды.
Шанхай Кызматташтык уюмунун саммити 14-июнда Бишкекте башталды.

Шанхай Кызматташтык Уюмун айрым эксперттер Орусия менен Кытай Батышка каршы платформа катары колдонуп жатат дешсе, башкалары дүйнө калкынын дээрлик жарымы жашаган өлкөлөрдү камтыган шаркеттин келечеги кең экенине ишенет.

Индиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси, тышкы саясат боюнча эксперт Пхунчок Стобдан “Азаттыкка" курган маегинде "Орусия жана Кытай Шанхай Кызматташтык Уюмун Батышка каршы платформа катары колдонуп жатат" деген пикири менен бөлүштү.

"Уюм башынан эле Батышка каршы платформа катары кабылданган. Анткени аны Орусия менен Кытай жетектейт. Ачык айтылбаганы менен уюм мүчөлөрүнүн бардык кадамдары Американын гегемониясына каршы экени маалым болчу. Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда экономикалык же коопсуздук жагынан алганда "ШКУнун алкагындагы стратегия" деген чоң долбоордун ишке ашканын уктуңуз беле? Уюмдун алкагында иштеп жаткан долбоорлордун баары эле Кытай менен Казакстан, Кытай менен Кыргызстан, Кытай менен Тажикстан же Кытай менен уюмга мүчө башка мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу долбоорлор.

Пхунчок Стобдан, Индиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси
Пхунчок Стобдан, Индиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси

Кытай бул уюмду өз кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн колдонууда. ШКУ бул жөн гана көшөгө сыяктуу, көзгө көрүнгөн жагын кооздогон нерсе. Борбор Азия мамлекеттеринин ири геосаясий пландары бар деп ойлобойм. Алар болгону өз кызыкчылыктарын коргогонго аракет кылат. Балким Казакстандын таасири бир аз чоңураак. Борбор Азия мамлекеттеринин көбү Кытай, Орусия, балким Индия менен кызматташуудан пайда табат. Ошону менен катар чөлкөмдөгү мамлекеттер Кошмо Штаттар менен деле жакшы алакада болууну көздөшөт жана муну ШКУдан тышкары ишке ашыра берсе болот. ШКУдан аларга зыян деле жок, тескерисинче алар соодадан, инвестициядан пайда көрөт. Бирок узак мөөнөттө кандай болорун айта албайбыз. Мен азыр темир жол системасы тууралуу айтып жатам. Эгер Кыргызстан бул системага кошулса, анда Кытай Евразияны бириктирип, Европанын атаандашына айланат. Анда Орусия утулат".

Ал эми “Эркин Европа/ Азаттык” радиосунун Борбор Азия боюнча серепчиси Брюс Паниердин пикиринде, уюмга мүчө мамлекеттер зарыл учурда Батышка каршы бирдиктүү позициясын көрсөтө аларын белгилейт. Ошол эле учурда шаркетке мүчө мамлекеттер ортосунда кандайдыр бир пикир келишпестик жаралса, уюм үн катпай коёрун да кошумчалады.

"Буга чейинки ШКУ саммиттерине эске салсак, Өзбекстандагы окуялардан кийин 2005-жылы Ташкент уюмду америкалык күчтөрдү Ханабад авиабазасынан чыгаруу үчүн колдонгон. Орусия менен Грузия ортосунда согуш тутанып, Москва Түштүк Осетия менен Абхазияны аннексиялап алганда, Орусия ШКУга мүчө мамлекеттердин бул эки жикчил жумуриятты расмий таанышын каалаган, бирок Кытайдан улам колдоо тапкан эмес. Ошол эле маалда бүткүл дүйнө Орусиянын бул кадамын айыптап жаткан маалда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер үн катпастан четте турушкан. Тактап айтканда, уюмга мүчө мамлекеттердин бири дүйнө коомчулугуна жакпаган кандайдыр бир кадамга барса, мына ушундай саммиттерде башкалары аны колдоп, “биз артыңда турабыз” деген ишараны жеткирүүнү көздөшөт.

Брюс Паниер, "Эркин Европа/ Азаттык” радиосунун Борбор Азия боюнча серепчиси
Брюс Паниер, "Эркин Европа/ Азаттык” радиосунун Борбор Азия боюнча серепчиси

Бишкектеги саммитте Кытай лидери Си Цзиньпиң башкалардан Бээжиндин Шинжаңдагы “ички душмандарына” каршы аракеттерин колдоосун күтөт деп ойлоп жатам. Угушума караганда, Сооронбай Жээнбеков Шинжаңдагы этностук топтордун көйгөйүн - Кытайдын ички иши деп айтыптыр. Уюмга мүчө Индиядан башка бардык мамлекеттер “Бир алкак - бир жол” долбоорун колдошот. Учурда ШКУга мүчө Индия менен Пакистан ортосунда пикир келишпестик бар, Тажикстан жана уюмга мүчө Ирандын алакасы жакшы эмес. Мына ошол себептерден улам Шанхай Кызматташтык Уюмунун аракеттери анча натыйжалуу болбой жатат. Бир нече ай мурда Индия менен Пакистан ортосунда кандуу кагылыш болгондо ШКУ үн катпады. Негизи уюмдун мүчөлөрү дароо чогулуп, эки өлкө ортосундагы жаңжалды чечүүнүн аракетин көрүшү керек эле. Бирок андай болгон жок".

Анткен менен кээ бир эксперттер ШКУнун келечегине ишенет жана бул уюм тескерисинче чөлкөмдү Батыштын үстөмдүгүнөн сактап калат деген пикирде. Алардын бири пакистандык саясат таанучу Замир Ахмед Аваан.

"Батыш, өзгөчө Кошмо Штаттар менен Евробиримдик чөлкөмдүн саясатына үстөмдүк кылганга аракет жасап жатат. Жакынкы Чыгыш, Ирак, Ливия, Ооганстанда согуш жана кыйроолор болууда. Мына ушул жагдайга байланыштуу аймактагы мамлекеттердин альянсынын болушу зарыл. Шанхай Кызматташтык Уюму дал ушундай коопсуздук, экономикалык өнүгүү жактан чөлкөмдөгү мамлекеттердин кызыкчылыгын бириктирген альянс. Кытай бул уюм аркылуу өзүнүн “Бир алкак-бир жол” долбоорун өнүктүрүп, алдыга жылдырып жатат дегенге кошулбайм. Себеби, бул Кытайдын демилгеси менен башталган өз алдынча долбоор.

Замир Ахмед Аваан, пакистандык саясат таануучу
Замир Ахмед Аваан, пакистандык саясат таануучу

Анын аталган уюм менен эч кандай карама-каршылыгы да жок. Ошондой эле Кытай бул уюмга мүчө мамлекеттерге кандайдыр бир үстөмдүк кылганга аракеттенүүдө деген сөздөр менен макул эмесмин. Анткени Кытай өнүгүп атат, ошол эле маалда башка мамлекеттердей эле кандайдыр бир көйгөйлөргө туш болууда. Азыр дүйнөдөгү мамлекеттер бөлүнгөн эки эле топ бар. Биринчиси - Кошмо Штаттар жана анын союздаштары, экинчиси - Орусия, Кытай жана аларга өнөктөш өлкөлөр. Шанхай Кызматташтык Уюму ага мүчө мамлекеттер ортосундагы пикир келишпестиктерди, талаш-тартыштарды чечүүгө көбүрөөк салым кошот деп ишенебиз. Кыргызстандын бул уюмдагы ролу абдан маанилүү. Менимче, шаркеттин ичиндеги бардык мамлекеттер чоң-кичинесине карабай бирдей укукка ээ. Кыргызстан соода, инвестиция, коопсуздук жана башка жааттарда бул уюмдан пайда таба алат жана өзү да анын өнүгүшүнө салым кошот".

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG