Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Кентаврлар адамзатка коркунучтуу


НАСА, Хаббл тарткан сүрөт.
НАСА, Хаббл тарткан сүрөт.

Миңдеген ири кометалар астероиддерге караганда Жердин келечегине көбүрөөк коркунуч жаратууда. Adidas спорттук маркасынын бут кийимдери эми үч өлчөмдүү принтерден чыга баштайт.

Британиядагы Букингем университетинин Арма обсерваториясынын изилдөөчүлөрү тышкы планеталык системада акыркы жыйырма жылдан бери улам көбөйүп бара жаткан ири кометалар Күн системасына жакын учкан астероиддерге салыштырмалуу көбүрөөк коркунуч жаратарын аныкташты.

Профессор Билл Непиер менен Девид Эшердин бул жаңы ачылышы Королдук астрономия бирикмесинин "Астрономия жана геофизика" аттуу журналында жарык көрдү. "Кентавр" деп аталган кометалардын ири тобунда диаметри болжол менен 50 чакырымдан 100 чакырымга чейин созулган заттар бар. Алар жерге болжол менен 30 миң жыл мурда жакындаган. Дал ушул маалда жердеги цивилизация толугу менен кыйраганын геологдор менен палеонтологдор далилдешкен. Профессор Билл Непиер акыркы 30 жыл ичинде Кентавр кометаларынын Юпитерге улам жакындап, алардан чыккан зыяндуу чаң Күн системасынын ички катмарына чейин кирип жатканын айтууда. Ушундан улам окумуштуулар жерге астероиддер эмес, атмосферага киргенде уулуу затка айланчу кентаврлар олуттуу коркунуч жаратат дешет.

Март айында күн тутулат

National Geogrаphic 2016-жылы космостук маанилүү окуялардын тизмесин чыгарды. Космос жана жылдыздарга кызыккандардын баары 8-мартта күндүн тутулганын көрө алышат. Ай дал ушул күнү күндүн бетин жаап, бул көрүнүш болжол менен төрт мүнөткө созулат. Бирок муну Тынч океандын батыш бөлүгүнөн, Түштүк-Чыгыш Азия менен Индонезиядан гана көрсө болот. 6-майда Эта Акварид аттуу метеорлордун жамгыры жаайт. Бирок метеор жамгыры атмосферага жеткиче чаңга айланып, абдан майда болуп көрүнөт. 7-майга караган түнү телескоптун жардамы менен жылдыздардын жаанын байкай аласыздар. Америка менен Европа континентинен бул кубулушту жакшылап көрүүгө болот. Тилекке каршы, Азия менен Австралиянын асманынан көрүнбөйт. Ошондой эле августтун 23ү менен 27синде телескопсуз эле асмандан Чаян жылдызына Марс менен Сатурндун тизилүүсүн жана Чолпон жылдызы менен Юпитердин бир катарга туруусун көрүүгө болот.

Үч өлчөмдүү принтерден бут кийим чыгат

Бут кийим сатчу дүкөнгө кирип эле жактырган нерсени бут өлчөмгө карабай киери менен кишинин бутунун дал өзүндөй формага келип каларын элестетүү мурда кыйын болсо, азыр Adidas компаниясынын үч өлчөмдүү принтерден спорттук бут кийим чыгарганы турат. Futurecraft деп аталган спорттук бут кийимдин батеги кишинин буту тиери менен ошого ылайыкташып өзгөрөт. Мындай бут кийимдер тигилчү териге үч өлчөмдүү принтерге керектелген термопластикалык зат кошулат. Дал ушул технологияны дагы бир спорттук бренд Nike да пайдаланып, принтерден байпак чыгара баштаган. Үч өлчөмдүү принтерлер текстиль тармагына төңкөрүш жасаганы турат деп жазат Live Science басылмасы.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG