Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Жалгызсыраган жаңы планета табылды


PSO J318.5–22 планетасы сүрөтчүнүн көзү менен
PSO J318.5–22 планетасы сүрөтчүнүн көзү менен

Илим жана техника дүйнөсүндөгү кызыктуу жаңылыктар.

Европа космос агенттиги планетабыздан 560 миллион чакырым алыстыктагы Марска келечекте адамдарды учуруу шарттарын аныктоого алгачкы кадам жасады. Ал ортодо окумуштуулар кокусунан Жерден 800 триллион чакырым алыстыкта эркин калкып жүргөн планетаны табышты.

Жаңы планета

Биздин планетабыз өзүнүн жылдызы – Күндү айланат. Жер сыяктуу эле башка планеталар да өздөрүнүн жылдызын айланат. Өз алдынча жана жылдызынын тартылуу күчү жок космос мейкиндигинде эркин калкып жүргөн илимге тааныш планеталар дээрлик жокко эсе.

Пан-СТАРРС–1 телескобу тарткан сүрөттөгү кызыл чекит — PSO J318.5–22 планетасы.
Пан-СТАРРС–1 телескобу тарткан сүрөттөгү кызыл чекит — PSO J318.5–22 планетасы.
Окумуштуулар жакында эле жападан жалгыз ааламды кезип жүргөн планетаны табышты. Али азан чакырылып аты коюла элек планета азырынча PSO J318.5–22 деген ат менен белгилүү. Бул тууралуу 15-октябрда "Спейс эксплорейшн нетуорк" илимий маалымат порталы кабарлады.

Жаңы табылган планета Жерден 800 триллион чакырым алыстыкта жайгашкан жана болгону 12 миллион жыл мурда жаралган. Космос илиминде 12 миллион жыл – жаңы жаралган планета катары сыпатталат.

"Биз бул сыяктуу өз алдынча калкып жүргөн объектти көргөн эмеспиз. Жакында табылган бул планетада өз жылдыздарынын жанында жаңы жаралган планеталардын бардык мүнөздөмөлөрү бар. Бирок бул планетанын жылдызы жок. Мурда ушул сыяктуу жалгыз объекттер бардыгынан шек саначумун. Азыр жылдызы жок планеталар бар экени айкын болду", – деп "Спейс эксплорейшн нетйоркко" Гаваи университетинин Астрономия институтунун профессору Майкл Лиу айтты.

Жакында табылган PSO J318.5–22 планета жанында жарык жылдызы жок өз алдынча кезип жүргөндүктөн, аны изилдөө жеңил болот. Көбүнесе, планеталарды изилдөөдө алар айланган жылдыздарынын нуру маалыматтарды талдоодо кыйынчылык жаратат. Бул планета күтүүсүз жерден эле табылып калган. Күрөң нур тараткан эргежээл жылдыздарды, же орусча айтканда – карликовая звезданы, издеп жатканда, кыпкызыл нур тараткан бир нерсенин белгилери "Пан-СТАРРС–1" телескобунун дүрбүсүнө кокустан илинген. Бул космодүрбү бир күндө эң азы 60 миң сүрөттү биздин планетага жөнөтүп турат.

Кокустан табылган планетанын курагы жаш экенин НАСАнын эки телескобу да тастыктаган.

Марска камынган "Брижит"


Космоско дүрбү салган АЛМА телескоптору, Атакама чөлү, Чили
Космоско дүрбү салган АЛМА телескоптору, Атакама чөлү, Чили
Ал эми биз байырлаган Күн системасына келсек, "Брижит" деп аталган кызыл планета атыккан Марсты изилдөөчү көлүк-роботту сыноо иштери башталды.

Европа космос агенттигинин "Астриум" ишканасы иштеп чыккан илимий көлүк башка планеталарды изилдөөдөгү жаңы технологияларды колдонууга жана жаңы ачылыштарды жасоого өбөлгө түзөт. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Планетабыздагы Чили өлкөсүндө Атакама чөлү Марстын жер кыртышына эң окшош жер. Марстагыдай Атакама чөлүндө бир да жандык жашабайт, жашоонун эч кандай белгилери жок кызыл-топурактуу жер. Дал ошол жерде "Брижит" көлүк-роботу сыноодон өтүп жатат.

Чилидеги сыноо иштери көлүк-роботтун Марска учканга чейин иш жөндөмүн жакшыртууга шарт түзөт. Европа космос агенттигинин "ЭкзоМарс" долбоорунун алкагында "Брижит" илимий изилдөө көлүк-роботу планетабыздан 560 миллион чакырым алыстыктагы Марска келечекте адамдарды учуруу шарттарын аныктоого алгачкы кадам деп сыпатталууда.

Учурда Американын улуттук космос агенттиги - НАСАнын 2 жарым миллиард доллардык "Кюриёсити" көлүк-роботу Марсты изилдеп жатат.

"Брижит" көлүк-роботу алты дөңгөлөк менен жабдылган. Ал Марстын үч-мерчемдүү сүрөттөрүн тартканга да кудуреттүү. Ошондой эле эки метр тереңдикке чейин Марстын кыртышын казып, аны өзүнүн ичинде орнотулган лабораторияда изилдөөгө да жарамдуу.

Спутник - шарапчылардын жаңы "досу"


Армениянын Армавир областындагы жүзүм талаасы, 15.10.2012
Армениянын Армавир областындагы жүзүм талаасы, 15.10.2012
Марстан өзүбүздүн планетабыздын орбитасына келсек, шарапты экспорттоо Францияга ири пайда алып келгени баарына маалым. Анын сыңары, кээ бир шарапчылар (винодел) шарапты жасоодо спутникти колдонуп, шараптын даамын жакшыртканга жетишти.

Европа космос агенттигине караштуу "Астриум" ишканасы маалымдагандай, "Оэновью" кызматы спутник аркылуу жүзүм талааларын сүрөткө тартып, аларды талдап чыгат. Июль айында шарапчылар жүзүмдүн канчалык бышканын аныктайт. Аларга көмөк катары "Оэновью" кызматы Кооперативдик шарап институту менен биргелешип, спутниктин жардамы менен ишке ашкан программаны ойлоп тапкан.

Спутникте орнотулган эки агрономиялык сенсор жүзүмдүн канчалык бышканын, жандуулугун жана жалбырагындагы хлорофиллдин деңгээлин талдап чыгат. Бул маалыматтар жүзүм өстүрүүдө абдан маанилүү болуп эсептелет. Спутник тарткан сүрөттөрдүн негизинде шарапчылар кайсыл талаадагы жүзүм канчалык бышканын жана аны качан жыйнарын тактай алышат. Өз кезегинде бул усул шарапчыларга шараптын сапатын жогорулатууга жана кирешесин арбытууга чоң шарт түзөт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG