Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Орус илимпозунун иши генетиктерди дүрбөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвалык окумуштуу-микробиолог Денис Ребриков балдардын генин түйүлдүк кезинде модификациялоо планын жарыя кылды.

Илимпоздор чөйрөсү Орусияда түгүл дүйнөдө геномду модификациялоо боюнча мыйзам жок кезде мындай тобокелчиликке баруу опурталдуу экенин эскертти.

Профессор Денис Ребриковдун максаты - балдарды ВИЧ инфекциясынан коргоо. Ал үчүн, илим чөйрөсүндө кадыр-барктуу «Nature» журналынын жазганы боюнча, CCR5 гени редакцияланат жана редакцияланып өзгөртүлгөн гендин коду муундан муунга берилип турат экен.

Молекулярдык биолог Денис Ребриков - Москвадагы И. Пирогов атындагы Орус улуттук медициналык изилдөөлөр университетинин илимий иштер боюнча проректору.

Кытай генетиги Хе Цзянкуйдун изи менен

Жасалма жол менен генетикалык коду өзгөртүлгөн биринчи балдар былтыр ноябрда Кытайда туулган. Эксперименттин автору Хе Цзянкуй кишинин ДНКсын өзгөртүүнүн опурталдуу жактарын эске албаганы үчүн илимий чөйрөнүн катуу сынына кабылган. Ал эми кытай генетигинин илимий планы менен кабардар окумуштуулар «эксперименттин кооптуу жактары жөнүндө айтып чыгышкан жок» деп сынга кабылган.

Окумуштуу өзү Лулу жана Нана деген эгиз кыздардын организмин жаңы оорулардан коргонууга жөндөмдүү кылууну көздөп, алардын ДНКсын редакциялаганын билдирген.

Кыздардын атасы ВИЧ/СПИД инфекциясы бар деген кеселдердин тизмесинде болгон. Ошондуктан окумуштуулар инфекция балдарга алар жатында түйүлдүк иретинде пайда болгондон мурда ВИЧи бар эрендик менен берилиши ыктымал деп кооптонушкан.

Хе гендик инженериянын CRISPR-Cas9 деген усулун пайдаланып, пробирканын ичиндеги көбөйтүлгөн жумуртка клеткаларындагы ССR5 генин редакциялаган. Бул ген вирустун клеткага киришин камсыздоочу белокту өндүрүүгө жооптуу.

CRISPR-Cas9 технологиясы 2010-жылдары генетикада революция жасаган. Анын негизинде бактериялар, өсүмдүктөр жана жан-жаныбарлардын гени илимий максатта модификацияланган.

Проф. Ребриковдун гендерди редакциялоо же кишинин түйүлдүгүндөгү CCR5 генин CRISPR-Саs9 усулун пайдаланып редакциялоо же тийиштүү жерин кесип алып салуу боюнча тажрыйба өткөрүп жатканын былтыр октябрда «Вестник Российского государственного медицинского университета (РГМУ)» журналы кабарлаган. Бирок кабарга илимий чөйрө көңүл бурган эмес. Себеби, биринчиден, журнал илим дүйнөсүндө анча белгилүү эмес; экинчиден, кишинин уруктандырылган жумуртка клеткасын андан ары жатынга салбай өстүрүү демейдеги иш эле.

Жети айдан соң Денис Ребриков «Nature» журналына балким 2019-жылдын аягына карата генетикасы модификацияланган балдарды өстүрө баштаарын айткандан кийин илимпоздор будуң-чаң түштү.

Хэ Цзянкуй өз экспериментин Лулу жана Нана туулганга чейин жашыруун сактаган. Анын усулу боюнча балалуу болууга 200 түгөй макул болгон. Кытайда жасалма жол менен уруктандыруу - табигый жол менен балалуу боло албаган түгөйлөр үчүн кымбат жана таңсык процедура: 7,5 миллион кишиге бир (1) ЭКО* клиника туура келет жана процедура орточо 36 миң доллар турат. Андан тышкары ВИЧ инфекциясы жуккан жарандар ЭКО жасата алышпайт. Орусияда жалпы медициналык камсыздоо полиси барлар мындай операцияны бекер жасата алышат.

Профессор Денис Ребриков.
Профессор Денис Ребриков.

Д-р Ребриковдун билдиргенине караганда, ал да CCR5 генин модификациялаганы менен, эксперимент үчүн аялы ВИЧи бар деген макамга ээ болгон түгөйлөрдү гана алат. Берегидей макамы бар аялга антивирустук терапия жакшы таасир этпейт. Ошон үчүн экспериментте тобокелчилик 0,5-0,8% түзөт.

Орусияда, проф. Ребриковдун айтымында, 30 000-50 000 кеселдин ичинен ВИЧи бар бир гана аял антивирустук терапияга начар реакция кылышы ыктымал.

Ал түйүлдүктү модификациялаш үчүн үч нерсени жүйө келтирүүдө. Биринчиден, тукум кууган сейрек оорулар абдан аз. Экинчиден, эрди-катында коркунучтуу мутация болсо да, алардын уруктандырылган жумуртка клеткасы соо болушу мүмкүн. Үчүнчүдөн, ЭКО учурунда таза түйүлдүктөр тандалып алынат.

ДНКны өзгөртүүнүн коркунучу

Арийне, д-р Ребриков түйүлдүктү редакциялоодо тобокелчилик бар экенин танбайт жана Орусиянын өзүндө да эксперимент үчүн Кытайдагыдай бирдиктүү регламент иштеп чыгыш керек экенин айтат.

Адистердин айтымында, Орусияда тийиштүү мыйзам кабыл алынган учурда да, ал мыйзам кишинин генин модификациялоо боюнча 2015-жылы өткөн эл аралык саммитте кабыл алынган коммюникеге каршы келет. Коммюнике генди модификациялоо технологиясын колдонууда кооптуу жагдай болбошу үчүн андай кадамга баргандан мурда коомдун макулдугун алууга милдеттендирет. Азырынча бул талаптын бири да аткарыла элек.

Окумуштуулар эгер д-р Ребриковдун эксперименти ийгиликтүү болсо, CCR5 гени менен соо бала туулганы менен, ага ВИЧ инфекциясы жуккан жок деп кепилдик берүү мүмкүн эмес деп кооптонушат. Себеби, CCR5 генине доо кеткендер безгекке чыдамсыз болушарын жана алардын арасында тумоолоп өлгөндөр көп экенин Батыш Нилдеги изилдөөлөр көрсөткөн. Андай бир жуп модификацияланган гени барлардын 76 жашка чейин жашоо шансы соо адамдардан 20% аз болорун 400 миңден ашуун ыктыярдуулар менен жүргүзүлгөн изилдөө айкындаган.

Генетикалык модификация жана CRISPR-Cas9 боюнча дүйнөдөгү белгилүү аалымдардын бири Гаэтан Бурджио (Gaétan Burgio) CCR5 генин редакциялоодон медициналык пайда жок деп эсептейт. «Бул ВИЧтен сакташы мүмкүн, ошол эле кезде башка инфекциялардын жугуу коркунучун көбөйтөт. Биз ВИЧтин клеткага киришинде CСR5 аткарган роль жөнүндө жетиштүү билгенибиз менен, анын мутациясы метаболизмге, төрөткө жана башка нерселерге кандай таасир эткени тууралуу өтө аз билебиз», - дейт д-р Гаэтан Бурджио «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «кишинин геномун модификациялоого көз салуу жана башкаруунун глобалдык стандартын иштеп чыгуу боюнча» эксперттик-консультативдик кеңеш түзгөн. Кеңеш стандартты эрте дегенде бир жылда иштеп чыгышы мүмкүн.

Бул кеңештин кээ бир мүчөлөрү д-р Ребриковдун дымагын «жоопкерсиздик» жана «бейбаштык» деп сыпатташты. Анын ичинде АКШнын Тамак-аштын жана дары-дармектердин сапатына санитардык көзөмөл башкармалыгынын мурдагы мүдүрү Маргарет Гамбург (Margaret Hamburg) орусиялык генетиктердин «акыр аягы керекке жарачу нерсени жасагандай тиштери курч эмес» деди. Башка бир илимпоздор Д. Ребриковдун планын «акылсыздык» же «тайгак жолду тандап алуу» деп мүнөздөштү.

Д-р Ребриковдун генди модификациялоо боюнча планын бир топ орусиялык аалымдар да туура көрүшпөйт. Федералдык медико-генетикалык илимий борбордун мүдүрү С. Куцев «дүйнөдө түйүлдүктү коопсуз редакциялай ала турган бир да лаборатория жок, непадам бир генге зыян кетсе, укумдан тукумга берилчү ооруга себепчи болот» деди.

Бүгүнкү медициналык технологияларды пайдаланганда ВИЧ жуккан ата-энелердин дени таза балалуу болуу мүмкүнчүлүгү 99% түзгөндүктөн, д-р Ребриков каалагандай операцияны жасоонун кажети жок, деп эсептейт Сергей Куцев.

Ребриковдун окуясы Орусияда генетикалык технологияны көзөмөлсүз пайдалануудан жарандарды коргогон укуктук документтер жок экенин айкын кылды. Британияда түйүлдүктөрдү илимий максатта редакциялоого уруксат берилген жана бул иш коом менен мамлекеттин көзөмөлү астында жүргүзүлөт.

*ЭКО-экстракорпоралдык уруктандыруу же жардамчы тукум улантуучу технология.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG