Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Анардын ширеси "алсыз" эркекти күчтүү кылат


Анар
Анар

Эс-тутум бир мээден башка мээге көчүрүлдү. Байыркы кытай мигранттары Түштүк Чыгыш Азияга дыйканчылыкты жайылткан. Анардын ширеси эркектердин бел күчүн арттырат. Мектеп окуучусу робот-терезе жуугуч ойлоп тапты.

Анардын касиети

Анардын ширеси белге күч берчү виагра дарысындай эле касиетке ээ. Муну шотландиялык окумуштуулар (Queen Margaret University, Edinburgh) далилдешти. Экспериментке ыктыярдуу катышкан 21 жаштан 64 жашка чейинки курактагы 58 эркекке эки апта бою анардын жаңы сыгылган ширеси берилген.

Эки жумадан соң береги эркектердин канындагы гормоналдык тестостерондун деңгээли көбөйгөнү аныкталган. Мунун натыйжасында эркек таналардын сексуалдык активдүүлүгү жакшырган.

Эгер эксперимент алдында алардын канындагы тестостерон 16% барабар болсо, эки жумадан кийин ал эки эсеге жакын көбөйгөн. Алар өздөрү да сексуалдык ышкысы "жанданганын" мойнуна алышкан.

Анардын ширеси аялдарга да ушундай эле таасир этип, андан тышкары сөөк жана булчуңдарын чыңалтып бекемдеген.

Америкалык окумуштуулардын 61 эркек менен үч ай өткөргөн изилдөөсү да (Keck School of Medicine, University of Southern California) анардын ширеси магдыры жокторго (эректи́льная дисфу́нкция (ЭД), импоте́нция (лат. Impotens - магдыры жок) жардам берерин тастыктады. Алар күнүнө 240 миллилитр анардын ширесин ичип турган.

Анарды алкоо каадасы. Армения
Анарды алкоо каадасы. Армения

“Магдыры жок эркек таналар үчүн ден соолукка пайдалуу диетаны сактап, денени чыңачу көнүгүүлөрдү жасоо кажет. Күн сайын анардын ширесин ичүү мындай диетанын маанилүү элементи”,-дейт изилдөөнүн авторлорунун бири, профессор Харин Падма-Натан (Harin Padma-Nathan).

Статистика дүйнөдөгү ар он эркектин биринде магдыры жок экенин көрсөтөт, АКШда андай эркектердин саны 10 миллиондон 30 миллионго чейин.

Буга чейинки изилдөөлөр анардын ширеси жүрөк ооруларын болтурбай турган жана кандын жүгүрүүсүнө көмөктөшчү антиоксиданттарга бай экенин көрсөткөн.

Эске тутчу нерсе: мөмөнүн ширесин ач карын ичкенге болбойт. Себеби, ичке ичеги фруктозаны сиңирип аш кыла албайт жана ал бул абалында жоон ичегиге барганда микроорганизмдерди жабыркатат. Ширенин кантынын негизги бөлүгү ичке ичегиде сиңип аш болот. Ошондуктан, мөмөнүн ширесин курсакты тойгузуп алып, аз-аздан ичүү сунуш кылынат.

(Булагы: http://www.dailymail.co.uk, https://sherbrooktimes.com, http://www.science20.com)

Түштүк Чыгыш Азияны байыркы Кытай дыйкандары өзгөрткөн

Кишинин 4000 жылдык скелетинин ДНКсына жасалган анализ Түштүк Кытайдан чыккан мигранттар байыркы Түштүк Чыгыш Азиянын айыл чарбасына жана тилине чоң өзгөрүүлөрдү алып келгенин көрсөттү. Алар көчүп отуруп, бүгүнкү Вьетнамдан Мьянмага чейинки мейкиндикке күрүчтү жана арпаны жайылткан.

"Кытайлык мигранттар жергиликтүү аңчы-жыйноочулар менен алгачкы ирет 4 миң жылдай мурда, кайра 2 миң жылдан соң куда-сөөк болуп, кан аралашкан" деп бүтүм жасалат Гарвард Медицина мектебинин аалым-генетиги Марк Липсон (Mark Lipson, Harvard Medical School) жетектеген илимий топтун изилдөөсүндө.

Бул жер которуу Түштүк Чыгыш Азияга дыйканчылык менен кошо австроазия тилдерин жайылткан. Түштүк жана Түштүк Чыгыш Азиянын кээ бир бөлүктөрүнүн эли бүгүнгө чейин австроазия тилдеринде сүйлөшөт.

Күрүчтүн көчөтүн отоп жүргөн индиялык шалычылыр.
Күрүчтүн көчөтүн отоп жүргөн индиялык шалычылыр.

Соңку 20 жылда чогултулган археологиялык табылгалар 4500 - 4000 жыл мурда Түштүк Чыгыш Азияда күрүч менен кошо Түштүк Кытайга мүнөздүү дыйканчылык куралдары жана чопо идиштер пайда болгонун күбөлөйт.

Вьетнамдан Индияга чейин табылган австроазия тилдеринде күрүч жана айыл чарбасына тиешелүү сөздөр бар экени Кытайдын түштүгүнөн көчүп келген байыркы мигранттар австроазия тилинде сүйлөшкөнүн далилдегени айтылат.

“Байыркы кишилердин ДНКсы тарыхка чейинки элдер (prehistoric people) мурда эсептелгенге караганда алда канча мобилдүү жана жаңыны чалгындап билгенге дилгир болушканын айгинелейт”,-дейт бул изилдөөгө катышпаган археолог Чарльз Хайам (Charles Higham, University of Otago in Dunedin).

Марк Липсон башында турган окумуштуулар тобу Түштүк Чыгыш Азиядагы беш байыркы конуштан табылган 18 кишинин скелетин изилдешкен. Болжол менен 4100-1700 жыл мурда жашаган кишилерге таандык делген береги сөөктөр Вьетнам, Мьянма, Таиланд жана Камбоджада табылган.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, http://www.sciencemag.org)

Окумуштуулар эс-тутумду бир мээден башка мээге көчүрдү

Окумуштуулар үлүлдөрдүн электр тогунан шок алган нерв системасынан рибонуклеин кислотасын- РНК1 алышып, РНКны берегидей тажрыйбасы жок бир нече деңиз үлүлүнө инъекция кылышкан. Ошондо инъекция жасалган үлүлдөр токтон шок болуп, сезгенип калган үлүлдөрдөй эле 40 секундага жакын бүрүшүп турган.

Экспериментке катышкан үлүлдөрдүн куйрук жагына 20 мүнөт бою алсыз электр тогу менен сайгыланган. Бул эксперимент 24 сааттан соң кайра кайталанган. Ток минтип “машыктырылган” үлүлдүн куйругуна тийгенде, ал мындай тажрыйбасы жок үлүлдөрдөн мурда тездик менен башка орунга жылып кеткен. Эгер “тажрыйбалуу” үлүлгө коркунучту туюп, кооптуу жайды таштап кеткенге 50 секунда керек болсо, “тажрыйбасыз” үлүлдөр 50 секундадан кийин гана жан сактоонун амалын ойлоно баштаган.

Илимпоздор сенсордук нерв клеткаларын Петринин чөйчөгүнө2 салып изилдешкенде да алар өздөрүн шоктон сезгенип калган үлүлдөрдөй алып жүргөн.

Бул изилдөөнүн авторлорунун бири, Лос-Анжелес шаарындагы Калифорния университетинин профессору Дэвид Гланцман (David Glanzman, University of California, Los Angeles (UCLA)) айткандай, алар эксперименттин натыйжасында “эсте сакталган маалыматты көчүрүп же бере алышты”.

Aplysia үлүлү
Aplysia үлүлү

“Деңиз үлүлдөрү жырткычтардан кооптонгон кезде, жашынуу үчүн кооз кырмызы сыя бөлүшөт,- дейт профессор Дэвид Гланцман.- Деңиз үлүлдөрү ушинтип “жаны чыккан абалга” түшкөнү менен денеси жабыркабайт”.

Береги илимий эксперимент үчүн аплизия (Aplysia) үлүлү колдонулган.

Узак мөөнөттүк эске тутуулар мээнин синапсисинде же нерв клеткалары туташкан жерде сакталат деп эсептелчү. Ар бир нейрондо бир нече миңге чейин синапс 3 болот. Гланцмандын айтымында: “Эгер эсте сакталган окуялар синапсистерде сакталса, биздин эксперимент иштемек эмес”.

Мындай эксперименттерди улантуу акыр-аягында кишинин эс-тутумун дарылоого жол ачышы мүмкүн. Мисалы, Альцгеймер илдетине кабылган адамдардын эс-тутумун калыбына келтирүүгө жана киши эстегенде кыйналган окуяларды өчүрүүнү мүмкүн кылышы ыктымал экенин айтышат окумуштуулар.

Аплисия үлүлү илимий изилдөөлөр үчүн узактан бери колдонулуп келет. Себеби алардын дене клеткаларында жана молекулярдык деңгээлде жүрчү жараяндар кишинин денесиндеги жараяндарга окшош болот. Анын үстүнө үлүлдөрдүн мээ түзүлүшү кишинин мээсине караганда алда канча жөнөкөй. Эгер үлүлдүн мээсинде 20 миң нейрон болсо, кишинин мээсиндеги нейрондордун саны 100 миллиардга барабар.

***************

1Рибонуклеин кислотасы- бардык тирүү организмдердин клеткаларында бар. Ал гендерди коддоодо, окууда, регуляцияда жана бөлүп көрсөтүүдө маанилүү роль ойногон үч негизги макромолекуланын бири.

2Петринин чөйчөгү (англисче Petri plate же cell-culture dish)- микроорганизмдерди өстүрүү үчүн микробиологияда колдонулчу цилиндр формасындагы же пластикадан жасалган жалпак чөйчөк. Немис бактериологу Юлиус Рихард Петринин (Julius Richard Petri) урматына петринин чөйчөгү деп аталган.

3Синапс- (грек тилиндеги synapsis- жалгоо, туташуу деген сөздөн) нерв клеткалары-нейрондордун бир бири менен жана башка органдардын клеткалары менен туташкан (байланышкан) бөлүгү.

(Булагы: https://www.theguardian.com, https://www.nytimes.com)

Илимий ачылыш жасаган мектеп окуучулары

Майдын ортосунда (13.05-19.05) Пенсильваниянын Питтсбург шаарында өткөн Intel Эл аралык илимий-техникалык жармаңкеси (Intel International Science and Engineering Fair -ISEF) өзгөчө сөзгө арзыйт. Бир аптага созулган жармаңкеге 81 өлкөдөн 1790 окуучу катышты. Алар ойлоп тапкан 1383 долбоор 20 категория боюнча күч сынашып, алардын эң мыктыларына жалпысынан 5 миллион доллар сыйлык берилди. Ошолордун эң мыкты эки эмгегине токтололу.

ISEF мектеп окуучулары жасаган илимий-техникалык ачылыштарды 1950-жылдан бери сыйлайт.

Жармаңкеде 19 жаштагы жогорку класстын окуучусу (Австралия) Оливер Николлс (Oliver Nicholls') көк тиреген имараттардын терезесин жууган роботту ойлоп тапканы үчүн баш байге жана 75 миң долларлык стипендия менен сыйланды. Ага береги долбоор үчүн Гордон Эл Мур (Gordon E. Moore) атындагы сыйлык да ыйгарылды.

Оливер ойлоп тапкан робот-терезе жуугучтун салмагы 12 килограммдан 15 килограммга чейин. Ал айнектин бетине суу бүрккөндө жумшаган кирди микрофибр менен капталган скруббер* сүртүп тазалайт. Айнектин бетинде калган сууну автокөлүктүн терезе шыпыргычындай пластик кыргычы үйлөп жок кылат.

Робот бир терезени жууп (тазалап) болуп, башка терезеге өтүү үчүн батперегин (пропеллерь) пайдаланат. Биринчи батпереги айланып, артка түртүлгөн учурда, экинчи батпереги аны айнектен алыстатпай кармап турат.

Оливердин айтымында, робот-терезе жуугуч жети кабаттуу имараттын терезелерин жууса эле өзүн актайт же аны жасоого кеткен чыгымды жабат.

Конденсаторлор (Capacitors) батареялардан айырмаланып, энергияны электр заряды-электрон (атомдун тескери заряддалган бөлүкчөлөрү) түрүндө сактайт. А супреконденсаторлор, аты айтып тургандай эле, чоң зарядды сактайт жана зарыл учурда энергияны берет. Алсак жүрөк кысылганда аны активдештирүүчү- дефибрилляторго.

Суперконденсаторлорду жасоодо платина сыяктуу кымбат металл пайдалангандыктан, анын баасы кымбат болот: 300 доллардан 4000 долларга чейин.

Арканзастык окуучу Мегана Боллимпалли (Meghana Bollimpalli) суперконденсаторду арзан кылгандын жолун ойлоп тапкан. Ал көп электронду сактоо үчүн курамын көмүрдүн кычкылтегине бай, арзан жана жаратылышта көп кездешчү материалды издеп, ал үчүн танинге бай чайдын жалбырагын колдонгон. Даамы ачуу танин көмүрдүн кычкылтегине бай болот.

Мегана танинге курамында бир-эки чымчым азот жана фосфору бар ингредиенти кошуп, микротолкундуу электрмеште 30 мүнөт кармап, көмүр кычкылтектүү күлмайда (порошок) даярдаган.

Суперконденсатордогу электроддорун бетине береги күлмайданы жалатып койсо же аны катуу ныктап, электрод жасап койсо болот. Ушинтип 17 жаштагы окуучу кыз ойлоп тапкан материал бүгүнкү суперконденсаторлордогу заряддын дээрлик 90% тете энергияны сактай алат. Андай күлмайданы жасаганга 1 долларга жетпеген акча керек экени айтылат.

Мегана Боллимпаллинин илимий табылгасы химия категориясында эң мыкты деп табылып, 50 миң доллар сыйлык берилди.

*Скруббер (англ. “scrubber”, англис тилиндеги scrub- “кыруу”, “тазалоо” деген сөздөн жаралган).

(Булагы: https://www.sciencenewsforstudents.org, http://www.digitaljournal.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG