Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Келечектеги калкыма калаа


Калкыма шаардын бир көрүнүшү.
Калкыма шаардын бир көрүнүшү.

Зыяндуу микробдорду күм-жам кылчу технология. Калкыма калаа - келечектин шаары. Дүйнө калкынын маанайы чөгүп баратат. Алтын Ордо дооруна таандык астынан жылытылчу кыш керебет табылды.

Коркунучтуу микробдорду тыптыйпыл кылчу технология

Абадагы өмүргө коркунучтуу микробдордун 99,9% жок кылчу технология Мичиган университетинде (University of Michigan) иштелип чыкты. Америкалык окумуштуулар аба аркылуу берилчү опурталдуу вирустардан абаны тазартыш үчүн зарделүү бөлүкчөлөрү электр менен дүрмөттөлгөн муздак газды же муздак плазманы пайдаланууну сунуш этишти. Бул технология медицинада жана тамак-аш ишканаларында кеңири колдонулуп жүргөн.

Абадагы микробдор жана вирустар өңдүү коркунучтуу патогендерди секундага жетпей жок кылуучу технологиянын мааниси эбегейсиз чоң.

«Оорулардан коргонуунун эң татаалы - аба жолу. Себеби, биз дем алып жатканда зыяндуу микробдордон дээрлик коргоно албайбыз», - дейт доцент Херек Клак (Herek Clack).

Киши оозуна наар албай үч жума жашай алат. Аба жок болсо үч мүнөттөн көпкө чыдабайт. Ошондуктан таза абанын мааниси зор.

«Изилдөөнүн жыйынтыгы муздак плазма аба аркылуу берилчү вирустарды тыйпыл кылууда аябай натыйжалуу экенин көрсөттү, - дейт Криста Виггинтон (Krista Wigginton). - Абаны дезинфекциялоонун технологиясы өтө эле чектелүү болгондуктан, бул абдан маанилүү табылга».

Аба аркылуу жугуучу оорулар кишиге жеңил өтөт жана дем алуу органдары өмүр үчүн кооптуу дартка чалдыгышы мүмкүн. Ошон үчүн абадан жугуучу оорулар - коомдун саламаттыгы үчүн чоң машакат. Ал үчүн окумуштуулар абаны таза сактачу технологияны иштеп чыгууга катуу аракеттенишкени менен азырынча чоң ийгиликке жетише элек болчу.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, жыл сайын сасык тумоонун кесепетинен 3 миллиондон ашык адам оор дартка кабылат, 290 миңден 650 миңге чейин адам көз жумат.

1918-1919-жылдары сасык тумоо вирусунун эң коркунучтуу пандемиясы - испан сасык тумоосу (H1N1) 250 миң кишиге жуккан жана 40 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алган.

Аба аркылуу вирустары жайылчу ооруларга сасык тумоо, суук тийгизип алуу, суу чечек, эпидемиялык паротит (май чукурдун сезгенип шишиши) жана кызылча кирет. Көпчүлүк ата-энелер балдарын кызылчага каршы эмдетпегендиктен, кызылча коомдук саламаттык үчүн акырын жарылчу бомба деп аталып жүрөт. Кызылчанын алдын алуунун жападан жалгыз жолу - эмдөө (вакцинация).

Вирустар соо кишилерге оору кишилер чүчкүргөндө же жөтөлгөндө жугушу мүмкүн.

Сасык тумоо да вирусу аба аркылуу эң көп берилген жугуштуу оорулардын бири деп саналат.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.sciencedaily.com)

Дүйнө калкынын маанайы кантип өзгөрдү?

Стресс. Кыжыр кайноо. Тынчсыздануу. Кишинин маанайы менен жүрүм-турумуна тескери таасир эткен бул көрсөткүчтөр 2018-жылы дагы күч алган. Буга «Gallup» уюмунун «Эмоциянын глобалдык абалы» деген соңку баяндамасы далил. Ал 140тан ашык өлкөдөгү 151 миңден көп адамды сурамжылоонун негизинде даярдалган. Аларга «Кечээ өзүңүздү кандай сездиңиз, көп күлүп жылмайдыңызбы, капаландыңызбы, ачууландыңызбы?» деген сыяктуу суроолор берилген.

Былтыр АКШнын экономикасы (ИДП) 3% өскөн. Бирок сурамжылоого катышкан америкалыктардын 55% дээрлик күн бою стресстик абалда жүргөнүн, 45% жаны кыжаалаттан чыкпаганын, 22% көп кыжырданганын айткан.

Дүйнөлүк орточо көрсөткүч: стресс боюнча 55%, тынчсыздануу боюнча 39%. Бул жагынан 2012-жылдан бери көч башында Грекия (59%) келатат. Бул ар бир көрсөткүч алдыңкы жылдардагы максимумга барабар же андан бийик.

Эң аз стресс болгон эл Түркмөнстанда (10%) жана Индонезия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанда - баарында 13%.

29 өлкөдө көпчүлүк адамдар күн бою бушайман болуп жүргөнүн айтышкан. Бул тизменин башында Мозамбик (63%), Чад (61%), Бенин (60%) турат. Ал эми көөнү ток же аз тынчсызданган жарандар Тайванда (12%), Кыргызстанда (18%), Казакстанда (19%) жашашат.

«Gallup» өткөргөн сурамжылоо Африка өлкөлөрүндө маанайы пас адамдар көп экенин көрсөттү: Чад 54%, Нигер 49%, Либерия 47%. Ушинтип чаддыктар дүйнөдөгү эң муңдуу жана көп забын көргөн эл деп табылган. Себеби Чаддын экономикасы 2014-жылдан бери рецессияда; 15 миллион элдин 6 миллиону эптеп жан багат; алар үчүн таза суу, медициналык тейлөө, электр энергиясы - кыял.

Дүйнөдө 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу катуу кыжырданган адамдар 2%, жаны бушайман жана капа болуп жүргөндөр 1% көбөйгөн.

Жарандар бири-бирине ызат менен мамиле кылган өлкөлөрдүн топ башында Эквадор, Парагвай, Уругвай, Өзбекстан турат. Бул төрт өлкөдө сурамжылангандардын 3% гана аларга татыктуу мамиле кылынбаганын айтышкан.

Көңүл чөгүү жана башка тескери эмоция кишинин ден соолугуна зыян. Катуу ачуулануу инсультка жана башка жүрөк илдетине шыкакчы болот. Такай бушайман абалда жана көңүлсүз жүрүү депрессияга жетелейт.

(Булагы: https://www.gallup.com, https://eu.usatoday.com)

Калкыма калаа - келечектин шаары

Бүгүн дүйнө калкынын 56% шаарларда жашайт. Ылдам урбандашуу шаар элинин ашыкча көбөйүшүнө, турак жай курууга зарыл жерлердин тартыштыгына алып барат. Пландоодогу кемчиликтер, өндүрүштүн жана керектөөнүн өсүшү шаарлардын булганышына, айлана-чөйрөнүн начарлашына түрткү берет.

Бул абалдан чыгуунун бир жолу - сууда калкыма шаарларды куруу.

БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде 3-апрелде өткөн жыйында айтылгандай, келечекте дүйнө калкынын арбышы менен шаар калкы көбөйөт. 2030-жылы дүйнө элинин 60% шаарда жашаса, 2050-жылы бул көрсөткүч 68% жетет.

БУУнун баш катчысынын 1-орун басары Амина Мохаммед белгилегендей, Лагосто (Нигерия) жердин тартыштыгынан улам кедей-кембагалдар борбор шаардын жакасындагы калкыма айылдарда жашашат. Сингапурда маселе деңиз жээгине таш төгүп, жер аянтын кеңейтүү аркылуу чечилүүдө: 1965-жылдан бери Сингапурдун аянты төрттөн бирге көбөйгөн.

Амина Моххамед калкыма шаарларды курууну «туруктуу келечекти куруунун келечектүү жолу» деп атап, бүгүнкү шаарлар жана шаар эли климаттын өзгөрүшү жараткан коркунучтардан жабыркап жатканына токтолду.

БУУнун маалыматы боюнча, эли 300 миңден көп шаарлардын 60 пайыздан көбүндө циклонго, кургакчылыкка, суу ташкынга, жер титирөөгө жана жанар тоонун жарылышына кабылуу ыктымалдыгы чоң. «Биз бүгүн Нью-Йорк же Найроби сыяктуу шаарларды кура албайбыз»,-деди Амина Мохаммед.

Жыйында дүйнөдөгү биринчи калкыма калаанын «Oceanix City» деп аталган долбоору сунуш кылынды. Аны «Bjarke Ingels Group» (BIG) архитектуралык фирмасы «Oceanix» компаниясы жана Массачусет технологиялык институту (MIT's Center for Ocean Engineering) менен чогуу иштеп чыккан.

«Oceanix City» 10 миң кишиге ылайыкталып, жалпы аянты 75 гектарды түзөт. Шаар модуль-платформадан чогултулган айылдардан турат. Бир айылдын аянты 2 гектар болуп, 300 адамдын жашоосуна, иштешине, эс алышына эсептелген. Алты модуль-платформа бир районду түзөт. Оорлук борбору жапыз жана шамалга туруктуу болушу үчүн имараттар 7 кабаттан төмөн болот. Үйлөр бамбуктан курулуп, жалпак төбөсүндө күн панелдери орнотулат.

Модулдун астындагы металл торду пайдаланып, түрдүү деңиз азыктары өстүрүлөт. Калкыма калаа өзүн өзү суу, энергия менен камсыз кылып, таштандылары 100% кайра иштетилет.

«Oceanix» фирмасынын башчысы Марк Коллинз Чен (Marc Collins Chen) билдиргендей, азыр чоң калкыма инфратүзүм же үй куруунун технологиясы бар.

«Нидерланддарда жана башка өлкөлөрдө мындай миңдеген үйлөр бар. Сөз азыр чоң масштабдагы, бирдиктүү системаны жана айылды куруу тууралуу болуп жатат» - деди М.К. Чен.

(Булагы: https://news.un.org/, https://www.bbc.com, https://newatlas.com)

Астынан жылытылчу таш керебет

Мындай керебет Ростов облусунун Азов шаарында табылганын Азов тарыхый-археологиялык жана палеонтологиялык музей-коругунун окумуштуулары жарыя кылышты.

Алардын түшүндүргөнүнө караганда, бышырылбаган кам кыштан салынган керебеттин астына узунунан түтүн өтчү мор жасалыптыр. Мешке от жакканда жылуу аба керебеттин асты менен өтүп, жаткан адамды жылытып турчу экен.

«Бул өңдүү керебеттер Азак шаарында (бүгүнкү Азов) XIV кылымдын ортосунда кеңири колдонулат. Бирок жаңы табылга Азактын осмон түрктөрү тарыхына таандык», - дейт музейдин илимий кызматкери Александр Минаев.

Азак XIII- XV кылымдарда Алтын Ордонун башкаруусунда болуп, анда 20 000 адам жашаган. 1395-жылы Амир Темирдин аскерлери Европа-Кытай Жибек жолундагы калааны таш талкан кылат. Ал эми 1475-жылы Азакты осмон түрктөрү басып алып, ага чукул жерде Азов сепил шаары түптөлөт.

Учурда археологиялык казуу XIV-XV кылымдардагы Генуя Танасынын ордунда жүргүзүлүүдө. Калаанын Осмон түрктөрүнө таандык бөлүгүндө тамдар жыш жайгашкандыктан, Алтын Ордо мезгилиндеги кыртышты изилдөө мүмкүн эмес.

Керебет табылган чуңкурдан (шурф) металл мыктар, замбиректин коло окторунун жана бышкан чоподон жасалган буюмдардын калдыктары, Испаниянын Кастилия провинциясынын герби басылган белгисиз буюм да чыккан.

Шаарда соодагерлер, балыкчылар, кол өнөрчүлөр жана алхимиктер жашашкан. Азак 1695-1696-жылдары Петр I уюштурган Азов жортуулунун натыйжасында Орус падышалыгына өтөт.

Азов тарыхый-археологиялык жана палеонтологиялык музей-коругунун бөлүм башчысы Андрей Масловскийдин айтымында, астынан жылытылчу кыш керебет Ыраакы Чыгышта ойлоп табылган. Анын технологиясы Волга боюна XIII кылымда монгол-татарлар менен кошо келген.

Бүгүнкү Азов шаарынын теңи XIV кылымдагы Азак шаарынын ордунан орун алган. Ал кезде Азак жүнү баалуу терилерди сатуу боюнча дүйнөдөгү ири базарлардын бири болгон экен.

(Булагы: https://news.rambler.ru, https://rostov.ru)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG