Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Робот "арбактын" илимге салымы


Нейрологиялык же психиатриялык жактан илдети бар айрым адамдар жанында арбактар коштоп жүргөндөй сезилерин айтышат.

Окумуштуулар робот арбакты жасашты

Нейрологиялык же психиатриялык жактан илдети бар айрым адамдар жанында арбактар коштоп жүргөндөй сезилерин айтышат. Ошондой эле талаа-түздө жалгыз жүргөндөр да мындай нерсени байкап калганын угуп жүрөбүз. Швейцариядагы Лозанна политехникалык окуу жайынын окумуштуулары бул сырдын ачкычын табуу үчүн арбактын ролун аткара турган робот жасашты.

Ал робот дени сак адамдардын сезүү жөндөмдөрүн чаташтырып, адам өз кыймыл-аракетин башка бирөө жасап жаткандай сезилген абалга жеткирeт. Aндай абалга жеткенде адамдар көзгө көрүнбөгөн арбак, табышмактуу бир нерсе жанында жүргөндөй сезилип жатканын айтышат.

Кызыктуу изилдөө мурда мээси ар кандай жабырланууга кабылып, учурда жанында арбак жүргөнүн сезип жаткандарга жана дени сак 12 адамга жүргүзүлгөн.

"Биз робот менен эксперимент кылып жаткан маалда дени сак катышуучулардын 30 пайызы аркасында бирөө тургандыгын сезип жатканын айтышты. Экөө болсо коркконунан ишти токтотууну талап кылышты" , - дейт изилдөөчүлөрдүн бири, профессор Бланк.

“Арбак жүргөндүгүн сезүү тарыхта биринчи жолу лабораторияда изилденди. Эксперимент көрсөткөндөй, сезүү органдары чаташып, мээге туура эмес сигнал кеткенде, адам биз кеп кылып жаткандай кубулушка кабылат экен”, - деп түшүндүрөт профессор.

"Бул робот дүйнө жүзүндө кенен тараган “арбак” кубулушун түшүндүрүп гана тим болбой, адамдын мээсинин шизофрения сыяктуу ар кандай илдетке кабылган абалын да изилдегенге жардам берет" деп жазды “Азыркы Биология” (Current Biology) журналы.

Эң кичинекей роботтор

Германиядагы Макс Планк институтунун изилдөөчүлөрү адамдын кан тамырлары аркылуу саякаттай турган, кичинекей, эч кандай батарейка же моторсуз иштеген роботту ойлоп табышты.

“Жаратылыш байланыштары” (Nature Communications) журналына чыккан баяндама боюнча ал роботтор медицинада aр кандай ооруларды дарылоо үчүн колдонулмакчы.

Көптөгөн жылдардан бери эле окумуштуулар дартты дарылоо үчүн кичинекей роботторду колдонууну кыялданып келишкен. Акыркы жылдары изилдөөчүлөр бир канча түрлүү роботторду иштеп чыгышканы менен аларды батарейкасыз же моторсуз адамдын кан-тамырларында кантип жылдыруу керектигине баш катырып жатышкан.

Ал эми жаңы робот таажылуу үлүлгө окшоп жасалып, кабыктарын ачып-жапканда суюктуктар aры-бери жыла алат. Буга батарейка же мотор салынбагандыктан, өтө кымындай болуп жасалып, ал эң ичке кан тамырларда, жада калса көздүн карегинде да жылып жүрө алат. Мындай роботтор адамдын денесиндеги клеткаларга, бездерге дары-дармек ташуу үчүн колдонулат.

Кытай ракетасы Айга барып келди

Кытайдын Айга жиберген ичинде адамы жок космостук изилдөө учагы өткөн ишембиде ийгиликтүү кайтып келип, өлкөнүн Ички Монголия аймагына конду.

Мамлекеттик медиa муну Бээжиндин амбициялуу космос программасынын алдыга кадам ташташы деп сыпаттады.

"Синхуа" жаңылыктар агенттиги маалымдагандай, космостук учак Жер планетасы менен Айдын ажайып кооз, эң жогорку сапаттагы сүрөттөрүн тартып келген.

Учак Айга саякаттап, аны айланып, кайра Жерге кайтып келүү вазийпасын мыкты деңгээлде аткарды. Ракета барган эң алыскы чекит менен Жердин ортосундагы алыстык 413 миң километрди түздү.

Бул миссиянын максаты Айга конуп, анын топурагын алып келүүгө багыт алган, кытайлык “Чеңе-5” деп аталган спутниктин айрым тетиктерин сыноо болчу. “Чеңе-5” Айга 2017-жылы учурулат.

Бээжин өзүнүн мультимиллиард долларлык программасын өлкөнүн глобалдык өсүшүнүн жана технoлогиянын өнүгүшүнүн көрсөткүчү катары карайт.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG