Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:36

Саясатчылардан карапайым жарандарга чейин. Кремль менен тирешип киши колдуу болгондор


Санкт-Петербургдагы зер дүкөнүнүн терезесиндеги Орусиянын президенти Владимир Путиндин (оңдо) жана "Вагнер" тобунун жетекчиси Евгений Пригожиндин сүрөттөрү түшүрүлгөн бет каптар. 2023-жыл, 4-июнь
Санкт-Петербургдагы зер дүкөнүнүн терезесиндеги Орусиянын президенти Владимир Путиндин (оңдо) жана "Вагнер" тобунун жетекчиси Евгений Пригожиндин сүрөттөрү түшүрүлгөн бет каптар. 2023-жыл, 4-июнь

Путиндин өзүнө, Кремлге же мамлекетке каршы чыгып, кийин белгисиз жагдайларда каза болгон же өлтүрүлгөн орусиялыктардын тизмеси өтө узун. Эгер күчтүү делген президентти чабал кылып көрсөткөн козголоңчу Евгений Пригожиндин өлүмү тастыкталса, ал дагы ушул тизмеге кошулат.

Кремлдин бийлик көшөгөсүнөн тартып Чеченстандагы "өлүм талаасына" чейинки коррупцияны, кызматтык кылмыштарды жана кыянат иштерди ачыкка чыгарууга бел байлаган кайраттуу журналист.

Президент Владимир Путинге каршы тынчтык митингдерин жетектеген жана шайлоодогу бурмалоолорду ашкерелеп, Украинадагы орус агрессиясын айыптаган жалындуу саясатчы.

Коомдун ар кайсы катмарларынан 1999-жылдагы турак жайлардагы жардыруулар боюнча шек саналгандан кийин гана бири-бирин тааныган кеминде дагы үч киши (бул тополоңдор экинчи чечен согушуна алып келген жана Борис Ельцин президенттик кызматын өткөрүп берип, отставкага кете электе эле мурда анча белгилүү эмес Путинди таанымал кылган болчу).

Алар таптакыр бири-бирине окшобогон кишилер эле. Айрым учурларда коомдук бейнелери жана адеп-ахлактык багыттары өтө айырмалангандыктан, алардын ысымын бир тизмеде көрүүнүн өзү эле кыжырды келтирет.

Ошентип, Путинди, Кремлди же мамлекетти сындап, эл алдында оппозициячыл маанайдагы билдирүүлөрдү жасап же башка жол менен бийликке каяша кылгандыгы үчүн белгисиз жагдайда өлтүрүлгөн же каза болгон таасирдүү орусиялыктардын тизмеси өтө узун.

Алдыда бул тизме дагы да узарышы ыктымал.

5-май, 2023-жыл. Евгений Пригожин анда көптөгөн сөөктөрдүн жанында туруп, булар снаряд жетишпегендиктен каза болгон өзүнүн "Вагнер" компаниясынын жалданма жоокерлери экенин айткан. Ал Орусиянын аскерий жетекчилигин "вагнерчилерди" колдобой жатат деп айыптаган.
5-май, 2023-жыл. Евгений Пригожин анда көптөгөн сөөктөрдүн жанында туруп, булар снаряд жетишпегендиктен каза болгон өзүнүн "Вагнер" компаниясынын жалданма жоокерлери экенин айткан. Ал Орусиянын аскерий жетекчилигин "вагнерчилерди" колдобой жатат деп айыптаган.

Эгер Евгений Пригожиндин 23-августтагы авиакырсыктан каза болгону тастыкталса, ал дагы ушул тизмеге кошулат. Көпкө чейин көз жаздымда жүрүп, андан кийин эл алдына тайманбастан, оройлук менен жулунуп чыккан бул адам Америкадагы шайлоолорго кийлигишкен жийиркеничтүү "троллдор фабрикасынан" тартып, Африканын бир нече өлкөлөрүндө, Сирияда жана Украинада согушкан жалданма аскерлердин бүтүндөй армиясына чейинки бир катар көмүскө, чуулгандуу компаниялардын артында турган. Алар Бахмут үчүн узакка созулган кандуу кармаштын чордонунда болушкан.

Путиндин мурдагы тилектеши Пригожин өлөрдөн эки ай мурун, июнь айынын аягында, өзү Орусиянын аскер жетекчилигине каршы деп атаган ийгиликсиз козголоңун баштаган. Бирок бул козголоң Путиндин өзүн уятка калтырып, анын даремети канчалык чектелүү экенин ашкереледи – көптөн берки элдин күчтүү жана ишенимдүү делген коргоочусу алсыз бир бечара экендиги көрүндү.

Төмөндө 24 жыл мурун, 1999-жылдын августунда Путин бийликке келгенден бери киши колдуу болуп же күмөндүү жагдайларда каза болгон белгилүү адамдардын айрымдары тууралуу маалымат берилди.

Мында 2000-жылдын августунда согуштук нервди шал кылуучу зат менен уулантып өлтүрүлө жаздагандыгы үчүн Федералдык коопсуздук кызматын (ФСБны) жана жеке Путинди айыптаган мурдагы аскер чалгынчысы Сергей Скрипаль жана камактагы Кремлдин душманы Алексей Навальный сыяктуу ажалдан аман калгандар кошулган жок.

Сергей Юшенков

2003-жылы 17-апрелде тажрыйбалуу саясатчы, Кремлге каршы "Либералдык Орусия" партиясынын лидери Сергей Юшенков Москвадагы үйүнүн алдында атып өлтүрүлгөн.

Сергей Юшенков. 2003-жыл
Сергей Юшенков. 2003-жыл

Юшенков 1999-жылы бир катар турак жайларда болгон жардырууларга Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) катышы бар экенин иликтөөгө аракеттенген либералдык саясатчылардын башында турган. 300дөй адамдын өмүрүн алган жардыруулар үчүн чечен согушкерлери айыпталган. Москва бул теракттан пайдаланып, экинчи чечен согушун баштоого шылтоо кылган.

Анна Политковская

Анна Политковская. 2001-жыл
Анна Политковская. 2001-жыл

2006-жылдын 7-октябрында орусиялык белгилүү журналисттердин бири, Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушунун байма-бай кабарлап турган Политковскаяны өз батиринде атып кетишкен. Анын өлтүрүлүшү өлүм жазасына окшош эле.

2014-жылы кылмышка катышы бар деп эки киши өмүр бою, дагы үчөө узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Бирок маркумдун жакындары, кесиптештери жана Батыш өкмөттөрү орус бийлиги аны өлтүрүүнү уюштургандарды таап жазалаарына ишенишпейт. Анткени тыкыр иликтөө кандуу кылмыштын изин Путиндин өкмөттөгү жан-жөкөрлөнүнө же Чеченстандын Кремль колдогон жетекчилигине алып барат.

Александр Литвиненко

2006-жылы 23-ноябрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкери Лондондо радиоактивдүү полоний-210 менен ууланып каза болгон. Литвиненко 2000-жылы ФСБны олигарх Борис Березовскийди өлтүрүү үчүн кол салуу уюштурган деп айыптагандан кийин Британияга качып кеткен. Кийинчерээк ал 1999-жылдагы турак жайлардагы жардыруулар үчүн ФСБны күнөөлөгөн китепке авторлош болгон.

Британдык иликтөө Литвиненко бир нече апта мурда Лондондогу мейманканалардын биринде орусиялык Андрей Лугов жана Дмитрий Ковтун менен жолугушканда полоний кошулган чай ичкенин аныктаган. Москва аларды экстрадициялоодон баш тартты. 2017-жылы АКШ Магнитский мыйзамы боюнча экөөнү тең "кара тизмеге" киргизген.

Наталья Эстемирова

2009-жылы 16-июлда башына жана көкүрөгүнө ок тийген белгилүү укук коргоочунун сөөгү Чеченстандын борбору Грозныйдан уурдап кетишкенден бир нече сааттан кийин Ингушетиядан табылган.

Наталья Эстемирова Чеченстанда адам укуктарынын бузулушу боюнча жүздөгөн фактыларды, анын ичинде адам уурдоо жана киши өлтүрүү фактыларын иликтеген. Ал иштеген "Мемориал" укук коргоо уюмунун билдиришинче, алгачкы иликтөөлөр бул ишке жергиликтүү коопсуздук органдарынын өкүлдөрү катышуусу мүмкүн экенин көрсөткөн.

Кийинчерээк Эстемированын өлтүрүлүшүн Чеченстандын Кремилге таянган башчысы Рамзан Кадыров уюштурган дегени үчүн "Мемориалдын" жетекчиси Олег Орловду айыпташкан. Орлов акыры акталды.

Сергей Магнитский

2009-жылы 16-ноябрда орус чиновниктерин салык жаатында 230 миллион долларлык көз боёмочулук кылган болушу мүмкүн деп айыптаган бул жактоочу ушундай эле кине менен өзү түрмөгө камалып, бир жылдан соң каза тапкан. Панкреатит менен жабыркаган Сергей Магнитскийге тергөө абагында медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Укук коргоочулардын айтымында, анын камактагы шарты кыйноого тете болгон. Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин маалыматына караганда, ал каза болор алдында катуу сабалган.

2012-жылы АКШ укук бузууларга тиешеси бар орустарга каршы Магнитский актысын кабыл алган. Бул мыйзам виза алууга тыюу салууну жана активдерди тоңдурууну караштырат. Мындай чектөөнү Башка Батыш өлкөлөрү да колдошкон.

2013-жылдын июль айында Орусиянын соту Магнитский өлгөндөн кийин аны салык төлөөдөн качканы үчүн күнөөлүү деп тапты.

Борис Немцов

1990-жылдары саясий жылдызы жанып, бирок кийинчерээк Путиндин элдешкис каршылаштарынын бирине айланган мурдагы губернатор жана реформачыл вице-премьер-министр 2015-жылдын 27-февралында Кремлдин жанындагы көпүрөдө атып өлтүрүлгөн. Немцов 55 жашта гана болчу.

Путин биринчи президент болгон жылдары Немцов либерал депутат катары адилетсиз парламенттик шайлоого жана Путиндин 2012-жылы президенттик тактыга кайтып келишине каршы нааразылык акцияларды уюштуруучулардын бири болгон. Ал 2014-жылы Орусиянын Украинага жасаган агрессиясын айыптап, аны "Орусиянын бетине көө жапкан жүзү каралык, бетпактык" деп атаган.

Киши колдуу болордун алдында ал жана анын шериктери Москванын коңшу өлкөнүн ишине кийлигишкени тууралуу баяндама даярдап жатышкан.

Макаланын англис тилиндеги түп нускасын бул шилтемеден окуса болот. Орусчага которулган нускасы "Азаттыктын" казак кызматынын редакциясынын сайтында жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG