Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Сахарада табият 20 миң жылда алмашып турат


Батыш Сахара.
Батыш Сахара.

20 000 жыл сайын Сахара чөлүндө жана Түндүк Африкада нымдуу аба ырайы кургакчылыкка орун берет. Бул Батыш Африканын деңиз түптөрүндө соңку 240 миң жылда топтолгон чаңдын изин жана торий изотобунун концентрациясын талдаганда билинген.

Кошмо Штаттарда чыгуучу “Science Advances” журналына жарыяланган изилдөөдө климаттын өзгөрүүсү Жердин огунун Күндү айланып баратып өзгөрүшүнө жараша, ал эми бул ар 20 000 жылда жайкысын Күн жарыкты аз беришине себепчи болору айтылат.

Түндүк Африкага Күндүн көп тийүүсү аймакта муссондорду жандандырат. Анын натыйжасында Сахарада климат нымдуу болуп, чөлдү жашыл кымкап каптайт. Ал эми Күндүн жарыгы азайган кезде муссондор кашаң тартып, азыркыдай климат катаалдашат, кургакчылык күчөйт. Муну АКШдагы айтылуу Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуулары аныкташкан.

Береги институттун Жер, атмосфера жана планеталарды изилдөө бөлүмүнүн доценти Дэвид МакГинин айтканына караганда, алардын изилдөөсүнүн натыйжасы Түндүк Африкадагы климаттын тарыхы Сахара жашылданып, анан кургакчыл болгон 20 000 жылдык доор менен эсептелиши ыктымал экенин далилдейт. Ошондой эле дүйнөдөгү эң чоң чөлдүн тарыхын жакшы билүүгө жол берет.

“Биз муну Сахара чөлүнүн тарыхын түшүнүү, бүгүнкүгө окшош катаал убактарга салыштырмалуу кайсы убактар адамдардын чөлгө жайгашуусу үчүн пайдалуу мезгил түрмөгү экенин билүү максатында эсептейбиз” ,- дейт Дэвид МакГи ачылышка байланыштуу сүйлөп.

Сахара - дүйнөдөгү эң чоң чөл.
Сахара - дүйнөдөгү эң чоң чөл.

Жыл сайын түндүк-чыгыш шамалы тонналаган чаңды Атлантика океанына шыпыргандай айдап барып салат. Бирок чаңдын кыйла бөлүгү Батыш Африканын жээктерине отуруп калат. Бул чаң мухиттин түбүндө калың катмарды пайда кылат жана чаңдын калың катмары Сахарада катуу кургакчылык кайсы доорлордо болгонун айтып берсе, чаңы жука катмарлар кайсы доорлор нымдуу болгонун кабарлайт.

Жүздөгөн жылдар бою топтолгон чаңдын катмары Түндүк Африканын климатынын тарыхынын геологиялык жылнаамасы болуп кызмат кылышы да мүмкүн.

Америкалык окумуштуулар деңиздин түбүндө канчалык ылдам топтолгонун билиш үчүн Атлантика океанынын Африка жактагы жээгинин түбүндө акыркы 240 000 жылда жаралган ар бир катмардагы чаңдын изин жана торий изотобунун концентрациясын талдап чыгышкан.

Торий океанда деңиз суусу менен аралаштырылган жалчыбаган аз сандагы радиоактивдүү урандан өндүрүлөт жана ошол замат чөгүп бараткан тунмага (чөгүндү) кошулат. Деңиз түбүнө чаң жана башка чөгүндүлөр жай же узак мезгил топтолгон маалда торийдин концентрациясы көп болот. Ал эми тез жыйналганда, тескерисинче, торийдин концентрациясы аз болот.

Мурда жүргүзүлгөн ушундай талдоо Сахара чөлү нымдуу жана кургак климат арасында, тактап айтканда, ар 100 000 жылда же ошого жакын доордо алмашары тууралуу жыйынтыкка себеп болуп, анын кубулуп турушун илимпоздор муз доорунун циклдери менен байланышта карашкан.

Бул айлампа кандай эсептелгенин доцент Дэвид МакГи 2016-жылдын 4-июнунда Массачусетс технологиялык институтунда жасаган баяндамасында мындайча түшүндүргөн:

- Бизде акыркы 800 миң жылдагы мөңгүлөрдөн бургулап алынган үлгүлөрү (керн) бар. Мөңгү-муздардын көңүл бурчу өзгөчөлүгү: алар көөнө замандагы атмосферанын үлгүлөрүн бузбай сакташат. Биз ошон үчүн байыркы доордогу атмосферадагы көмүр кычкыл газынын (СО2) концентрациясын так эсептейбиз.

Үч жыл мурда окумуштуу түбөлүк турган муздардын катмарынан алынган үлгүлөрдү изилдеп, Жер бетиндеги температура кандай өзгөргөнүн аныктоого болорун да айткан болчу.

Ушинтип чаңдын калың катмары Жер жүзүн муз каптаган доорлорго дал келсе, чаңдын жука катмарлары муз доорлорунун арасындагы мезгилге туш келген. Жаратылыштын бул кубулушу Сахара чөлүндө 20 000 жылдык айлампаны түзгөн. Мындай метаморфозалар, доцент Дэвид МакГи билдиргендей, акыркы 240 000 жылда көп ирет болгон.

Жалпы аянты 9 200 000 чарчы чакырымды ээлеген бул чөлкөмдөн табылган аска таштагы жазуулар, байыркы жан-жаныбарлардын ташка айланып калган калдыктары да Сахара чөлү кайсы бир замандарда эл байырлаган, жапжашыл, көгөрүп турган жер болгонун көрсөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG