Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

"Газпром" түркмөн бийлигин таарынтты


Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухемедов
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухемедов

Орусиядагы борборазиялык мигранттар мекенине кайтышууда. Кытай ишкерлери Казакстандын мамлекеттик ишканаларына кызыгууда. Ташкенде америкалык "Боинг" учактарын ремонттоочу борбор ачылды. Түркмөн бийлиги Москва менен соодалашууда.

"Ведомости" басылмасы Орусиядан кетип жаткан борборазиялык мигранттардын маселесине кайрылды. Акыркы эки жыл ичинде Орусиядагы тажик, өзбек, түркмөн жана молдовандардын саны кескин азайып, келгиндердин агымы токтогон. Эмгек рыногунда алардын ордун кыргыз, армян жана украиналыктар толуктоодо. Бирок ага карабай, Орусияда тазалык жана тейлөө кызматында эмгек күчү жетишпей жатканы макалада айтылат. Айлыгы аз мындай кара жумушка орусиялыктарды тарта албай, жумуш берүүчүлөр кыйналып жатканын басылма белгилейт. Рублдын куну түшкөндүктөн Борбор Азиянын мигранттарына Орусияда иштөө кирешесиз болуп калды.

"Независимая газета" Москва менен Ашхабаддын сүйлөшүүлөрү туңгуюкка кептелгенин жазып чыкты. Орусиялык “Газпром” 25 жылдык келишимге карабай, түркмөн газын алуудан баш тарткандан кийин түркмөн бийлиги Кремлге далысын салган. Бир жыл мурун ооган-түркмөн чек арасындагы коопсуздукту камсыздоодо Москванын жардамынан баш тарткан Түркмөнстан АКШ менен “Мары-2” аэродромуна америкалык аскерий күчтөрдү киргизүү жөнүндө сүйлөшүүлөргө кирген. Борбор Азия боюнча эксперт Александр Князев учурда Москваны так ушул көйгөй убайымга салып жатканын белгилейт. Эксперттин оюнда, орус бийлиги түркмөн газын сатып алууну кайрадан жандандырбаса, ортодогу тирешүү улана бермекчи.

Регнум маалымат агенттиги Казакстандын мамлекеттик ишканаларын менчиктештирүүгө кытайдын ишкерлери катышарын кабарлайт. Былтыр жыл аягында Нурсултан Назарбаев Казакстандагы экономикалык туруктуулукту сактап калуу үчүн чет элдик инвесторлорго жана казак ишкерлерине мамлекеттик ишканаларды жеке менчикке өткөрүү боюнча программаны жарыялаган. Анда жалпысынан жети миң мамлекеттик ишкана жеке менчикке берилери айтылган. Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Ханьхуэй Астана инвесторлорго жакшы шарттарды түзгөнүн жана кытай ишкерлери Казакстанда иштөөгө кызыгып жатканын белгилеген. Буга чейин эки өлкө ортосунда 24 миллиард долларды чапчыган 52 өндүрүштүк долбоор иштеп жатканы макалада баяндалат

РИА Новости маалымат агенттиги америкалык Boeing Co ишканасы Ташкенде учакты оңдоодон өткөрчү борбор ачканын жазып чыкты. Долбоор Өзбекстандын «Узбекистон хаво йуллари» улуттук авиакомпаниясы менен чогуу ишке ашырылмакчы. Ушул жылдын экинчи жарымында толук кандуу ишке кирчү борбордо заманбап үлгүдөгү “Боинг” учактары оңдолмокчу. Негизинен «Узбекистон хаво йуллари» - Өзбекстандагы аба каттамдарды жүргүзгөн мамлекеттик монополист. Авиакомпаниянын Батышта жасалган 33 учагы бар, анын 15и “Боинг” учактары.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG