Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Орус учагында бомба жарылган дегенге ишеним күчөдү


Кыйраган учакты иликтеген адистер
Кыйраган учакты иликтеген адистер

Мисирдин Шарм-эш-Шейх курортунан Санкт-Петербургга бараткан орусиялык аэробус борттогу бомбанын жарылуусунан кыйроого учураган деп 90% ишеним менен айтса болот. Мындай маалыматты иликтөө тобунун мисирлик мүчөсү билдирди.

Ушул тапта Орусия Мисирде эс алып жүргөн жарандарын шашылыш ташып келүүнү улантууда.

Учактын “кара кутусу” аэробус системасында эч кандай бузуктукту каттаган эмес. Андыктан, Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин эксперттери А-321 аэробусунун кыйрашына техникалык кемчилик эмес, башка себеп алып келген деген тыянак чыгарышууда.

“Кара кутунун” тасмасында угулган чоочун күрүгүү добуш бомбанын жарылуусу болушу мүмкүн деп 90% ишенимдүүлүк менен айтса болот. Бул тууралуу мисирлик иликтөөчүлөр тобунун мүчөсүнүн маалыматына таянып, "Рейтер" агенттиги кабарлады.

Анын алдында АКШ жана британ расмий өкүлдөр чалгындоо булактарынын негизинде бортто бомба жарылышы мүмкүн экендигин билдиришкен. 8-ноябрда америкалык конгрессмен Адам Шифф телемаегинде бул кол салууну чындап эле “Ислам мамплекети” менен байланыштагы экстремисттер ишке ашырган болсо, анда дүйнөдөгү эң чоң террордук коркунуч жараткан топ деп "Ал-Каиданы" эмес, ошол радикалдарды аташ керек деп белгиледи.

Кырсыктан каза тапкандарды эскерүү. Санк-Петербург.
Кырсыктан каза тапкандарды эскерүү. Санк-Петербург.

"Ассошейтед Пресс" агенттиги Шарм-эш-Шейх аэропортунда буга чейин коопсуздук чаралары сакталбаган олуттуу фактылар катталганын, маселен, жүктөрдү текшерген жабдыктардын бузулушу же кол жүктөрдү кароодогу шалаакылык, аз маяна алган полициячылардын парага маң заттары жана курал-жарак менен жүктү өткөрүү учурлары болгонун жазат.

Мисирдин авиация министрлиги бул маалыматтарга азырынча ооба же жок деп түшүндүрмө бере элек.

Кырсыктын себептерин аныктоого Орусияга АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу – ФБРдин адистери көмөктөшөрү жекшембиде маалым болду.

The New York Times гезитинин жазганына караганда, Москва соттук-медициналык экспертизаны өткөрүүгө жардам берүүнү жана жардыргыч заттар боюнча эксперттерди тартууну өтүнгөн. Бирок Кремл бул маалыматты расмий бышыктай элек.

Ушу тапта лайнер кулаган жерде Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин тобу жана Мисир, Франция, Германия жана Ирландиянын өкүлдөрү иштеп жатышат. Азырынча адистер учактын сыныктары чачыраган 40 чарчы чакырым аянтты текшерип чыгышты. Жекшембиде Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлигинин дагы бир учагы курман болгондордун сөөктөрүн жана жеке буюмдарын Петербургга жеткирди.

31-октябрдагы учак кырсыгы 224 кишинин өмүрүн алган. Буга чейин “Ислам мамлекети” радикал уюмунун Мисирде аракет кылган бир канаты аэробусту атып түшүрүшкөнүн айтып чыгышкан. Бирок орусиялык жана мисирлик расмий өкүлдөр согушкерлердин андай бийиктикте учуп бараткан лайнерди атып түшүрө турган куралы жок деп, ал версияны четке кагышкан.

Ал арада Орусия Мисирдеги туристтерди мекенине алып келүү ишин улантты. 6-ноябрда Москва Британия жана Ирландиянын артынан Шарм-эш-Шейхке учууларды убактылуу токтотуу тууралуу жарыялаган.

Орусиялык туристтер мекенине кайтууда
Орусиялык туристтер мекенине кайтууда

Орус вице-премьер-министри Аркадий Дворкович 8-ноябрда кабарчыларга билдиргендей, алдыңкы 24 саатта Мисирден 11 миң турист чыгарылды. Дүйшөмбүдө андан да көп киши ташылып келери күтүлүүдө. Маалыматка караганда, авиакаттам токтой электе Мисирде 80 миңдей орусиялык эс алуучу бар болчу. Үйүнө кайткан туристтерди кол жүгү менен гана алып келишүүдө, баштыктар жана башка жүк өзүнчө учактар менен ташылмакчы. Ал ишке Орусиянын коргоо министрлигине таандык аскердик-транспорттук авиация тартылган.

Ал эми орусиялык туроператорлор Мисирдин курортторуна учууларга тыюу салуудан 4 миллиард рубль же 56 миллион ашуун доллар акча зыян тартышарын ырасташууда. Көпчүлүк туристтик компаниялар эмки жылдын мартына чейин путевкаларды сатууга үлгүрүшкөн.

Айрым маалымат каражаттары жазышкандай, Мисирдин туризм тармагы жалпы туристтердин дээрлик 60 % түзгөн орусиялык жана британиялык жарандардын кетип жатышынан күнүнө 4 миллион доллар чамасындагы кирешесинен ажыроодо.

Батыш Европанын бир катар өлкөлөрү да өз жарандарына Синай жарым аралына саякаттоодон азырынча карманууну эскертишкен.

XS
SM
MD
LG