Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Орусия Украинага 15 миллиард насыя берет


Орусия Украинага газ баасын арзандатты. Кремлдеги кечээги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мындан сырткары миллиарддаган доллардык насыя убада кылынды.

Бул аралыкта Киевдеги евромайданда бир нече күндөн бери демонстрация өткөрүп жаткандар Москвада жарыяланган келишимдерди шектенүү менен кабыл алышты.

Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү чакырыгы айтылды. Кремлдеги кечээги сүйлөшүүлөрдөн кийин Украинанын азыркы бийлиги узактан бери көшөрө аракеттенип келген маселе убактылуу болсо да чечилгенсиди.

Президент Владимир Путин сүйлөшүүлөрдөн кийин өзү жарыялагандай, маселен газдын баасы учурдагыдан үчтөн бирге арзандайт:

- “Газпром” жана Украинанын “Нафтогазы” кошумча келишимге кол коюшту. Ал “Газпромго” көгүлтүр оттун 1000 кубун Украинага 268,5 доллардан сатууга мүмкүндүк берет. Азыр бул баа 400 долларга жакын. Кандай болгон күндө да биз муну убактылуу чечим деп эсептейбиз. Узак мөөнөттүү келишимдер алдыда жетишилиш керек. Бул Украинаны газ менен камсыздоого, газды биздин Европадагы керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз транзиттөөгө да тиешелүү.

Путин газ боюнча жаңы келишим канча мөөнөткө түзүлгөнүн ачык айткан жок. Бирок украин вице-премьер-министри Юрий Бойконун айтымында, келишим
2019-жылга чейин жарактуу болот, газ баасы келерки жылдын 1-январынан тарта арзандайт.

Путиндин айтымында, Кремлдеги сүйлөшүүлөрдө Украинанын Бажы биримдигине кошулуусу жөнүндө маселе козголгон жок. Жетишилген макулдашууларга ылайык, Орусия украин экономикасын колдоо үчүн 15 миллиард долларга өкмөттүк баалуу кагаздарды да сатып алат.

- Орус өкмөтү Улуттук бакубатчылык корундагы резервдердин бир бөлүгүн, 15 миллиард доллар өлчөмүндө украин өкмөтүнүн баалуу кагаздарына жайгаштырууну чечти.

Жакындан бери маалым болгондой украин өкмөтү карыздарын төлөө үчүн 10 миллиард долларга муктаж болуп турат. Андыктан Орусиянын өкмөттүк баалуу кагаздарга акча куюшу эл аралык каржы базарынан алынуучу кредиттин үстөгүн түшүрүп, инвесторлордун ишенимин жаратат.

Орусия ошондой эле Кремлдеги сүйлөшүүлөрдө үч жылкы тыныгуудан кийин Украинага чийки мунай берүүгө, соода тоскоолдуктарын жоюуга да көнгөн. Соода чектөөлөрү быйылкы жыл ичи украин президенти Виктор Янукович Еврошаркет менен Ассоциация жана Эркин соода келишимин түзүүгө багыт алган кезде киргизилген эле.

Кремлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын өз тарабынан украин президенти Виктор Янукович да кубаттады. Ал Киевдин евромайданынан тарабай жаткандарга Украинанын Европага интеграциялануусун күн тартибинен чыгарбоо менен Орусиядан мүмкүн болгондордун баарын алганын ишара кылды:

- Мен болгон нерсени айтам. Орусия президенти Путин саясий эркин көргөзбөсө, бул иштер тез ылдамдыкта жүрмөк эмес. Бүгүнкү жолугушуу Украина менен Орусия ортосундагы карым-катнаш мындан ары өнүгүү үчүн кубаттуу негизге жана эң мыкты келечекке ээ экенин ырастады.

Анткен менен Киевдин евромайданында тарабай жаткан украин оппозициясы Кремлде жетишилген келишимдер өлкө кызыкчылыгын көздөөрүнөн күмөн санап турат.

Оппозициячыл УДАР партиясынын лидери Виталий Кличко кечээ кечиндеги митингде буларды айтты:

- Биз Москвада эмнеге кол коюлганын билишибиз керек. Биздин билишибизче Янукович өлкөбүздү күрөө катары колдонду. Он беш милллиард доллардык кредиттик макулдашууга кол койгону менен ордуна Украинанын активдерин, стратегиялык объекттерин, авиакурулуш ишканаларын, энергетикалык компанияларын, балким газ-транспорт системасын да берип жатат.

2015-жылдагы президенттик шайлоого катышарын буга чейин эле жарыялаган Кличко президент Януковичти кырдаалдан чыгуу үчүн шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө чакырды.

Ал эми оппозициячыл “Батькившина” партиясынын лидери Арсений Яценюк болсо оппозиция Москвадагы келишимдердин чындыгына эгер бардык коммуналдык кызматтардын баасы 30% арзандаса гана ишенээрин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG