Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:50

Путин Орусияны кантип коргойт?


Президенттикке талапкер Владимир Путиндин интернеттеги шайлоо баракчасы.
Президенттикке талапкер Владимир Путиндин интернеттеги шайлоо баракчасы.

“Независимая газетага” чыккан макаласында Путин улутчулдукту сындап, ошол эле учурда миграция боюнча мыйзамды катаалдаштырууну сунуштайт.


“Независимая газета” менен өкмөттүн интернет барагына жарыяланган көлөмдүү макала премьер Путиндин шайлоо алдындагы программасынын өзөгүн түзөөрү айтылууда. Макалада автор улутчул идеялардын жайылышын сынга алып, “бир тектүү мамлекетке айлануу - орус эли менен орус мамлекеттүүлүгүн жок кылуунун эң кыска жолу” деп сыпаттайт. Ошондой эле өлкөнүн учурдагы миграциялык саясаты коомдо нааразылыктардын пайда болушуна түрткү болгондуктан, мындан ары мыйзамды күчтөндүрүү сунушталат.

Путин дүйшөмбүдө Орусиянын түштүгүндөгү Кисловодск шаарындагы форумга катышып, “Биздин өлкөдө жашаган ар бир адам өз дини менен этностук тегин унутпашы керек. Бирок ал баарынан мурда улуу Орусия өлкөсүнүн жараны болуусу абзел”, - деп белгиледи.

- Көпчүлүк учурда улут аралык кагылыштардын башкы себеби - Орусиянын ар кыл аймактарында экономикалык өнүгүүнүн тегиз эместигинде. Буга массалык эмиграция, жергиликтүү бийликтердин тартипти орнотууда алсыздыгы, коррупция, жакырчылык, социалдык камсыздоонун алсыздыгы жана мыйзамсыздык кошумча болууда.

Өз макаласында Владимир Путин саясий оппозициянын алдыңкы сабына чыккан, улутчул маанайдагы таанымал блоггер Алексей Навальныйдын Кремлге “Кавказды багууну токтот!” деп, Сибирь менен Москва облусуна субсидия бөлүүнү токтотууга чакырыгын дагы сындап өтөт.

“Биз кылымдар бою бирге жашап келебиз. Эң каардуу согуштарды чогуу баштан өткөрдүк. Келечекте дагы чогуу жашайбыз. Ал эми бизди экиге бөлүүнү самагандарга менин айтаарым - күтө тургула”, - деп жазат автор.

Улутчулдукту сындаган бул макалада Орусиянын миграциялык саясатын катаалдаштыруу, өлкөгө келгендерди каттоону, алардан орус тил, тарых жана адабияттан экзамен алууну мыйзамга киргизүү сунуштары айтылат.

Орусиядагы таанымал жазуучу, Владимир Путинди такай сындап жүргөн Борис Акунин премьердин улут аралык сабырдуулукка чакырганы риторикалык мүнөзгө гана ээ болуп, Орусиянын чыныгы турмушуна сыйбай тургандыгын айтат:

- Владимир Путиндин теориялык көз караштан айткандары иши менен дал келбейт. Бул макаладагы анын улуттук өзгөчөлүккө токтолуп, адамдардын этностук теги аркылуу саясий көз карашын аныктоосу жөнүндө айтканы бири-бирине коошпогон нерселер.

Москвадагы Карнеги борборунун серепчиси Маша Липман өлкө башына келүүгө камынган саясатчынын маанилүү маселени козгогону жакшы жышаан экенин белгилеп, бирок макаладагы карама-каршылыктуу ойлор кооптонууну жаратаарына токтолот:

- Макалада айтылгандардын көбү бири-бирине карама-каршы келет. Маселен, Путиндин мигранттарды каттоо боюнча мыйзамды катаалдаштыруу сунушу. Путин бул жөнүндө орусиялыктарга видео кайрылуусунда айткан эле. Каттоо практикасы бул советтик мезгилдеги аскердик мыйзамдан калган. Каттоого талаптарды күчөтүү, албетте, өлкөнүн ичинде ээн-эркин жүрүүнү чектейт, бул болсо Конституцияга карама-каршы келет.

Өкмөт башчы Путин улут аралык маселени президенттик шайлоону утурлап көтөрдү. Учурдагы премьер алдыдагы 12 жылга бийлик башына келээрин жарыялагандан бери Орусияда Кремлге нааразылыктын толкуну күчөдү.

Москвадагы митинг: 10.12.11.
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:40 0:00

Өткөн жылдын 10-декабрында Москвада бийликке нааразы болгон миңдеген адамдар митингге чыккан.

Орусияда ушул тапта 4-мартта өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо жүрүүдө. Азырынча шайлоого парламенттеги төрт партия сунуштаган төрт талапкер “Бирдиктүү Орусиядан» Владимир Путин, коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов, “Акыйкат Орусия” партиясынан Сергей Миронов жана либерал-демократиялык партиянын жетекчиси Владимир Жириновский расмий катталды.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG