Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:03

Дубнов: Орусия коммунисттик доорго кайтууда


Шейшембиде Россиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына макул болбогондор нааразылык акцияларын уюштурушкан. Социалдык түйүндөр, көз карандысыз маалымат булактары полиция митингчилерге күч колдонуп, 600гө жакын киши кармалганын кабарлап жаткан кезде мамлекеттик телеканалдар ал окуялар жөнүндө бир да сөз айткан жок.

Ал эми Кремлди колдогон “Наши” жана “Молодая гвардия” кыймылдарынын ошол эле жерде өткөн иш-чаралары байма бай чагылдырылды. Шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор эми 10-декабрда чогулганы жатат.

Орусиядагы кырдаал тууралуу москвалык журналист Аркадий Дубновду сөзгө тарттык.

- Кыргызстан, Беларус же Украинадагыдай болуп Россиядагы нааразылык чыгуулары көпкө уланышы мүмкүнбү?

- Андай сценарий Россияда кайталанбайт деп үмүттөнөм. Эмне дегенде, биздин өлкөдө окуялар ошондой нукта өнүксө, анын арты ошол эле Беларуска караганда олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымал. Баса, 10-декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнү белгиленет. Ошого чейин орус бийликтери, аткаминерлер шайлоодогу массалык бурмалоолорго каршы чыккандарга карата мамилесин өзгөртүп, туура багытта иш алып барат деп ишенем. Бийлик чечим кабыл алуу укугу тебеленген көптөгөн адамдардын ой-пикирин эске алууга даярбыз деген так ишара бериши керек. Өзгөчө Москва менен Петербургда башкаруудагы партия добуштардын жарымын да ала албасы айкын болчу. Добуш берүүдөн кийинки сурамжылоолор “Бирдиктүү Россия” партиясынын ал эки шаардагы рейтинги 50 проценттен ашпасын көргөзгөн.

- Федералдык каналдар шейшемби күнкү акциялар, камакка алуулар жөнүндө маалымдабаптыр. Мындай көрүнүш көпчүлүк постсоветтик жумурияттарга мүнөздүү. Бийлик эмнеден чочулайт? Интернет өнүккөн доордо маалыматты ансыз да эркин алса болот да. Мындай өзүн өзү цензуралоонун эмне кереги бар?

- Мен муну акыркы күндөрдүн эң өкүнүчтүү көрүнүшү деп эсептейм. Бийликтегилер интернет доорунан артта калгандай көрүнөт. Өлкөдө болуп жаткан окуяларды федералдык телеканалдарды манипуляциялап сүрөттөгүлөрү келет. Интернет орус коомунун ар бир жылчыгына ушунчалык сиңип кеткен, аны көз жаздымда калтыруу өзүн өзү өлтүрүүгө тете дейт элем. Өзгөчө чоң шаарларда маалымат алуунун көптөгөн булактары бар экенин бийлик эстен чыгарып койгондой. Бул – кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

- Муну кандайча чечмелесе болот? Ошол маалымат каражаттары жогорку жактагылардын көрсөтмөсүн аткарып жатышабы, же телеканалдардын жетекчилери өздөрү этият болуп атышабы?

- Менимче, экөө тең туура. Шейшембиде Триумфалдык аянтынан интернетте түз эфир уюштурган маалымат каражаттарынын бири Кремлден катуу сөгүш алганын билем.

- “Коммерсант ФМ”дин серепчиси Станислав Кучер мамлекеттик телеканалдардын нааразылык акцияларын чагылдырбашын кесипкөйлүккө жатпаган жорук деп атады...

- Албетте, бул таптакыр профессионалдуу эмес. Негизги федералдык телеканалдарда саясий цензура эбак эле өкүм сүрүп келатат. Мындай абалда кесипкөйлүк арткы планга жылып, ийкемдүү, тил алчаак чиновниктерге айланып калышкан. Адамдар жогорку жактагыларга каршы сөз айтуудан коркушат. Бул жагынан алганда, Россия коммунисттик өткөн чакка кайтып баратат.

- Нааразылык чыгуулары, камакка алуу, полициянын күч колдонушу жөнүндөгү маалыматтар элдин маанайына таасир этиши мүмкүнбү?

- Ансыз деле таасир этип жатканын көрүп атабыз. Триумфалдык аянтта эмне болгонун карап көрсөңөр, акцияны өткөрүүгө тоскоолдук түзүлгөн сайын өзгөчө жаштардын нааразылыгы күчөп жатты. Анан полиция “Бирдиктүү Россияга” жана “Наши” кыймылына каршы чыккандарга гана чара көрүп жатты да. Кремлди, Путинди, Медведевди колдогондорго тийишкен жок. Полиция башкалар менен чаташтырып албасын деп, бийликтин тарапкерлери колдоруна жашыл чүпүрөктөрдү тагып алышыптыр. Мунун өзү эле өкмөт ага каршы пикирин билдирип чыккандарга гана каршы чара көрөөрүн далилдейт.

XS
SM
MD
LG