Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Москвада “Миллиондор маршы” өттү


Орусиянын оппозициячыл күчтөрүнүн кезектеги акциясы Москванын Пушкин аянтынан башталды. "Эркин Орусиянын манифести" кабыл алынды.

Жүрүш шаардын борборунун Сахаров аянтында митинг менен аяктады.

“Азаттыктын” орус кызматынын кабарына караганда, “Миллиондор маршына” чыккандар “Баардык бийлик элге”, “Полициялык мамлекет жоголсун” деген ураан-чакырыктарды көтөрүп жүрүштү.



Оппозициянын бул акциясы алдында Москвада жарандык активисттердин үйлөрүнө массалык тинтүү жүргүзүлдү. Алардын компьютерлери, телефон жана башка байланыш-маалыматтык жабдыктары алынды.

Ага катар оппозиция активисттери Илья Яшин, Сергей Удальцов, Алексей Навальный, тележурналист Ксения Собчак 6-майдагы митингде демонстранттар менен полициянын кагылышуусуна алып барган деген негизге байланыштуу прокурорлор тарабынан суракка алынышты.

XS
SM
MD
LG