Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:12

Метродогу кырсык кыргыз жаранынын өмүрүн алды


Москва. Метродогу кырсыктан кийин. 15-июль, 2014-жыл.
Москва. Метродогу кырсыктан кийин. 15-июль, 2014-жыл.

Москвадагы метро кырсыгында кыргыз жараны Мээрим Арунова каза тапканы аныкталды. Дагы бир кыргыз жигит жараат алып, Москвадагы клиникалардын биринде дарыланып жатканы белгилүү болду.

Кыргыз элчилигинин кызматкерлери азыр алардан башка дагы жабыркагандар бар-жогун тактап жатышат.

Москвадагы метродо 15-июль күнкү кырсыкта 27 жаштагы кыргыз жараны Мээрим Арунова каза тапканы тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков билдирди. Кыздын сөөгүн окуя болгон жерден тез жардам бригадасы алып келгенин Москва шаарындагы №1 Царицино өлүкканасынын кызматкерлери кабарлашкан. Бүгүн Мээрим Арунованын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү аракеттери көрүлө баштады.

- Метродогу кырсыктын кесепетинен биздин бир жаран каза тапканын кабарлашты. Мээрим Арунова деген 1987- жылы туулган жаран экен. Биздин консулдук башкармалыктын кызматкерлери анын жакын туугандары менен жолукканын айтышты. Азыр биздин элчиликтин кызматкерлери 200-жүктү Кыргызстанга жөнөтүү боюнча аракеттерди көрө баштады.

Маркумдун сөөгү өлүкканада экени тастыкталганы менен, ал тууралуу маалымат Москва шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин расмий тизмесинде азырынча жок. Бирок департамент бул тизме акыркы эмес экендигин эскерткен эле.

Мындан тышкары айрым маалымат каражаттары Москванын ооруканаларында Кыргызстандын беш жараны жатканын кабарлашкан. Кыргыз элчилиги Москванын Саламаттыкты сактоо департаментине таянып, метродогу кырсыктан жараат алган М.Марасулов аттуу Кыргызстандын жараны №20 шаардык клиникалык ооруканада дарыланып жатканын, жараат алган дагы төрт кишинин жарандыгы тактала электигин билдирди:

- Төрт адамдын жарандыгы аныктала элек. Бирок алардын ичинде биздин жарандардын бар-жогун дагы тастыктап бере элек. Бир жараныбыз Марасулов экени аныкталды. Берки төртөө балким Орусиянын же башка өлкөнүн жараны болуп калабы деп айта албай жатышат, - деди Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин консулдук бөлүмүнүн вице-консулу Алмаз Букалаев.

Метродогу кырсыкка байланыштуу бүгүн Москвада аза күтүү күнү жарыяланды. Шаарда желектер түшүрүлүп, көңүл ачуучу иш-чараларга тыюу салынды. Кырсыктын себептери боюнча азыр ар кандай версиялар айтылып жатканын “Замандаш” ассоциациясынын Москвадагы өкүлү Руслан Эшимов билдирди.

- Ар кандай версиялар айтылып жатат. Эмнеден болгону белгисиз, бирок катуу тормоз берген. Ошондон улам вагондор калчылдап, рельстен чыгып кеткен да анан кырсык болгон.Теракт болушу мүмкүн эмес деп жатышат. Божомолдорго караганда алдынан киши же бир жаныбар чыга калган болушу мүмкүн деп жатышат. Машинисттин дагы абалы начарлап кеткен, бирдеме болгонбу деп аны да изилдөөдө. Алкоголдук ичимдикти же наркотикалык заттарды пайдаланган жокпу же оорулуу эмес беле деп иликтеп жатышат. Азырынча расмий эч нерсе айтыла элек.

15-июль күнү Москвада Парк Победы жана Славянский бульвар станцияларынын ортосунда катуу ылдамдыкта бараткан поезд чукул токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Кырсык эртең менен эл жумушка бара жаткан маалга туш келген.

Москва: метродогу кырсык
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

Натыйжада 23 киши каза таап, 160ка чукул адам жабыркаган. Жараат алгандар шаардагы 15 ооруканага жайгаштырылды. Кырсыктан жабыркагандар арасында Борбор Азиядан барган мигранттар да бар экенин Орусиянын расмий булактары маалымдады.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG