Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Москвада оппозициячыл маанайдагылар суюлдубу?


Орус оппозициясы уюштурган демонстрация. Москва. 27-октябрь
Орус оппозициясы уюштурган демонстрация. Москва. 27-октябрь

Жекшемби күнү Москвада оппозиция көчө жүрүш өткөрүп, саясий туткундарды түрмөдөн чыгарууну талап кылышты.

Уруксат менен өткөн саясий өнөктүккө беш миңдей адам катышты. Алар бийликти былтыр 6-майда баш калаанын Болотная аянтында болгон башаламандыктардан кийин камалгандарды, ошондой эле саясий жүйөдөн улам соттолгондорду, анын ичинде Михаил Ходорковскийди, Pussy Riot тобунун мүчөлөрүн абактан бошотууга үндөштү.

Саясий акциянын башкы максаты 2012-жылы 6-майда Москванын Болотная аянтында өткөн демонстрациядан кийинки полиция менен кагылыштан кийин кармалгандарды колдоо болду.

Болотнаядагы акция үчүнчү мөөнөт президент шайланган Владимир Путиндин ант берүү аземин утурлай өткөн. Кечээ жүрүшкө чыккандар саясий туткундар деп эсептелген миллиардер Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевди, Pussy Riot панк-группасынын мүчөлөрүн, Арктикада кара май казууга каршы чыкканы үчүн кармалган 30 экологду, Ярославдын мурдагы мэри Евгений Урлашовду бошотууну талап кылган ураандарды жана “Путинизм тамам, барымтадагыларга эркиндик” деген чоң плакатты көтөрүп жүрүштү. Алар “Саясий туткундарга эркиндик берилсин!” деп дембе-дем кыйкырып да жатышты.

"6-май комитетинин" маалыматы боюнча, бул иш боюнча азыр 25 адамдын үстүнөн тергөө жүрүүдө. Экөө соттолгон. 17 адам абакта, үчөө үй камагында отурат.

Марштын катышуучусу Виталий Заломов кылмышкерлер жазыксыз адамдарды соттоп жатканда демонстрацияга чыкпай үйдө отуруу мүмкүн эмес дейт:

- Сиздер түшүнсөңүздөр, мыйзамсыздык өкүм сүрүп, бийлик каалаганын жасап, күнөөсүз адамдар абакка салынып, аларды күнөөлүүлөр соттоп жатканда, үйдө отуруу мүмкүн эмес. Биз дагы бир мертебе бийликке, орусиялыктарга жана дүйнө коомчулугуна Орусия демократиялык эмес, полициячыл мамлекет экенин көрсөткүбүз келет.

Нааразылык акциясына уюштуруучулар болжогондон төрт эседей аз адам чыкты. Анын себебин байкоочулар демонстрация эч кандай маанилүү окуя менен байланышпаганы жана саясий туткундарды бийлик мына силерге деп эле бошото коёт деген ишенимдин болбогону менен түшүндүрүштү.

Андан тышкары оппозициянын көрүнүктүү лидери Алексей Навальныйдын 16-октябрда беш жылга шарттуу кесилгени да анын тарапкерлерин кооптондуруп койгону айтылат.

Полиция демонстрацияга көз салууда. Москва, 27-октябрь
Полиция демонстрацияга көз салууда. Москва, 27-октябрь
Москвада 2011-12-жылдын кышында Владимир Путинге каршы өткөн нааразылык жүрүштөрүнө 100 миңден ашуун адам катышкан эле.

Москвада жекшемби күнү болгон көчө жүрүшкө мурдагы вице-премьер-министр, оппозициянын көрүнүктүү өкүлү Борис Немцов да катышты. Анын айтышынча, оппозиция февралда өткөрүлчү Сочи олимпиадасы алдындагы Москвага болгон эл аралык кысымдан пайдаланып, саясий туткундардын эркиндикке чыгарылышына жетишүүсү абзел:

- Азыр эң башкы милдетибиз мунапыска жетишүү экенин мен сиздерге айтып коёюн. Ага бизде шанс бар. Себеби Путин анын коррупциялашкан олимпиадасына Европанын лидерлери келбейт деп кооптонот. Спортчулар келишет, лидерлер келбей калышы ыктымал. Биздин жарандарды бошотуусу үчүн азыр эң мыкты убакыт.

37 жаштагы Алексей Навальный жекшемби күнкү демонстрация бийликке кысым жасап, саясий жүйөдөн улам абакта отургандарды бошотуу үчүн зарыл болгонун айтат. Бирок абактагылар тез эле койо берилбесин оппозиция жактоочуларына эскертип: “Биз узак жана катаал күрөшкө даяр болушубуз керек экени чындык,” – дейт Навальный.

XS
SM
MD
LG