Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

“Гринпистин” активисттерине айып тагылды


"Гринписти" колдогон акциялардын бири
"Гринписти" колдогон акциялардын бири

Мурманск шаарынын тергөөчүлөрү акыркы эки күндө айып таккан 30 активисттин 26сы чет элдиктер, төртөө Орусиянын өзүнүн жарандары.

Алар өткөн айдын акырында Орусиянын Арктика сууларында жайгашкан мунай бургулоочу платформасынын масштабын билүү үчүн кеме менен бараткан кезинде кармалышкан.

Эми каракчылык боюнча коюлган айыптын негизинде күнөөлүү деп табылышса, экологдор 10 жылдан 15 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Прокурорлор аларды “мүлктү күч менен ээлөөгө” аракеттенишкен деп айыпташууда.

“Гринпис” болсо орусиялык прокурорлордун айыптоосун “абсурд жана негизсиз” деп атоодо. Уюмдун адвокаты Михаил Крейиндлин мындай дейт:

- Дагы бир жолу кайталап кетейин. Биз тергөөдө активисттерибиздин аракетин каракчылык деп квалификациялагыдай далил жоктугуна жана боло албасына толугу менен ишенебиз. Андыктан биз коюлган айыптарга каршы апелляция беребиз.

"Гринпистин" активисти Файза Аулахсен Мурмансктагы сотто. 29-сентябрь, 2013-жыл.
"Гринпистин" активисти Файза Аулахсен Мурмансктагы сотто. 29-сентябрь, 2013-жыл.
Эл аралык укук коргоо уюмдары, анын ичинде “Хьюман Райтс Уочт” орус бийликтерин "гринписчилерди" бошотууга чакырган. Тергөөчүлөрдө аларга каракчылык боюнча айып таккыдай олуттуу негиз жоктугун Адам укуктары боюнча Орусия президентинын алдындагы кеңештин төрагасы Михаил Федотов да белгилеген.

“Гринпис” активисттеринин аракетин мурдараак орус президенти Владимир Путин да комментарийлеген эле. Ал "гринписчилер" пираттар эместигин, бирок эл аралык мыйзамдарды бузушканын айткан.

Жаратылышты коргоочулар чен-өлчөмүн билүүгө аракеттенген платформа “Газпром” компаниясына таандык. Арктикадагы алгачкы бургулоочу жабдуу Печора деңизиндеги мунай кенге 2011-жылы орнотулган, бирок ишке кириши технологиялык көйгөйлөрдөн улам создугуп келген.

Өткөн айда гана “Газпром” мунай бургулоону быйыл баштай турганын маалымдаган, бирок так датаны айткан эмес.

"Гринпистин" активисттери бошотулушун талап кылган акциялар бир нече өлкөдө өттү. Берлиндеги акциядан бир көрүнүш. 2-октябрь, 2013-жыл.
"Гринпистин" активисттери бошотулушун талап кылган акциялар бир нече өлкөдө өттү. Берлиндеги акциядан бир көрүнүш. 2-октябрь, 2013-жыл.
Мунай бургулоодон Арктиканын экосистемасы бузулат деп эсептеген “Гринпис” ушул эле платформада былтыр да нааразылык акциясын өткөргөн, бирок анда активисттер жазаланган эмес.

Бейшемби күнү бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын активисттери менен жолугушуу учурунда Путин Орусия Арктикадагы иштерин кеңейтип, бул океандагы кеме жолдорун коргоо үчүн совет доорундагы аскерий базаны калыбына келтирерин белгиледи.

Путин кошумчалагандай, Арктика чөлкөмү Орусиянын экономикалык жана коопсуздук кызыкчылыктары үчүн өтө маанилүү.

Дүйнөнүн ачыла элек газ жана мунай кендеринин бир чейреги катылган деп болжолдонгон Арктиканын бөлүктөрүнө өз юрисдикциясын орнотууга Орусия менен катар АКШ, Канада, Дания, Норвегия да умтулуп келүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG