Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Орус-грузин согушу: бүдөмүк жагдайлар көп


Грузия: орус аскерлери, 22-август, 2008-жыл
Грузия: орус аскерлери, 22-август, 2008-жыл

Орус-грузин согушунун 4 жылдыгына туташ эки тараптын расмийлери кайрадан кайым айтышты.

2008-жылы августтун жетисинен сегизине караган түнү грузин күчтөрү жикчил Түштүк Осетиянын Цинхвали шаарын жана анын айланасын замбирек менен аткылаган.

8-августта орус аскерлери Түштүк Осетияга киргизилип, орус учактары Грузиянын ички аймактарына чабуулун баштаган. Бир жумага жетпей грузин күчтөрү сүрүлүп чыгарылган. Августтун аягында Москва Түштүк Осетия менен дагы бир жикчил жумурият - Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган.

Окуяга 4 жылдын жүзү болгондо Орусиянын мурдагы жана азыркы аскер башчылары 2008-жылы Түштүк Осетияга аскердик операция жасоодо ыргылжың позицияны карманган деп ошол кездеги президент, азыркы өкмөт башчы Дмитрий Медведевди айыпташты. Күтүлбөгөн мындай сын окуянын 4 жылдыгына арналган атайын даректүү тасмада көрсөтүлдү. “Жоготууга учураган күн” деп аталган бул тасма азыр интернетте кеңири жайылууда.

Качкындар лагеринде башпаанек тапкан Горинин тургуну, 2-сентябрь, 2008-жыл
Качкындар лагеринде башпаанек тапкан Горинин тургуну, 2-сентябрь, 2008-жыл
Видеодо орус куралдуу күчтөрүнүн улук офицери өлкөнүн башкы командачысы Дмитрий Медведев буйрук берүүдөн тайсалдап, ошол кездеги премьер-министр Владимир Путинден тапшырма күткөнүн айткан. Тасмада башкы штабдын жетекчиси Юрий Балуевский да Медведев команда берүүдөн чочулап, Владимир Путинден чечим күткөнүн жашырган жок.

Ал кезде Бээжин олимпиадасында жүргөн өкмөт башчы Владимир Путин окуяны журналисттерден гана укканын айтып, президент Медведевге эки ирет телефон чалганын билдирди:

- Телефон чалуулар боюнча айтсам, ооба, мен Дмитрий Медведевге 7- 8-август күндөрү эки ирет телефон чалгам. Коргоо министрине да телефон чалып, проблеманы сүйлөшкөнбүз.

Путин ошол кезде Орусиянын генералдык штабы Грузиянын соккуларына жооп бериш үчүн алдын ала эле план иштеп чыкканын айтты.

- Генералдык штаб бул планды 2006-жылдын аягында, 2007-жылдын башында эле иштеп чыккан. Мен аны бекитип бергем.

Владимир Путин орус тараптын Түштүк Осетиянын жергиликтүү милициясы менен алдын ала иштешип, Орусиянын куралдуу күчтөрү аймакка кирип, грузиндерге жооп кайтарганы пландын бир бөлүгү болгонун айтты.

Өткөн жылы Дмитрий Медведев орус жана грузин телеканалдарына курган маегинде ага эч ким, эч кандай көрсөтмө бербегенин билдирген:

- Чынын айтсам эч ким эч кимге телефон чалган эмес. Мен буйрук бергенден кийин бир суткадан соң Путин менен байланыштык. Ал кезде согуш тутанып кеткен эле.

Ал кечээ согуштун 4 жылдыгын эскергени Түштүк Осетияга барып, согушту токтотуу чечими өз убагында кабыл алынганын, болбосо мындан да көп жоготуу болмоктугун белгиледи.

Грузиянын президенти Михаил Саакашвили кечээ Поти шаарында кагылышта набыт болгондорду эскерип жатып, Путиндин алдын ала даярданганбыз деген сөзүн “согушту Орусия баштаганын мойнуна алды" деп билдирди.

- Грузин элинин өлкөнүн келечеги үчүн чоң пландары бар. Кремлдин биз жөнүндө ойлогон кыялдары ишке ашпайт. Биздин планыбыз - эркиндик, өнүгүү жана алга жылуу. Биз эч качан өткөн күндөргө кайтпайбыз, Москванын кыялдары менен биздин ишибиз да жок.

Учурда Грузияда орус президенти Владимир Путиндин “Грузияга жооп кайтаруу үчүн 2006-жылдын аягында эле план иштеп чыкканбыз” деген сөзү кызуу талкууланып жаткан чагы.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG