Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Медведевдин сөзү Путиндикинен айырмаланды


Үч жылдан бери Брюссель "Газпромго" тагылып жаткан дооматтарды иликтеп келди.
Үч жылдан бери Брюссель "Газпромго" тагылып жаткан дооматтарды иликтеп келди.

Европа комиссиясы бүгүн, 22-апрелде Орусиянын мамлекеттик "Газпром" ишканасына атаандаштык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөө коёт деп күтүлүүдө.

Ал ортодо орус премьер-министри Дмитрий Медведев Крымдын аннексиясынан улам кабыл алынган санкциялар өлкө экономикасына чоң зыян алып келгенин билдирди.

Үч жылды карыткан айыптоо

Үч жылдан бери Брюссель "Газпромго" тагылып жаткан дооматтарды иликтеп келди. Атап айтканда, компания айрым өлкөлөргө газды реэкспорттоого тоскоолдук кылып жатат, газдын баасын мунайдын баасына байлап, атаандаш булактарга кыйынчылыктарды түзүүдө деп айыпталууда.

2011-жылы ишкананын Евробиримдиктеги 8 өлкөсүндөгү кеңеселеринде рейд жүргүзүлүп, бир жылдан кийин "Газпромго" каршы расмий тергөө баштаган.

Шаркеттин ырастоосунда, орусиялык монополист Борбордук жана Чыгыш Европанын газ рыногунда атаандаштык мыйзамдарын бузуп, өзүнө көбүрөөк киреше алуу үчүн ыңгайлуу шарт түзгөн.

Текшерүү жүргүзүлгөн 8 өлкө – Болгария, Чехия, Эстония, Венгрия, Латвия, Литва, Польша жана Словакия орусиялык компания аларга газды Европанын батыш өлкөлөрүнө караганда кымбат сатып жатат деген доо коюшкан.

Шаркеттеги булактар Еврокомиссия өз айыптоолорун өткөн жылы эле даярдаганын, бирок Орусия менен Украинадагы окуяларга байланыштуу ансыз да курчуп кеткен мамилелерди андан ары татаалдаштырбоону чечкен дешет.

Москва былтыр кошуна өлкөнүн Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин Евробиримдик бир топ санкцияларды киргизген.

"Газпром" 12 айдын ичинде айыптоолорго жооп кайтара алат жана өз жүйөлөрүн келтирүү үчүн шаркеттин атаандаштык боюнча расмий мекемесинде угууларды өткөрүүгө укуктуу болмокчу.

Буга чейин компания маселени сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салууга кызыкдар экенин кыйыткан. Ал эми проблема чечилбесе, Еврокомиссия айыппул салып же бизнес жүргүзүү практикасын өзгөрттүрүүнү талап кылышы мүмкүн.

Евробиримдик алган жаратылыш газынын үчтөн бир бөлүгү Орусиядан келет. 2014-жылы шаркеттин өлкөлөрү "Газпромдон" 125 миллиард куб метр газ сатып алышкан. Анын жарымы Украина аркылуу өткөн куур аркылуу жеткирилген.

Биримдиктеги булактардын айтымында, атаандаштык маселелери боюнча комиссар кызматына өткөн ноябрда киришкен Маргрете Вестагер "Газпромго" каршы айып тууралуу жарыялоонун алдында, иликтөөнүн материалдары менен жакшылап таанышууну каалаган.

Эксперттер болсо өткөн жумада америкалык "Гугл" компаниясына да атаандаштык мыйзамдарын бузган деген күнөө тагылганын эске салып, "Газпромдун" ишинин артында саясий жүйө жок дешет.

Медведев: Санкциялардын кесепети оор болду

Ал тапта Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев өлкө экономикасы Батыштын санкцияларынан улам болжол менен 25 миллиард евро жоготконун, үстүбүздөгү жылы ал мындан да көп болушу мүмкүн билдирди.

21-апрелде парламентке экономикалык абал боюнча отчет берип жатып, өкмөт башчы Орусиянын ички дүң өндүрүмү 2015-жылдын алгачкы кварталында 2 процентке төмөндөгөнүн айтты. Мындай көрсөткүч 2009-жылкы рецессия учурунда гана катталган.

Байкоочулардын айтымында, Медведевдин экономикалык абалга берген баасы президент Владимир Путиндин 16-апрелде орусиялыктар менен түз эфир байланышында айткан оптимисттик сөздөрүнө караганда алда канча песимисттик, бирок чынчыл болгонун белгилешет.

Медведев (ортодо) Мамдумада. 21-апрель, 2015-жыл
Медведев (ортодо) Мамдумада. 21-апрель, 2015-жыл

Мамлекет башчы болсо өлкө экономикалык кыйынчылыктардан ашып өткөнүн айткан. Премьер-министр Дмитрий Медведев санкциялардын олуттуу чыгымдарына токтолду:

- СССР кулагандан бери биринчи жолу Орусиянын тарыхында, балким Орусиянын 20-кылымдагы тарыхында, өлкөбүз эки сырткы соккуга бирдей туш болду. Биринчиси – мунай баасынын кескин түшүп кетиши жана экинчиси - санкциялардын болуп көрбөгөндөй кесепети. Биз эч качан бир эле мезгилде мынча көп көйгөлөргө тушуккан эмеспиз.

Медведев жазалоочу чараларга алып келген Крымдын аннексиясы тууралуу сөз кылып, ал кадам эмнеге алып келээрин билип туруп, ошого бардык жана баарыбыз колдодук деди:

- Орусия ушундай экономикалык сценарийден качып кутула алмак беле деген суроо узатат элем? Бардыгыбыз – жок, кутула албайт болчу деп жакшы түшүнөбүз. Бизге көрсөтүлүп жаткан олуттуу экономикалык кысымга Крымды Орусиянын курамына кайтаруу боюнча өткөн жылкы негизги саясий чечим алып келди. Бүтүндөй өлкө, өкмөт жана парламент анын ыктымал кесепеттерин түшүнүп туруп, колдодук.

Муну менен бирге премьер экономика турукташа баштаганын айтып, бирок сырттан кысым күчөсө жана мунайдын баасы узак мөөнөткө төмөн бойдон кала берсе, абал начарлашы мүмкүн деп эскертти.

Дүйнөлүк банктын 1-апрелде чыккан божомолуна ылайык, Орусиянын ички дүң өндүрүшү үстүбүздөгү жылы 3,8 процентке, эмки жылы 0,3 процентке төмөндөшү ыктымал. Бул санкциялардын кесепети жана мунайдын арзандашы менен түшүндүрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG