Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Өзбекстан ИМге каршы коалицияга кошулабы?


Шиит согушкерлери "Ислам мамлекети" тобуна каршы согушууда. Анбар провинциясы, Ирак. 6-июль, 2015-жыл
Шиит согушкерлери "Ислам мамлекети" тобуна каршы согушууда. Анбар провинциясы, Ирак. 6-июль, 2015-жыл

АКШ Өзбекстанды "Ислам мамлекети" террордук топко каршы күрөшүүчү коалицияга кирүүгө үндөдү. Евразия экономикалык биримдиктин эркин соода аймагына Египет кошулууда.

Евразия экономикалык биримдиги Египетти эркин соода аймагына кабыл алууга даяр деп жазат “Коммерсантъ” басылмасы. "Мындай жол менен Египет Орусиянын араб өлкөсүндөгү башкы өнөгүнө айланат" деп айтылат макалада. Орусия менен Египеттин өлкө башчылары Владимир Путин менен Абдел-Фаттах ас-Сисинин Москвадагы жолугушуусунда Суэц каналынын жанында орусиялык өндүрүш аймагын түзүү долбоору боюнча келишим кабыл алынган.

Басылманын маалыматында, Москва менен Каир орусиялык технология жана насыя менен Египетте атомдук электростанцияны курууну пландаштырып жатканы дагы айтылат. Учурда Египетте 400дөн ашуун орусиялык ишкана иштейт. Орусиянын Илимдер академиясынын чыгыш таануучусу Владимир Сотников Египет менен тыгыз кызматташуу Орусияга Жакынкы Чыгышта көпкө бекемделип калууга мүмкүндүк берет деген ойдо.

Жогорку экономика мектебинин эл аралык мамилелер боюнча эксперти Максим Братерский болсо, Евразия экономикалык биримдик үчүн мүмкүн болушунча көп өлкө менен келишим түзүп, соода аймагын кеңейтүү керектигин белгилейт. Евразия биримдигинин эркин соода аймагына май айында Вьетнам кошулган, жакынкы арада Египеттен тышкары Пакистан дагы кошулуу ниетин билдирген.

Орусиялык банктар катаал күндөргө даярданууда

"Орусиялык банктар доллардын курсу 100-120 рублге чейин көтөрүлүшүнө даярданышууда" деп жазат РБК интернет басылмасы. “Возрождение” банкынын башкармалыгынын орун басары Андрей Шалимов мындай көрсөтмө Орусиянын Борбордук банкы тарабынан берилгенин айткан. Борбордук банк доллардын курсу 100-120 рублга чейин көтөрүлүшү боюнча банктарга алдын-ала чара көрүүнү сунуштаганын дагы бир нече банктын жетекчилери тастыктаган. Бирок ага карабастан Борбордук банк мындай сунуштарды таратканын төгүндөп чыккан. “Капитал” пенсиялык фондунун башкы экономисти Евгения Надоршин "Борбордук банк доллардын курсу 100 рублдан ашкан учурда Орусиянын каржы системасынын туруктуулугун текшерүүдө" дейт. Эксперттин божомолунда, Борбордук банк алдын-ала эскертүүлөр менен банктарды өзүн камсыздандырууга чакырууда.

Казакстанга жаңы сунуш


"Пакистан Казакстанга Кытай - Пакистан транспорттук системасына кошулууга чакырууда" деп жазат РИА Новости басылмасы. Бул жаңы курулган темир жол Казакстанга Пакистандын порттору аркылуу Ирандан өтүп, Перс булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет деп айтылат макалада. Эки өлкө ортосунда соода-сатык алакасын жакшыртуу жөнүндө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Пакистандын премьери Миан Мухаммад Наваз Шариф менен Астанада болгон жолугушуусунда сүйлөшкөн. Пакистандын премьери "Кытай-Пакистан темир жолуна Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү кошула алат" деген өз сөзүндө.

АКШ ИМге каршы күрөшкө Өзбекстанды тарткысы келет


АКШ Өзбекстанды "Ислам мамлекети" террордук топко каршы күрөшүүчү коалицияга кирүүгө үндөдү деп жазат "Взгляд" басылмасы. Макалада америкалык тарап Өзбекстанды "Ислам мамлекети" тобу менен биргелешип күрөшүүгө чакырганы маалымдалат. АКШ Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэниэл Розенблюм "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшүүчү коалициянын максаты - согушчандарга сокку уруу, аларды каржылоочу тараптар менен күрөшүү жана исламчылардын кыймылы тууралуу маалымат алмашып кызматташуу экенин белгилеп, бардык Борбор Азия өлкөлөрүн коалицияга кошулууга чакырган. "Взгляд" басылмасындагы макалада АКШ мурдараак Өзбекстанга 328 брондолгон аскерий унаа бергени да айтылган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG