Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:38

Орусия: аскерде улутчул топтор өз тартибин орнотууда


Акыркы жылдары орус армиясында кылмыштуулук көбөйгөнү кабарланууда. Аскердеги чоң муштумдук күч алды.

Башкы аскер прокуратурасы армияда улутуна карап бөлүнгөн топтор пайда болгонун, алар өз тартибин орнотууга аракет жасап жатканын, зордук-зомбулуктан улам аскерде кызмат өтөөнү каалагандардын саны азайганын, өз жанын кыйгандардын саны артканын айтты.

Орусиянын аскер прокурору Сергей Фридинскийдин маалыматына ылайык, 2010-жылы армияда жоокерлерге карата 500дөн ашуун зомбулук катталган. Акыркы 2 айдын аралыгында 20дан ашуун жоокер ур-тепкиден жараат алып, экөө мерт кетти.

Чоң муштумдук аскер кызматына бир жарым жылга чакыруу тартиби киргенден тарта күч алганы кабарланууда. Үстүдөгү аскерде кылмыштуулук 16 пайызга өсүп, натыйжада миңден ашуун жоокер жабыркаган.

Кавказдан чакырылган аскерлер орус улутундагы жоокерлер менен мушташкан учурлар аз эмес. Мисалы, өткөн жылы күзүндө ҮouTube сайтында тасма жарыяланган. Анда Москванын алдындагы Кантемиров дивизиясында орун алган мушташ тартылган.

Аскер эксперти Сергей Фридинский “келишим менен кызматка алуу жана милдеттүү түрдө аскерге чакырылгандар бир жылдык мөөнөткө гана кызмат өтөгөндө гана мындай терс көрүнүштөр жоголот” деп эсептейт.

Адистердин баамында аскерде улутка бөлүнүп, кылмыш жасоонун чеги коркунучтуу абалга жеткендиктен жаңы мыйзам кабыл алуу зарылдыгы жаралды. Этникалык азчылыктарга кысым көрсөтүү, аларды опузалап кийимдерин, буюмдарын тартып алуу көрүнүшү жайылды.

Аскерде ур-токмокко кабылган жоокерлердин бири апасына жардам сурап мындай деп телефон чалган: “мени курчап тургандар кайра да токмоктошот, телефонумду тартып алганы турушат. Менин эч күнөөм жок! Апа, куткарып ал!”.

Офицерлер арасында да бири бирин укпай, соңунда мушташкан учурлар да көбөйгөнүн аскер прокурору билдирди. Маалыматка ылайык, 2010-жылы офицерлердин ичинен 50 киши камакка алынган.

XS
SM
MD
LG