Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Орусиянын Африканы колго алуу далалаты


Президент Владимир Путин Орусия-Африка саммитинде.
Президент Владимир Путин Орусия-Африка саммитинде.

Орусиянын президенти Владимир Путин Африка менен соода алакасын көбөйтүүнү көздөйт. Орус мамлекет башчысы Сочиде өтүп жаткан саммитте бул ниетин баса белгиледи.

Эки күндүк жыйынга Путин менен кошо Африка Биримдигинин учурдагы төрагасы, Египеттин президенти Абдел Фаттах Ас-Сиси төрагалык кылууда. Кремлдин маалыматына караганда, форумга 43 мамлекеттин өкмөт башчылары, 11 өлкөнүн министрлери жана элчилери катышып жатат. Бардыгы болуп иш-чарага 10 миңдей киши чакырылган.

Путин өткөн жылы ортодогу соода жүгүртүү 28 жарым пайызга өсүп, 1 миллиард долларга жеткенин, бирок бул жетиштүү эмес экенин, алдыдагы беш жылда сооданын көлөмүн жок дегенде эки эсе көбөйтүү керек болорун айтты:

Владимир Путин жана Абдел Фаттах Ас-Сиси. 23-октябрь, 2019-жыл.
Владимир Путин жана Абдел Фаттах Ас-Сиси. 23-октябрь, 2019-жыл.

- Орусия - Африканын рыногун азык-түлүк менен камсыздаган алдыңкы 10 өлкөлөрдүн бири. Биз үчүнчү өлкөлөргө курал-жаракка караганда айыл чарба өндүрүмүн көбүрөөк экспорттойбуз. Курал-жарак 15 миллиард долларга болсо, айыл чарба өндүрүмү 25 миллиард доллардын айланасында деп ойлойм. Бул тармакта да өнүгүү потенциалыбыз жакшы.

Батыш өлкөлөрү жана Кытай жакынкы жылдары калкы, демек кардарлар рыногу өсүп, инновациялык борборго айланып, мааниси артып бараткан Африкада терең тамыр жаюуга үлгүрүшкөн. Орусия менен Индия эми-эми континенттеги таасирин кеңейтүүгө аракет кылып келатышат.

Москва советтик доордо ал жердеги негизги оюнчулардан болгону менен 1991-жылы СССР таркагандан кийин таасири кыйла төмөндөп кеткен.

Ал арада Кытай Африка өлкөлөрүнө соңку 20 жылда ондогон миллиард доллар салып келатат. Пайда табууну көздөгөн Бээжин көп учурларда адам укуктарынын бузулушун көз жаздымда калтырып коёт.

Кейптаунда жашаган саясат талдоочу, Африка таануучу Ирина Филатова «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус редакциясы менен болгон маегинде Орусиянын континентке кайтып жатышынын белгилери байкалганын айтып берди:

- Албетте, Орусиянын Африкадагы таасири Кытайдыкына караганда анча байкалбайт. Континенттеги өлкөлөрдө иштеген кытайлар, кытайлык фирмалар көбөйдү. Мисалы, Түштүк Африка Республикасында мектептерде кытай тилин киргизгени жатышат. Орусиянын Борбордук Африка Республикасындагы аскерлери, орусиялык ишкерлердин саамалыктары тууралуу кабарлар көбөйдү. Түштүк Африкада атомдук станция куруу долбоору ишке ашпай калган эле. Балким эми курулат.

Орусия-Африка саммитинин коноктору.
Орусия-Африка саммитинин коноктору.

Саммиттин алдында ТАСС маалымат агенттигине берген интервьюда Путин Батыш мамлекеттерин «африкалык эгемен өкмөттөргө кысым көргөзүшөт, коркутушат же шантаж кылышат» деп сындаган.

Батыштын санкцияларынын айынан экономикасы бир нече жылдан бери дымып турган Орусия Африкада саясий өнөктөштөрдү да табууну максат кылат.

- Саясий өңүтүн алсак, Африка өлкөлөрү Бириккен Улуттар Уюмунда эң чоң блок түзүшөрүн түшүнүшөт. Алардын добушу катуу чыгат. Алар муну талкуулоого даяр. Москва ал блок менен мамиле түзө алса, албетте, саясий көз караштан Орусияга, биринчи кезекте президент Путинге жана администрациясына пайда алып келет. Путин азыркы глобалдуу "дүйнөлүк архитектураны" кайра куруу керек экенин көп айтат. Бул жагынан Орусия Африкага белгилүү бир ролду бөлүп берген, - деп белгилейт саясат талдоочу, Африка таануучу Ирина Филатова ​.

Эксперттердин баамында, Орусиянын Африка менен аскердик кызматташтыгы Кремль үчүн өтө маанилүү. Жогоруда сөз болгон интервьюсунда Путин Москва ушу тапта Борбордук Африка Республикасы, Ливия, Судан, Мозамбик, Руанда жана бир катар башка мамлекеттер менен «аскердик тармакта кызматташып жатканын» ырастады.

Былтыр Орусия Африка өлкөлөрүнө 2 миллиард 36 миллион долларга курал-жарак саткан. 2014-жылдан бери Москва континенттеги 20дан ашуун мамлекет менен аскердик кызматташтык тууралуу келишимдерди түзгөн.

Саммитте Путин ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу сөз кылып, орусиялык университеттерде миңдеген африкалык студенттер окуп жатканын белгиледи.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG