Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:50

Путин vs Эрдоган: тиреш экономикага өттү


Стамбулдагы туристтер үчүн дүкөн
Стамбулдагы туристтер үчүн дүкөн

Орусиянын өкмөтү Түркияга карата айрым экономикалык санкцияларды киргизилгенин жарыялады.

Кремль Түркиядан ташылчу айрым товарларга тыюу салып, 1-январдан тарта Орусиядагы түркиялык компаниялардын ишмердигине жана түрк жарандарын жумушка алууга чектөөлөр киргизиле турган болду. Бул тууралуу президент Владимир Путин атайын жарлыкка кол койду.

Көрүлгөн чаралардын көздөгөн максаты эмне?

Өкмөткө Түркия менен Орусиянын ортосундагы чартердик авиакаттамдарга тыюу салуу чараларын киргизүү жагы тапшырылды. Ошондой эле түркиялык жүк ташуучулар менен деңиз жолу аркылуу порттон жүк ташыгандардын ишмердигин көзөмөлдөөнү күчөтүү маселеси көтөрүлдү.

Мындан сырткары орусиялык туроператорлорго Түркияда иштөөдөн баш тартууга багытталган эскертүү берилген. Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Игорь Шувалов жакында киргизилген бул чаралардын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат бериши күтүлүп жаткан.

Анткен менен бул санкциялар Түркия менен Орусиянын ортосундагы “Аккую” атомдук станциясынын жана “Түштүк агымы” газ кууру сыяктуу ири долбоорлорго киргизилген жок. Буга чейин Москва аталган ири долбоорлорду ишке ашыруу токтотулушу мүмкүн экенин жарыялаган болчу. Жалпы суммасы 20 миллиард евродан ашуун каражат жумшала турган бул эки долбоордо Орусия менен Түркиянын стратегиялык кызыкчылыгы камтылган. Ошондуктан экономика жаатындагы адистер Орусиянын Түркияга карата чараларын экономикалык блокаданы ичине камтыган эмбарго катары эмес, кадимки майда деңгээлдеги чектөөлөр катары кабыл алуу туура болот деп түшүндүрүшүүдө.

Ошол эле учурда Түркиянын Тышкы иштер министрлиги атып түшүрүлгөн Су-24 учагынын айынан чыккан чатакка байланыштуу өзүнүн жарандарына Орусияга барбай турууну сунуштаган. Түркиялык тышкы саясат мекемесинин билдирүүсүндө жарандар Орусиядагы сапары учурунда ар кандай кыйынчылыктарга кептелиши мүмкүн экени эскертилген.

Москвадагы Түркиянын элчилиги Орусиядагы түрк жарандарынан түшүп жаткан арыз-даттанууларга тиешелүү бийлик органдарынан түшүндүрмө алалбай жатканын билдирген.

“Кийинки күндөрү элчиликке Орусиянын ар кайсы шаарларында жашаган түрк жарандарынан расмий бийлик органдары басым көрсөтүп жатканы тууралуу даттануулар түшүүдө. Андай арыздар негизинен ишкерлерден, жумушчулардан жана студенттерден түшкөн”, – деп билдирген Түркиянын Москвадагы элчилиги.

Эрдогандын ниети

Ошол эле учурда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ишемби күнү мурдагы позициясын бир аз жумшартып, орусиялык учактын кыйрашына жана анын болжолдуу кесепеттерине байланыштуу кайгыра турганын билдирген:

- Биз мындай болушун каалаган жок элек. Бирок, тилекке каршы, мына ушундай окуя болуп кетти. Бирок мен мындан ары буга окшогон нерсе экинчи кайталанбашына үмүт кылам. Мындай нерсе болбош керек эле.

Ошол эле кезде Эрдоган Орусиянын Сириядагы саясатын сынга алды. Анткен менен Эрдоган Парижде өтүп жаткан климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу саммитте Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар экенин экинчи ирет билдирди. Ошол эле учурда Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Париждеги саммиттин алкагында Путиндин Эрдоган менен жолугушуусу каралбаганын айтты.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо жаңы жылдан тарта Орусия менен Түркиянын ортосундагы визасыз режим токтотула турганын жарыялады. Буга чейин Орусия Түркия менен аскердик кызматташтыкты токтотконун билдирген. Президент Путин түрк аскер аба күчтөрүнүн учакты атып түшүрүүсүн "далыга урулган сокку" катары баалаган болчу.

XS
SM
MD
LG