Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Анархисттер Рим шаарында кош жардыруу уюштурушту


Полиция Чили элчилигинде болгон жардыруудан кийин ал жерди курчоого алды, Рим, 23-декабрь, 2010-жыл
Полиция Чили элчилигинде болгон жардыруудан кийин ал жерди курчоого алды, Рим, 23-декабрь, 2010-жыл

23-декабрда Римдеги 2 элчиликте чакан бомбалар жарылып, 2 киши жарадар болгон. Ал үчүн жоопкерчиликти анархисттер өздөрүнө алышты. Өткөн айда ушундай эле окуялар Грецияда болгон.

Швейцариянын дипломатиялык миссиясында болгон жардыруудан 1 киши жараланды. Доктурлар ал колунан ажырашы мүмкүн дешүүдө. Жардыргыч зат чакан конвертке салынганын Италия полициясынын өкүлү Маурицио Меззавилла кабарчыларга маалымдаган:

- Жараат алган адам Швейцария элчилигинин кызматкери. Ал почтадан келген таңгакты ачып жаткан кезде жарылуу болгон. Ал азыр Римдеги ооруканада дарыланып жатат.

Дээрлик 3 сааттан кийин шаардын ошол эле бөлүгүндө орун алган Чили элчилигининде да жардыруу болуп, миссиянын административдик кызматкери колунан жеңил жараат алды. Элчи Оскар Годойдун айтымында, конверт маданий атташеге жиберилген. Ал бул окуяны “акылга сыйбас, карасанатай терракт” деп атады.

Ошол эле замат Римдеги чет өлкөлүк миссиялардагы коопсуздук режими күчөтүлдү. Бир нече шектүү таңгактар Украина, Словения, Эстония элчиликтеринде табылганы маалымдалып, бирок полиция аларды текшергенде эч кандай жардыргыч заттар жок болуп чыкты.

Италиянын ички иштер министри Роберто Марони жардыруулардын артында анархисттер турат деген шектенүүлөр бар экенин мамлекеттик телевидениеден билдирген.

Айткандай эле, кечке жуук ошол эле Чили элчилигинин жанына кимдир бирөөлөр Анархисттердин бейрасмий федерациясынын атынан жазылган кайрылууну таштап кетишти. Анда уюм жардырууларды ишке ашырганын моюнга алып, “сөз менен гана эмес, конкреттүү иштер менен” өздөрү жөнүндө кайрадан кабар берүүнү көздөгөнүн айткан.

Ушул өңдүү окуя өткөн айда Грецияда катталган. Радикалдуу анархисттер деп шектелген топ Афиныдагы 14 элчиликке, Франция президенти, немис канцлери, Италиянын өкмөт башчысынын кеңселерине каттарга салынган бомба жөнөтүшкөн. Алардын көпчүлүгүн полиция колго түшүрүүгө үлгүргөн.

Афиныдагы кол салууларды уюштурган уюм Греция жана башка өлкөлөрдөгү анархисттерди өз аракеттерин күч алдырууга үндөгөн. Греция полициясы буга чейин да эки өлкөнүн радикалдары бири бирине “тилектештик” билдирип келишкенин белгилешет.

Италиянын ички иштер министри болсо Греция жана Испаниядагы ашынган топтор Италиядагы анархисттер менен байланышып турушканын ырастады.

Италия полициясына майрамдар алдында адаттан көп иштөөгө туура келди. Римде 21-декабрда метродо жардыргыч зат табылган. Анда адистер бомба детонаторсуз коюлган деген бүтүмгө келишкен. Ансыз да Европанын бир катар өлкөлөрү Ыйса пайгамбардын туулган күнү, Жаңы жыл алдында исламчыл топтордун ар кандай теракттарынан чочулап турган кез.

XS
SM
MD
LG