Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

"Рахима боорукер, тың болчу". Бычак жеген келиндин үч баласы жетим калды


Бишкекте Рахима Айкымбаева күйөөсүнүн колунан каза болду. 5-апрель, 2024-жылы.
Бишкекте Рахима Айкымбаева күйөөсүнүн колунан каза болду. 5-апрель, 2024-жылы.

Бишкектин четинде күйөөсүнөн колунан ажал тапкан 34 жаштагы Рахима Айкымбаеванын сөөгү жерге берилди. Үч баланын энеси 4-апрелге караган түнү бир нече жеринен бычакталганы маалым болду. Кылмышка шек саналып 33 жаштагы жаран кармалып, эки айга камалды.

Укук коргоочулар жана жарандык активисттер соңку кезде аялдарга зомбулук күч алганын кескин сынга алып, аны токтотуу талабын коюшууда.

Кырчындай кезинде зомбулуктун курмандыгы болгон Рахима Айкымбаева 9-майда 34 жашка чыкмак. Артында чиедей үч баласы калды. Балдарынын кичүүсү төрт жашта.

"Рахиманы биз башкаларга үлгү кылып көрсөтчүбүз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:58 0:00

Маркумдун жакындарынын айтымында, бул Рахиманын үчүнчү турмушу. Чогуу жашаган жети жылдай убакыт ичинде ал күйөөсүнөн бир канча жолу зомбулук көрүп, жараат алган учурлары дагы болгон. Мунун айынан Рахима ажырашууга бел байлаган.

Келиндин апасы Салкынай Курманованын айтымында, каргаша тооруган күнү кылмышка шектүү кайын-журтунан кечирим сурап, жубайлар жарашкан экен. Арадан бир сутка өтпөй, ал кызынан айрылып отурат.

Рахима Айкымбаеванын апасы Салкынай Курманова. 5-апрель, 2024
Рахима Айкымбаеванын апасы Салкынай Курманова. 5-апрель, 2024

"Күйөө бала "апа, мен дааватка чыгып келдим, беш убак намаз окуп жатам, орозонун урматына бизди элдештирип коюңузчу" деп жалдырап, мурду дирилдеп ыйлап келгенинен аябадымбы. Бул жерде менин дагы күнөөм бар - эмнеге аядым? Ага боорум ооруп, кызымдан ажырадым. Эмне деген заман болуп жатат? Балдардын, аялдардын укугу качан корголот? Ушинтип ар бир ата-эненин чырактай кызы өлө береби? Эмнеге аялдарына кол көтөргөндөрдү катуу жазалашпайт? Чырактай кызымдан ажырап отурам. Бизге окшогон ата-энелер боздоп-сыздап, балдары жетим кала береби? Солкулдаган келиндер бычакталып, муунтулуп өлүп атат. Акыйкат, чындыкты кайдан издейбиз?".

Бишкекте Рахима Айкымбаева күйөөсүнүн колунан ажал тапты. 5-апрель, 2024-жыл.
Бишкекте Рахима Айкымбаева күйөөсүнүн колунан ажал тапты. 5-апрель, 2024-жыл.

Рахиманы жакшы тааныгандар ал тың, боорукер жана кайраттуу болгонун айтышты. Турмуштун бир топ сыноосун баштан кечирген Рахима өзү өңдүү зомбулукка кабылган, миграциядан кайтып келген жалгыз бой аялдарга кол сунуп, жардамын аячу эмес экен.

Маркумдун эжеси Миргүл Балжыева сиңдиси тууралуу буларды айтты:

Рахима Айкымбаеванын эжеси Миргүл Балжыева. 5-апрель, 2024
Рахима Айкымбаеванын эжеси Миргүл Балжыева. 5-апрель, 2024

"Рахима ыйман жолунда түз жүргөн кыз болчу. Ушундай мыкаачынын колунан каза болуп жатат. Конушка келгенде кимдин баласы мектепке кире албай жатса же көйгөйү болсо кошо чуркаган активдүү кыз болчу. Күйөөсү урганда милицияга кайрылган учурлар болгон. "Үй-бүлө маселеси, өзүңөр чечишип алгыла" деп коюшкан экен бир барса. Өзү ыйлап "мындай жашоо болбойт экен, жыйыштырбасам болбойт" деп айтып калчу. Күйөөсү улуу балдарын өгөйлөп зомбулук көргөзгөнүн айтып жүрдү. Акыры ошонун колунан ажал тапты. Убагында ушул кишиге мыйзам чегинде чара көргөндө бул балээ болбойт эле. Жашабайм десе болбой жармашып жүрүп, акыры өлтүрүп тынды".

Маркумдун өкүл апасы Бурмакүл Жамакееванын айтымында, Рахима күйөөсүнүн зомбулугуна бир канча жолу кабылып, акыркысында оор жараат алган:

Рахима Айкымбаеванын өкүл энеси Бурмакүл Жамакеева.
Рахима Айкымбаеванын өкүл энеси Бурмакүл Жамакеева.

"Рахиманы күйөөсү сабап, казан менен башка урганда дагы ызы-чуу болгонбуз. Ошондон кийин ажырашам деп жүрүп кайра элдешти. Рахимага күйөөсү тынчтык берчү эмес. 27 жолу бычак менен саят деген эмне шумдук? Эмнеге Рахима бир үн чыгарган жок, балким күйөөсүнүн жанында бирөө болгонбу деп шек санап жатабыз. Кичинекей кызы менен жаткан экен, кызы дагы кан болуптур. Кошуна бөлмөдө эки баласы жаткан. Муну аябай кордоп туруп өлтүргөн. Мурда эле пландап жүргөн окшойт. Сот эми анын жазасын жеңилдетпеши керек".

Жакындарынын айтымында, маркум келин өзүнө бычак шилтеген үчүнчү күйөөсүнөн бир балалуу болгон. Бирок ымыркай тубаса майып төрөлгөндүктөн чарчап калган. Ошондон кийин кичүү кызын асырап алган экен. Үч баласын чоңойтуп, жакшы тилек менен салган жаңы үйүнөн сөөгү чыкканы келинди тааныгандардын зээнин кейитти.

Рахима каза болгону тууралуу социалдык медиага алгач укук коргоочулар жазып чыгышты.

"Балдар укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова Рахиманы ур-токмокко сынып калбаган эрктүү аял болчу деп эскерди.

Укук коргоочунун айтымында, келин айрым долбоорлорго катышып, үйүн бүтүрүп, чакан ишкерлигин түптөөгө умтулуп, акыркы кезде ушул багытта окуп да жаткан экен.

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

"Рахима бизге сегиз жыл мурда юридикалык жардам сурап келген. Бизден жардам алгандан кийин кошуналарына, кыйналган келиндерге кол сунуп, "жетим балдар үйүн ачам" деп жүрчү. Үй-бүлөлүк жашоосун чечилип айта берчү эмес. Бирок бир-эки жолу кыйналып кеткенинин четин чыгарган. Рахиманы биз башкаларга үлгү катары көрсөтчүбүз. Москвага барып иштеп келди. Ал жактан кыйналып келгени менен, тез эле ирденип кетти. Ар дайым өзүн өнүктүргөнгө аракет кылчу. Тигүү машинасын өнөктөштөр менен биз биринчи болуп алып бергенбиз. Каражаттан кыйналганда кээде тамак бышырып сата койчу, балдарын жакшы тарбиялап, жакшы бакчу. Үй тазалоочу компания ачып, жаңы эле ишин баштаган".

Бишкек шаардык милициясы 4-апрелде келиндин өлүмүнө шек саналып 33 жаштагы Б.К. аттуу жаран кармалганын билдирди. Маркумдун туугандары шектүү жазасын жеңилдетүү үчүн милицияга өзү барганын айтышууда.

Келиндин өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козгоголуп, тиешелүү экспертиза дайындалды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-апрелде шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны4-июнга чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.

Зомбулук канткенде азаят?

Укук коргоочулар жана жарандык активисттер соңку кезде аялдарга зомбулук күчөгөнүн кескин сынга алып, аны токтотуу талабын коюп жатышат.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева окуяны өз көзөмөлүнө алганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул тапта Акыйкатчы институту кыз-келиндерди зомбулуктан коргоо мыйзамын жакшыртуу максатында мониторинг жүргүзүп жатат. Өткөн жылы аталган мекемеге 100дөн ашуун адам кайрылган. Алардын ондон ашууну балдарга карата сексуалдык, тогузу үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кайрылган.

Аталган мекеменин аппарат башчысы Наиля Токтосунова аялга зомбулук көрсөткөнү үчүн берилчү коргоо ордери өз функциясын аткарбай жатат деп эсептейт:

Наиля Токтосунова.
Наиля Токтосунова.

"Кыргызстанда коргоо ордери өз функциясын жеткиликтүү аткарбай жатат. Экинчиден, улам кайталап, зомбулук көрсөткөн адам коррекциялык программадан өтүшү керек. Бирок расмий маалымат боюнча миңдеген зомбулук фактысы катталганына карабай, 98 гана киши ушундай программадан өткөн. Милиция кызматкерлери бул мажбурлоо эмес, ар ким өз ыктыяры менен өтүшү керек деп түшүндүрүшөт. Бул көрүнүштү азайтып, мыйзамды жакшыртуу максатында Акыйкатчы институту мониторинг, зомбулуктан коргоо мыйзамына талдоо жүргүзүп жатабыз. Анын жыйынтыгы менен Министрлер кабинетине сунуштарды беребиз".

Рахиманын өлүмүнө удаа эле 4-апрелде Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну өзү менен чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шек саналып кармалды.

Милиция таштандыдан табылган аялдын тек-жайын аныктап, анын киши колдуу болгону такталган. Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмышка шек саналып 52 жаштагы киши кармалып, эки айга камакка алынды. Милиция тараткан маалыматта айтылгандай, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, эркек маркумду балка менен башка чаап, моюнун толгоп өлтүргөн. Сөөктү ашканада тогуз күн кармап, андан кийин үйүнүн жанындагы таштандыга таштап кеткен.

Эки окуяда тең шектүүлөрдүн жакындары жана адвокаттарынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Аялдардын укугун коргоочулар жана жарандык активисттер кыз-келиндерге карата зомбулуктун тыйылбай жатканына тынчсызданышууда. Зомбулуктун курмандыгына айланган аялдар маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү.

Былтыр күзүндө Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кескилеп салганы коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылганы, беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) эсебинде, өлкөдө жыл башынан бери эки айда үй-бүлөлүк зомбулуктун 2523 фактысы катталган.

Мунун ичинен 70 факты боюнча кылмыш иши козголгон. Анын ичинде эки иш Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен, төрт иш аталган кодекстин 130-беренси ("Саламаттыгына оор залал келтирүү"), экөө 131-беренеси ("Саламаттыгына анча оор эмес залал келтирүү"), 12 иш 154-берене ("Зордуктоо") жана башка беренелер менен козголгон.

Булардын ичинен 32 иш сотко жөнөтүлүп, 25 иш өндүрүштөн кыскартылган, учурда өндүрүштө 13 кылмыш иши бар.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча эки айда 2247 адамга, анын ичинен 2086 аялга, 112 эркекке жана 49 балага коргоо ордери берилген.

Бузуулар кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен 764 протокол түзүлүп, 727 протокол сотко жиберилген. Айыпталган 204 адам сот чечими менен административдик иштерге тартылса, 396 адам камакка алынган. Бузуулар кодексинин 71-беренеси (Ордердин шарттарын аткарбоо) боюнча алты протокол түзүлгөнү кабарланды.

Былтыр 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп экени айтылган. 2021-2022-жылдары өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгон.

2017-жылы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинин Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 177-беренесине ылайык, кылмыш кылган адам эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок депутаттар бул чаралар жетишсиз экенин белгилеп, мыйзамдарды толуктоону сунуштап жатышат.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда өзүнүн 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялады. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG