Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Ашынган “калмак-фобду” эликтөө...


Манастын айкели. Улуу-Чат шаары, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, КЭР. 2014-жылдын 8-июлу.
Манастын айкели. Улуу-Чат шаары, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, КЭР. 2014-жылдын 8-июлу.

Кыргызстандык айрым ашынган улутчулдар көзүнө кандай жамандык элестетилсе да, анын себебин “калмактан” көрүшөт. “Күлкү кербендин” кезектеги шиңгили Т.Чоротегиндин "калмак-фобия" тууралуу саясий-публицисттик жанытмасын сунуштайт.


Мындай сезим Батышта далай элдердин түркөй улутчулдарында болгон. Кыргыздар бул жаатта “Американы” ачкан жок.

Батыш Европанын далайын убактылуу басып алган фашисттик диктатуранын кожоюну Гитлер, маселен, баары-жоктун баарынын өксүктөрүн жөөттөрдөн көргөн, аларды миллиондоп концлагерлерге жөнөткөн, муну “Холокост окуясы” деп азыр ачык жазып келишет.


Сталин болсо капиталист, бай-манап, кулак сыяктуу эзүүчү таптын өкүлдөрүнүн “эсебин тапкан” соң, большевик партиялаштарынан болгон “троцкийчилерге” камчысын кезеген, андан соң өмүрүнүн акырында ал да жөөттөргө каршы өнөктүктөр уюштурган.

1966-жылы 16-майда КЭРде “маданий ыңкылап” деген кыймыл башталган. Он жыл ичинде анын айынан миллиондон ашуун киши өлгөн, миллиондогон кишилер запкы тартышкан.

50 жыл өткөн соң, 2016-жылы 17-майда кытайлык расмий "Женьминь жибао" гезитинин баш макаласында бул “маданий ыңкылап” – эбегейсиз зор катачылык болгону, аны эми эч кайталабоо керектиги белгиленди.


Кызыл кхмерлер үстөмдүк кылган маалда Камбожада (коммунисттик Кампучияда) кичине эле кайчы пикирде болгондун бардыгын жазалап, 2 миллиондой кишини өлтүрүшкөн. Аларда жөөттөр болбогондуктан, өздөрүнүн эле тегиндегилерди сталиндик ыкмада кыйсыпыр түшүрүп кырышкан.

Руандада хуту уругундагылар тутсилерди кырды, Босния-Герцеговинада ортодокс христиан сербдер мусулман босниялыктардын өкүлдөрүн кыргынга учуратты.

Айтор, XX кылымдын акыркы он жылдыгына чейин балээнин баарын башка этностон көрүп, аларды жазыксыз жерден куугунтуктаган бул балакет улантылды.

Жаңы кылымда, береги эле 2017-жылы, Бирманын (Мянманын) Ракхайн, Качин жана Шан штаттарында мусулман дининдеги рохинжа элине каршы бирмалык аскер күчтөрү жырткычтык чабуул жасап кыргынга учуратты.


2019-жылы 11-декабрда Нобел тынчтык сыйлыгынын ээси, Бирманын мамлекеттик кеңешчиси (иш жүзүндө, жарандык бийликтин башчысы) Аун Сан Су Чжи Гаагадагы эл аралык сотто чыгып сүйлөп, бирмалык аскер жетекчилигинин кылмыштарын актоого далаалат жасаганда, анын буга чейинки кашыктап чогултулган кадыр-баркы чөмүчтөгөндү мындай коёлу, тим эле челектеп төгүлдү.


Мындай жосунсуз окуялар Евразияда деле улантылып жатканын көрүп келебиз.

Эгемендикти, кайрадан Украина менен бирдикте жашоону эңсеген крым татарлары Орусия каратып алган Крымда куугунтукка кабылганын окуп өкүндүк. Улуу Атамекендик согуш маалында жазыксыз жерден депортацияга кабылган чакан крым татар элинен алты киши “Советтер Союзунун Баатыры” болгон (Аметхан Султан бул наамды эки жолу алган). Эми алар кайрадан этностук куугунтукка кабылууда.

Өлкөбүздүн коңшусу Кытайдын Шинжаң Уйгур Автоном районунда жашаган уйгур, казак, кыргыз сыяктуу жергиликтүү мусулман калктарынын айдыңдары 2018-жылдан бери куугунтуктун ар кыл түрлөрүнө кабылып, жүз миңдеген өкүлдөрү маолук “маданий ыңкылаптагы” зомбулук доорду элестеткен “кайра тарбиялоо лагерлери” деп аталган жайларда кармалганын бүт дүйнө санааркоо менен айтып келет.

Демек, ашынган улутчулдуктун “вирусу” дагы эле планетада жойлоп жүрөт. Ал азыркы коронавирустан да коркунучтуу, себеби таажы вирусун эмдөө жолу менен жеңе алчу болсок. Ал эми мээге орноп алган ашынган улутчулдуктун вирусун оңой-олтоң мээни шамалдатып жогото албайбыз.

Бул вирустун диагнозу – ачык айтуу, ачык талкуулоо жана коомдук пикир аркылуу анын зыяндуулугун жалпыга эскертүү.

Эгерде бул жанытма делген макаладан жеңил күлкү издеген замандашым болсо, дароо эле ушул жерден башка макалаларга өтүп кетиңиз, деп кеңеш берем. Себеби буга чейинки саптарда да, мындан кийин да күлкүгө кылайган орун жок.

Деги, оор диагноз коюп жаткан дарыгер бейтапты күлдүргөн учурду сиз көрдүңүз беле?

Диагноз койгондо, адатта, дарыгерден “мындан ары канча убакыттык өмүрүм бар?” деп жан талашып сурашат.


Мен айтаар элем: улут үчүн бул диагноздогу оорудан сакаюу үчүн өтө аз гана убакыт бөлүнгөн. Өтө аз...

Оорунун алгачкы симптому... бул “калмак-фобия”... Анын мааниси мындай – кайсы бир жеке турмушунда, саясий же башка карьерасында жолу болбогон учурда айрым улутчул кыргыздарга баары жоктун бардыгына тоскоол болгон жоолор негедир “калмактын кебетесинде” көрүнө берет.

Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын эпостук вариантын талкууласа да, андайлардын көзүнө калмак тим эле желмогуздай көрүнөт, эпоско таандык айкелдерди талкууласа да, тымызын жайнап келген калмактар айкелчилердин мээсине кирип алгандай сезилет.

Ал эми “Манас” эпосун же башка баатырдык дастандар менен санжыраларды тарыхый окуяларга салыштырып таразалап көрсөк, кыргыздын 3 миң жылдык тарыхында ойроттор менен согуштар, карым-катнаштар, дипломатиялык жана башка алакалар – болгону үч кылымдай гана убакытты камтыйт экен (демек, калмактар менен кагылыш – алардын узак тарыхынын бир чакан гана бөлүгүнө таандык).

“Манас” эпосунда кыргыздар кытайларга да, манчжурларга, шибейлерге (сибо – манчжур илдүү этнос) да каршы согушканы айтылат. Тарыхта кыргыздар хундарга каршы да, хундар менен биригип, башка элдерге да каршы согушкан, жуан-жуандарга каршы согушта Чыгыш Теңир-Тоодон Энесайга чегинүүгө аргасыз болгон, Тибет менен дос болуп, кайра тибеттиктерге каршы согушкан, Чыгыш Түрк каганаты, уйгурлар, кара кытайлар (кидандардын батышка көчкөн бөлүгү), монголдор менен согушкан. Эмир Темирдин мамлекетине каршы түрк тилдүү моголдор тарабында согушкан, кайра могол хандарына каршы күрөш жүргүзгөн. Казактар менен дос болуп, кайра алардын Абылай, Кенесары деген султандарынын баскынчылыгына каршы согушкан. Кыргыздын бир даары Кокон хандыгын колдоп, экинчилери ал хандыкка каршы тынбай урушкан.

Анан, албетте, сырткы душман табылбай турганда, кыргыздар бири-бири менен да согушкан. Буга 1850-жылдардагы бугу-сарыбагыш чабышын гана эмес, Чыгыш Теңир-Тоо менен Ак-Тоодо ак-тоолук жана кара-тоолук деп ар башка сопуларды колдоп, кыргыздар бири-бирине каршы чабышкан учурларды да кошуп айта кетсек болот.

Эми ушундай толгон-токой тарыхый “жоолору” бар улутчул кыргыздардын азыркы “чыгаандары” эмне үчүн калмактарды гана бөлүп алышат?

Бир чети, ойротторго каршы эң акыркы согуш 1758-жылдын тегерегинде аяктагандыгы – улуттун тарыхый эс-тутуму үчүн унуткарыла элек, дегендей туюлушу мүмкүн.

Жакында 1812-жылкы Наполеондун Орусияга кол салган маалында набыт болгон эки тараптын тең жоокерлери орусиялык Вязьма шаарында арууланып жерге берилди. 2021-жылдын февралындагы ошол эскерүү окуясы маалында жулмалаша түшкөн орус жана француздар болду бекен? деп аябай кызыгып сурап көрдүм.

Вязьма шаарында 1812-жылы набыт кеткен 126 жоокердин сөөгүн кайра коюуга француз жана орус колбашчыларынын урпактары катышты. 2021-жылдын 13-февралы.
Вязьма шаарында 1812-жылы набыт кеткен 126 жоокердин сөөгүн кайра коюуга француз жана орус колбашчыларынын урпактары катышты. 2021-жылдын 13-февралы.

Булар "эси жок" эл тура, тарыхый эстутуму таптакыр өчкөн экен: конок ээси болгон “манкурттардын” эч кимиси "1812-жылы Наполеон бизге кол салган болчу", деп конокко келген француздарды жулмалашпаптыр. Кайра чогуу тост көтөрүшүп, каалоолорун айтып, кучакташып бири-бирин узатышыптыр.

Анан “калмак-фобиянын” экинчи чети чыгат экен: 1755–57-жылдардын тегерегинде цин-манчжур аскерлери ойроттордун бир нече жүз миңдеген калайыгын айрымдардын пикиринче, 80 пайыздайын) кырып салышкан.

Цин-манчжур императору Цянлун көчмөн ойротторду цивилизациядан баш тарткан варварлар, киши кебетелүүлөр катары санап, аларды жазалоодо “Асман өзү императорду колдоду” деп билдирген. Ойроттордун анча-мынча аман калгандарынын бир даары Эдил боюна чейин качып барып жан сактаган (алардын урпактары азыр Калмыкияда байырлайт), калганы Монголия, Тибетке жана мусулмандык Тарим өрөөнүнө чейин жан соогалап качкан.

Тарыхчы, булак таануучу Хошуд Цэнгэл (Бээжин, КЭР), Жети-Өгүздүн Тамга-Таш жергесиндеги ойроттордон калган жазуунун жанында. Кыргызстан. 12.6.2019.
Тарыхчы, булак таануучу Хошуд Цэнгэл (Бээжин, КЭР), Жети-Өгүздүн Тамга-Таш жергесиндеги ойроттордон калган жазуунун жанында. Кыргызстан. 12.6.2019.

Албетте, ашынган кыргыз улутчулдары үчүн азыр дүйнө жүзүндөгү жалпы саны 850 миңге жете бербеген, этностук азчылык катары көп аймактарда жапа чегип жаткан жана четинен өз кимдигин унута баштаган ойротторду – “калмактарды” негизги душман катары саноодон оңой эч нерсе жок.

Мына, эми бирмалык бутпарастардын рохинжа деген мусулман элин кодулагандай эле болуп жатканыбызды ашынган улутчулдарыбыз аңдабаса да, башка мекендештерибиз аңдашы керек го дейм.

Албетте, КЭРдин бийликтери ШУАРда бардыгы тынч эле, Батыштын империалисттери ал жактагы кыргыздарга жана башка калктарга кысым болуп жатат деп жалган маалымат таркатып жатышат, деп келет.

Ылайым ошондой болсо экен! Бул – Батыштын эле жалган үгүтү экени тастыкталса экен, биз абакта жатат деп ойлогон тилчи, фолклор таануучу, этнограф окумуштуу Мамбеттурду Мамбетакун менен тарыхчы Аскар Жунус аман-эсен Бишкектеги илимий жыйындарыбызга кайрадан келе башташса экен!

Ылайым Кытайдын ШУАРындагы туугандарыбыз менен эркин телефон жана интернет баарлашууларыбыз 2017-жылга чейинкидей деңгээлге калыбына келтирилсе экен!

Ашынган кыргыз улутчулдары бир кезде Кыргызстанды Орусия басып алганын, падышалык жазалоочу аскерлер 1916-жылдагы кыргыздардын жана башка элдердин ири улуттук боштондук көтөрүлүшүн кандуу жазалагандыгын, Улуу Үркүндү окуп-билишсе керек, Атантай, Тайлак баатыр сыяктуу баатырларыбыз цин-манчжурдук Кытайдан эл-жерибиздин эгемендигин коргогондугун деле жакшы билишсе керек.

Бирок...

Бирок алардын ашынган жиндениши же жаалданышы 1 миллиард 300 миллиондуу кытайларга жана 140 миллиондуу орустарга каршы эмес, дээрлик жок болуп кете жаздап араң калган этностук азчылык болгон жана тээ илгери – XVI–XVIII кылымдарда (1812-жылдан алда канча мурда) согуш жүргүзгөн көчмөн ойротторго, алардын бир бучкагы болгон калмактарга каршы багытталып жаткандыгы – мына ушунун өзү таң каларлыктай эмеспи?

Мына ушунун өзү аргасыз шылдыңдын кермек даамы бар күлкүнү гана пайда кылат. Аргасыз күлкүнү...

Албетте, эч ким ханзуга деле, оруска деле эч качан кастарын тикпеши керек деңизчи, бирок өзүбүздөн да чакан элге "жоо болумуш этүүдөн" улутубузга упай түшпөстүгү да анык.

Эрдиги да, эси да жок, ордени бар эргул. Кимбайке (Т.Карыкеев) тарткан азил сүрөт. 05.07.2011.
Эрдиги да, эси да жок, ордени бар эргул. Кимбайке (Т.Карыкеев) тарткан азил сүрөт. 05.07.2011.

Эй, туугандар! 1812-жылдагы согушту бүгүнкү француздар менен орустар күлүп-жайнап эскерип жатышат, Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардын маалындагы уруш талааларынын орундарында азыр англис, француз, немис, белгиялык ж.б. генералдар кучакташып, өздөрүнүн орток арбактарын эскерип, тынчтыкта жанаша жашап жатышат.

Орусиядагы калган-каткан согуш ардагерлерине Германиядагы немистердин кайрымдуулук жардамы келип жатат. Орус туткундары тууралуу калыс маалыматты Германия интернетте ачык жарыялап жатат.

Ал эми КГБнын маалыматтары Орусияда алигиче элден катылып жаткандыгы үчүн эми орустар кайдагы бир немисти, французду же жөөттү эмес, өздөрүнүн авторитардык бийлигин гана күнөөлөй алат.

Анын сыңарындай, Кыргызстандагы 1920–50-жылдардагы сталиндик адилетсиз жазалоолор тууралуу КГБнын архивинин маалыматын кайсы бир сырткаркы ойрот менен калмактар эмес, өзүбүздүн эле бүгүнкү кып-кыргыз жетекчилерибиз ачыктоосу керек.

Бөркүмдөй эле көрөм, кып-кыргыздар эле өздөрүнүн далай чыгаандарын “эл душманы” деген шылтоо менен жазалатышкан.

Бирок бул – өткөн тарых да!

Кимбайкенин азил сүрөтү. 02.6.2011.
Кимбайкенин азил сүрөтү. 02.6.2011.

Кыргызстандагы 2005-, 2010- жана 2020-жылдардагы элдик ыңкылаптарга чейинки каршылаш баррикадаларга бөлүнгөндөр азыр коюн-колтук алышып, бир өкмөттө жана бир парламентте тынч иштеп жаткан чакта, эми 80 жыл илгерки тарых чындыгынан эмнеге коркобуз дейм да!

Балтика боюндагы жумурияттар, Украина айкындуулуктун ушул нугуна түштү – 1991-жылы тынч ойрон болгон мурдагы советтик мамлекеттин коопсуздук кызматтарынын архивдерин ачып коюшту, мындан алардын коомдорунун маалымдуулугу гана артып, коомчулугунун жан дүйнөсү гана тазарып калды.

Ыраматылык Салижан Жигитов кыргыздын “көрпенделерин” (орусча “обыватели”) чучугуна жеткендей сындачу, бирок анын сынын алигиче түшүнбөгөн жана өздөрүн колго тийген дипломго ылайык профессор, илим доктору, коомдук ишмер санаган айрым түркөйлөр аман турганда, анда улутту жарга кептөө ишин байсалдуу жүзөгө ашыруу үчүн сырткаркы жоонун деле эч кереги жоктой.

“Манас” эпосунда ушундай түркөйлөрдү жеңүүнүн кандайдыр-бир сыры, сыйкырдуу коду камтылган болду бекен?

Албетте, бар! Этностор аралык ынтымак аркылуу гана көп этностуу мамлекетти өнүктүрө аласыңар, мамлекеттер аралык достукту да чыңдагыла, деген ойду берүү үчүн, “Манас” эпосунун кайсы бир вариантын алсаңыз да, салттуу манасчылар Манастын досу, ишенимдүү чоросу – теги башка (кытай же калмак) Алмамбет экендигин, Манастын уулу Семетей – Букар ханынын жээни экендигин, небереси Сейтек – бир катар варианттарда ооган ханынын жээни болгонун (Саякбай Каралаевдин вариантында оогандын каны Акун перинин жаңы төрөлгөн кызын – Айчүрөктү талаадан таап алып, тарбиялагандыгы айтылат) саймедирлеп баяндап келишкен.

Букар ханы кайсы тилде сүйлөдү экен, же Ооганстан ханы дари, пуштун же чагатай түрк тилинде сүйлөдү бекен, аны эпос майдалап түшүндүрүп отурбайт: мамлекетти чыңдоо үчүн кеңири евразиялык көп багыттуу дипломатия керектигин гана мээбизге чүкөгө кыт куйгандай куюп коёт.

Каркырадагы Көкөтөйдүн ашына ар башка элдердин өкүлдөрүн арбын чакырып, “көчмөндөр олимпиадасы” деп шарттуу атоого татырлык элдик оюндарды уюштуруу жана спорт мелдештерин калыс жүргүзүү окуясы аркылуу да “Манас” эпосу коомубуз үчүн дагы бир осуяттын башын ачып жатат.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» түрмөгүнүн «Кыргыз күрөш» жыйындысына кирген күмүш жана жез-никел тыйын акчалары жүгүртүүгө чыгарылды. 30.11.2020.
«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» түрмөгүнүн «Кыргыз күрөш» жыйындысына кирген күмүш жана жез-никел тыйын акчалары жүгүртүүгө чыгарылды. 30.11.2020.

Баса, “Манастагы” айтылуу Жолойдун ысымы кара-кытайлардын Элүй-даши деген өкүмдарынын ысымына окшош экендигин маркум манас таануучу, этнограф Имел Молдобаев жана башкалар эскерген.

“Манас” эпосу да, Чыңгыз Айтматов атабыздын адабий мурасы да – ашынган улутчулдукка каршы мыкты дары, табылгыс эм.
Т.Чоротегин

Эми кара кытайларды да “азыркынын сөөк өчтү душманы” катары карайлы десек, саат басып, кидандар, XVII–XIX кылымдардагы манчжур өкүмдарлары сыяктуу эле, тарых сахнасында таптакыр жок болушту. Манчжурлардын КЭРдеги абсолюттук басымдуу бөлүгү өз эне тилин да унуткарган.

Ал эми XI–XIII кылымдардагы кидандардын батышка оогон бөлүгү болгон кара кытайлардын айрым урпактары кыргыз, каракалпак, өзбек, казак жана башка элдерге толук жуурулушуп кеткенине бир нече кылымдын жүзү болду.

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айматов – кыргыздын кытай уруусунан. Ушул факт бизге улуттун каймагы жана кеменгери болгон заманбап жазуучубузду “кидан урпагы экен” деп жерүүгө азыркы тапта шылтоо боло алабы? Татардын жээни болгон Ч.Айтматовдун калеминен чыккандан бийигирээк середеги адабий чыгарманы кайсы андан да “тап-таза болгон кыргыз” жаза алды?

“Манас” эпосу да, Чыңгыз Айтматов атабыздын адабий мурасы да – ашынган улутчулдукка каршы мыкты дары, табылгыс эм.

Каалаарым – ушул дары затты оболу өзүн манас таануучу жана коомдук ишмер санаган айрым ашынган “калмак-фоб” замандаштарыбыз тез арада ичип алышса экен!

Антпесе, алар өлкөбүздөгү этностор аралык ынтымакты бузган жана улутту ичтен бөлүп-жарган шойкомдуу инсан катары мыйзам чегинде жектелип калышы ажеп эмес!..

Бул жанытмадан дароо эле өзүн көрчүлөргө эскертээрим: ушул публицистикалык маанайдагы жанрдын өзгөчөлүгүн сыйлап, эч кимдин ысымын жазып отурган жокмун. Ылайым бул кишилерге деле тарыхый маалыматтарды тажатма усулда камтып жазылган ушул саптар сергитээр жана ойлонууга чакыра турган кошумча дары эле болсунчу! деп ойлодум.

Дүйнө – орток мухит. Бардык элдер анын орток кемесинде сүзүп келет. Деңиздерден таптакыр алыстыкта жашаган тоолуу өлкөдө байырлагандыгыбыз бул турмуш чындыгын танып коюуга бизге эч шылтоо боло албайт.

XS
SM
MD
LG