Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Тарых: Бугу уруусу жана кыргыз каганынын 648-жылдагы Тан сулалесинин ордосуна сапары


Түркиядагы Йедитепе университетинин профессору, булак таануучу Ахмет Ташагыл Улан-Батордогу музейде кытайча текст окууда. 07.5.2023.
Түркиядагы Йедитепе университетинин профессору, булак таануучу Ахмет Ташагыл Улан-Батордогу музейде кытайча текст окууда. 07.5.2023.

VI–VII кылымдарда кыргыздын бугу уруусу болгонбу? Тарыхчылар 648-жылдагы элчиликтен кабардарбы? Кыргыздын таланттуу заманбап акындарынын бири Толукбек Байзак орто кылымдардын эрте мезгилиндеги кыргыз тарыхынын айрым жагдайлары боюнча Фейсбукта кызыктуу талкууга жем таштады. Тарыхчынын блогу.

Сөз башы...

Толукбек Байзак Мендибаев – кыргыздын азыркы таптагы таланттуу акын, журналист жана котормочу айдыңдарынын бири.

Толукбек инибиз менен 1990-жылдары жана жаңы кылымдын башында Түркияда көп ирет жолугуп, чер жаза баарлашып жүрдүк. Ал өзү Кетмен-Төбөдөгү ажайып кооз Толук кыштагында туулуп-өскөн (аты да ушул кыштактын аталышынан коюлган).

Акын Толукбек Байзак Мендибаев
Акын Толукбек Байзак Мендибаев

1990-жылдардын башында, жаш кезинде, Толукбек Бишкектеги демократиячыл жүрүмгө жигердүү катышкан.

Айтмакчы, ал 2023-жылы март айында атактуу мажар акыны Шандор Петефи атындагы эл аралык сыйлыкка татыгандыгын ТҮРКСОЙдун жетекчиси Султан Раев Фейсбук аркылуу 15-мартта шардана кылгандыгы эсте.

Султан Раев мырзанын жазышынча, Мажарстандын (Венгриянын) Лекителек фонду менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюму мажар элинин атактуу акыны, дүйнөлүк адабияттын классиги Шандор Петефинин 200 жылдыгына карата акын котормочулар арасында сынак жарыялаган. Боордош Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандан бул сынакка ат салышкандар Шандор Петефинин “Сүйүү жана азаттык” аттуу ырын өз эне тилдерине которушкан.

Сынактын соңунда ар бир өлкөдөн бирден мыкты котормочу аныкталып, аларга Петефинин туулган жери Кишкөрөштөгү салтанатта эл аралык сыйлык тапшырылды.

“Сыйлыкты Мажар парламентинин төрагасынын орун басары Шандор Лежак экөөбүз тапшырдык. Шандор Петефи эл аралык сыйлыгына Кыргызстандан акын Толук Бек Байзак татыктуу болду", – деп Султан Раев мырза сүйүнчүлөп жазган.

Дал ушул инимди, Толукбекти, азыр дагы өзгөчө сыйлайм, бирок, кесиптик өңүттөн алганда, чындык деген балээ тура, бир өңүт боюнча кайчы пикиримди ортого салгым келди...

Толуктун Фейсбуктагы жарыясы

Биз терең урматтаган акын инибиз Толукбек Байзак (Мендибаев) 2023-жылдын 11-сентябрында өзүнүн Фейсбук барагында бир даректүү видео тасманын үзүндүсүн жарыялады жана ага мындайча түшүндүрмө жазды:

“Кыргыз тарыхын изилдейм дегендер кайда?

Кытай императорунун кыргыздын бугу уруусунун бийине 648-жылы жазган каты дейт”.

Албетте, бул видео тасманын үзүндүсүнүн үстүнө түрк тилинде “Кыргыздын бугу уруусунун бир бегине Кытай императору жазган кат чегилген таш” (“Kırgızın Bugu boyunun beyine Çin imparatorunun yazdığı mektup taşı”) деген саптар жазылгандыктан, биз дагы ошол үстүңкү текстти окуп алып, алгач чын эле чочуп кеттик.

Анын үстүнө бул жарыяга карата Алга Кылычов инибиз: “Не дейт?” деп суроо салса, Толукбек инибиз ага мындайча жооп кайырды:

“Кытай императорунун кыргыздын бугу уруусунун бийине 6-кылымда жазган каты экен”.

Мына сага!

Б.з. VI кылымда кыргыздын бугу уруусу түгүл, кыргыздын жалпы мамлекет башчысына да кытай императору кат жазган эмес эле!

“Опе-ей! Бул – чоң сенсация го?” деп саал бүшүркөдүк.

Анан берки тасмадагы түркчө үндү уга электе мындайча пикирибизди жаздык:

“Ал кезде (алтынчы кылымда) бугу уруусу эч каттала элек болчу; бул жагын тактоо керек экен, иним. Мен Жаркын Турсун карындашка жазайын, ал – бээжиндик булак таануучу кыргыз айым”.

Андан соң Ахмет Ташагыл мырзанын үнүн талдап угуп чыккан соң (Ахметти да түркиялык иним деп коёюн, кантсе да андан саал мурдараак беш көйнөк жырткан эмесминби), бул саптарды кошумчаладым:

“Бирок кайра угуп көрсөң, 648-жылы (бул б.з. 7-кылымдын ортосу, 6-кылым эмес) болгон окуя тууралуу айтып жатат, анда чын эле кыргыз каганы Тан империясындагы Чан’ан деген борбор шаарга барган. Бул тууралуу Анвар Байтур жана башка тарыхчылар да эчак жазышкан. Жаркын Турсун макала да жарыялаган”.

Толукбек иним дароо мага жооп кайырды:

“Туура, 648-жылы деп айтылып атат. Бирок эмнеге биз мындай тарыхыбыздан куржалакпыз? Ар дайым башкалар айтышы керекпи?”

Мен Толукбек иниме Фейсбукта кайра жооп жаздым:

“Толукбек иним, биз да түркчө билебиз го. Мында Ахмет Ташагыл инибиз 648-жылдан кийинки Орхондогу окуяларга кайрылып, Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгын кайра негиздеген чыгыш түрк элдеринин ичинен бир урууну (огуз уруусу, oğuz boyu катары) тааныштырып жатат жана бул уруунун төбөлүнө Тан сулалесинен сол канат колбашчы (генерал) деген титул берилгендигин айтып жатат.

Кебинин арасында А.Ташагыл тек гана бугу уруусу – бул кайберенди (түркчө geyik / “кийик”) билдирет, мындай этноним азыркы кыргыздарда да катталган, деп жатат. Анын айткан сөзүн бурмалап, 7-кылымдын ортосунда кыргыздын бугу уруусу болгон, деп айтыш – Ахмет Ташагылдын оюн бурмалооого тете.

Телелердин бугу / p’u-ku (仆骨) уруусунун аталышын "бугу" деп окууга деле болоор, бирок ал уруу – ал кездеги кыргыздын уруусу эмес, Экинчи Чыгыш Түрк каганатын курган орхондук түрктөрдүн биринин уруусу.

Коңшу Энесайдагы Кыргыз каганаты болсо дал ушул Экинчи Чыгыш Түрк каганатына каршы өз эгемендиги үчүн күрөшкөнүн Барсбек каган тууралуу маалыматтардан жакшы билебиз”, – деп жаздым.

Кызык суроо: “Ар дайым башкалар айтышы керекпи?”

Толукбектин Фейсбуктагы жарыясына өз пикирин калтыргандардын бири Бахпурбек Аленов мырза орто жолдо тарыхчыларды “чымчып” кетти:

“Биздин тарыхчылар президенттердин ата-бабаларын изилдеп бүтүшсүн, анан кыргыз тарыхына кезек келет”.

Чынында да тарыхчыларыбыздын айрым өкүлдөрү Аскар Акаев, Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров ж.б. саясатчылардын ата-бабасы тууралуу иликтөө жарыялап жүрүшөт.

Алмазбек Атамбаевдин теги баткендик кыргыз эле экендиги тууралуу Кыяс Молдокасымов жазса, ал эми Дөөлөтбек Сапаралиев агабыз Садыр Жапаровдун тегин изилдеген кызыктуу китеп жазды.

Биздин пикирибизде, бул кесиптештерим абдан туура кылышат, себеби ар бир жарандын (ал кайсы кызматты ээлебесин) ата-тегин факттарга негизденип изилдөө – бүгүнкү инсан таануу тармагы үчүн зарыл.

Изилдөөчүнүн кимиси туура жазды, кимиси көбүртүп-жабыртты, кайсы өңүт ийгиликтүү чагылдырылды, кайсы өңүт назар сыртында калды – булардын бардыгы андан аркы иликтөөлөрдө факттарга салыштыруу менен гана четинен таразаланат эмеспи.

Ошол эле учурда Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхынын ар кыл доорлорундагы тарыхый инсандар жаатында дагы абдан көп изилдөөлөр удаа жарыяланып келет. Маселен, сталиндик репрессияга дуушар болгондор жөнүндө изилдөөлөр жаңы күч менен башталды.

Мында мен Атилланы, Чыңгыз ханды, эмир Темирди “кыргыз тегинен кылган”, Тибетте “250 жыл жашаган кыргыз бар экен” деген жана манчжур ханынын сүрөтүн “Манастын” сүрөтү деп бурмалаган “фолк-хисторичилер” жөнүндө айтып жаткан жокмун. Тескерисинче, бир катар энциклопедияларды, монографияларды, академиялык жыйнактарды, макалаларды жарыялаган жана, адатта, Фейсбуктагы ж.б. интернеттик талкууларга анчейин катыша бербеген кесипкөй тарыхчылар жөнүндө кеп кылып жатамын.

Бул блогдо каралчу кош маселе кайсы?

Эми, ток этер жеринен сөз козгосок, VI кылымда да, VII кылымда да кыргыздын бугу уруусу тууралуу эч маалымат катталган эмес.

648-жылдагы кыргыз каганынын (аны тарыхый коңшулары “элтебер” деп кичирейтип аташкан) Кытайдын Тан сулалесинин борбор шаарына сүйлөшүү жүргүзүү үчүн баргандыгын кыргыз тарыхчылары жана башка кыргыз таануучулар көп ирет эскеришкен.

Кытай булактарын изилдөөчү Жаркын Турсун айым жана башка кыргыз тарыхчылары эчак жана таасын жазгандай, кыргыздардын өкүмдарлары Тан сулалесинин (династиясынын) булактарында кыргыздардын кайсы бир уруусунун атынан эмес, жалпы кыргыз өлкөсүнүн жана кыргыз элинин өкүлү катары гана эскерилет.

Эми оюбузду тийешелүү маалыматка таянып чечмелөөгө өтөлү.

Kyrgyz China Science History – Ms. Jarkyn Tursun. Тарыхчы Жаркын Турсун Бээжин шаарында. 21.10.2015.
Kyrgyz China Science History – Ms. Jarkyn Tursun. Тарыхчы Жаркын Турсун Бээжин шаарында. 21.10.2015.

Жаркын Турсундун таасын маалыматы

Бээжинде байырлап жаткан тарыхчы, көөнө кытай тилин мыкты билген булак таануучу, теги кызыл-суулук кыргыз Жаркын Турсун айым мындай деп жазат:

“Таң династиясынын падышасы Тай Зоң (太宗, 627-649-жж. такта отурган) Хенан аймагындагы Ваң Йи Хоң (王义宏) деген төбөлдү 632-жылы Кыргыз (Жие Гу) мамлекетине элчиликке жиберген.

Бирок Кыргыз мамлекети он бир жылдан соң (643-жылы) гана Таң династиясына үн катып (б.а. жооп берип), Чан’ан шаарына падышалык ордого элчи жиберген.

Ушул (643-) жылы Кыргыз мамлекети Таң династиясына элчи жиберип, кундуз ичик жана кундуз терисин белек кылып тартуулаган.

(Булак: «Тай Пин Хуан Йу Жи» 199-орому «Шия Жа Сы», 3820-бет).

Тан ордосунун аксарай катчылары Кыргыз мамлекетинин элчисинин кебете кешпирин, кийим-кечесин жана Кыргыз (Жие Гу) мамлекетинин каада салттарын, түшүмдөрүн "Ваң Хуэй Ту (王会图—ордого келип салам-таазим бергендердин сүрөттүү китеби)" деген эмгекте сүрөттөп чагылдырышкан да, "Ордого келип салам-таазим бергендердин китеби (王会篇)" эмгегине да каттап жазышкан.

(Булак: «Жаңы Таң Шу», 217-ором, «Ша Жиа Сы баяны», 6150-бет).

648-жылы биринчи айда (Энесайдагы) Кыргыз мамлекетинин башчысы “Телелердин ордого барганын угуп, дароо элчи жиберип соога (б.а. белек) берген” .

Экинчи айда Кыргыз мамлекетинен Илтебир Ишбара Ачан (俟利发失钵屈阿栈) Таң падышасынын ордосуна келген.

Тай Зоң деген алиги падыша кыргыз каганын Тян Чың ордосунда (天成殿) сый көрсөтүп тосуп алган.

(Булак: «Зи Джи Тоң Жиан», 198-ором, “Тай Зоң Жин Гуандын жыйырма экинчи жылы”, 6365—6366 беттер.)

Тарыхчылар Жаркын Турсун жана Тынтыкбек Чоротегин Бээжин шаарында. 21.10.2015.
Тарыхчылар Жаркын Турсун жана Тынтыкбек Чоротегин Бээжин шаарында. 21.10.2015.

Мында Жаркын айымдын кытайлык кыргыздардын илимий адабиятына таандык болгон терминологиялык варианттарын так өзүндөй калтырдык.

Толугураак караңыз: Турсун кызы, Жаркын. Кытай жазма булагы «Таң Хуй Йаодагы» кыргыздарга байланыштуу жазылмалар жана алардын чечмелениши // Talas Savaşı ve Tarihi Önemi / Editörler Fahri Solak, Mairam Baigonusheva, Tynchtykbek Chorotegin, Moimol Cusupova. – İstanbul, 2022. – ISBN: 978-605-2334-12-6. –– Б. 305–313;

Турсун-кызы, Жаркын. Кытайдын “Таң хүйяо” жазма булагындагы кыргыздарга байланыштуу маалыматтар жана алардын чечмелениши // И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) Жарчысы. – Бишкек: КМУ, 2021. – № 3. – Б. 173–182;

Турсун кызы, Жаркын. Кытай жазма булагы “Туң дияндагы” кыргыздарга байланыштуу жазмалардын чечмеси // ...“Кыргыз таануу маселелери: Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары: (КУУ, Бишкек, 04.10.2019) / Илимий ред. К.С.Молдокасымов. – Бишкек: Турар, 2019. – Б. 114–117;

Чоротегин Т.К. Таластагы Атлах салгылашуусу: Кыскача булак таануучулук жана хрестоматиялык баян / Жооптуу ред. М.М.Жусупова. – Б.: Maxprint, 2022. – 136 бет, сүрөт, карта. – “Тарых жана мурас” түрмөгү. – Б. 48–49; ж.б.

Ал кезде Кытайдын борбор шаары Чан’ан болгон

Демек, Жаркын Турсундун жогорудагы маалыматына кошумчаласак, Тан сулалесине таандык бул жазма булактарда кыргыздын бугу уруусу тууралуу эч бир сөз жок. Кыргыз каганы Ачан (Ачжан) өзү Кытайдын Тан сулалесинин борбору Чан’ан шаарына 648-жылы дипломатиялык сапар менен келген.

Ал эми бул ордо шаар (Чан’ан / Cháng'ān, орусча: Чанъань) азыр КЭРдеги Шэнси аймагынын курамындагы Шиан (西安, Xī'ān орусча: Сиань) шаарынын ордунда жайгашкандыгы жамы журтка белгилүү.

Айтмакчы, Тан сулалеси доорунда азыркы Бээжин (Běijīng, палладийлик вариант: Бэйцзин; азыркы орусча: Пекин) шаарынын ордундагы чаканыраак шаар – Кытайдын чакан аймактык маанидеги шаарларынын бири болгон.

Бул шаар (болочокку Бээжин) монголдордун жогорку кааны, Юан сулалесинин негиздөөчүсү Кубилайдын тушунда “Ханбалык” (“Хандын ордо шаары”) деп аталган. Ал эми 1421-жылы (Мин сулалесиниин тушунда гана) бул шаар азыркыдай “Бээжин” (“Түндүк борбор шаар”) деп аталып калган.

Кытайлык кыргыз котормочуларынын баа жеткис салымдары

Баса, 2014-жылы КЭРдин Үрүмчү шаарында профессор Мамбеттурду Мамбетакун редакциялап жарыялаган байыркы жана орто кылымдардагы кытай тилиндеги тарыхый жылнаамаларындагы кыргыз тарыхына байланыштуу маалыматтар топтомунун кыргызча котормосу да өзгөчө маанилүү.

(Бул топтомдун экинчи бөлүгү ошол эле булактардын кытайча иероглиф менен түп нускада жарыялангандыгы – синолог булак таануучулар үчүн дагы ого бетер баалуу).

Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү: Шинжаң эл баш басмасы; Шинжаң эл басмасы, 2014. — Кыргызча жана ханзуча текст камтылган китептин кыргызча мукабасы
Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар / Башкы түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун уулу. — Үрүмчү: Шинжаң эл баш басмасы; Шинжаң эл басмасы, 2014. — Кыргызча жана ханзуча текст камтылган китептин кыргызча мукабасы

Кытайдагы кыргыз айдыңдары көөнө кытай тилиндеги тарыхый жазма эстеликтердин кыргыз тарыхына тиешелүү улам жаңы табылган бөлүктөрүн которуу жаатындагы опол тоодой эмгекти азыр да улантып жатышат.

Бул котормо долбооруна Кыргызстандын бийликтери дагы каржылык колдоо көрсөтө баштагандыгын быйыл Кыргызстандын президентинин кеңсесине караштуу “Мурас” фондунун башчысы Кыяс Молдокасымов бир нече жолу билдирген. Анын айтымында, кыргызстандык бир жаш синолог адис дагы Бээжиндеги бул котормочулар тобуна жөнөтүлгөн.

Өткөн айда Бээжинден Бишкекке келген жаш илимпоз, теги кытайлык кыргыз Дабыт Абдылбары уулу мырза дагы биз менен жакында болгон маегинде Бээжиндеги котормо иштери улантылып жаткандыгын тастыктады.

Профессор А. Ташагыл журналист П. Чифт айымдын “Пелин Чифт менен күн тартибинен сырткаркы (темалар) жаатында” (“Pelin Çift ile Gündem Ötesi”) деген берүүсүнүн 360-чыгарылышында. 07.5.2023.
Профессор А. Ташагыл журналист П. Чифт айымдын “Пелин Чифт менен күн тартибинен сырткаркы (темалар) жаатында” (“Pelin Çift ile Gündem Ötesi”) деген берүүсүнүн 360-чыгарылышында. 07.5.2023.

Профессор А.Ташагыл эмне деген?

Эми кайрадан түркиялык белгилүү тарыхчы, Түркиянын Йедитепе университетинин тарых бөлүмүнүн башчысы, профессор Ахмет Ташагыл мырзанын сөздөрүнө кайрылалы.

Ал катышкан берүүнү түркиялык белгилүү сыналгы журналисти Пелин Чифт айымдын YouTube каналындагы барагынан таап алдым.

Ал айым өзүнүн “Пелин Чифт менен күн тартибинен сырткаркы (темалар) жаатында” (“Pelin Çift ile Gündem Ötesi”) деген берүүсүнүн 360-чыгарылышында кытай жазмаларын түп нускасында окуган жана битик (руна сымал) жазмаларын да изилдеген профессор Ахмет Ташагылды кенен-кесири баарлашууга чакырган экен.

Тасма. “Пелин Чифт менен күн тартибинен сырткаркы (темалар) жаатында” берүүсү. №360 чыгарылыш. Түркчө: Pelin Çift ile Gündem Ötesi 360. Bölüm – Türk Dünyasının İzleri // Gündem Ötesi. 07.5.2023. (Gündem Ötesi’ne Ahmet Taşağıl konuk oluyor. Moğolistan’dan çok özel görüntüler sizlerle).

Бул даректүү тасманы 46:17 мүнөттөн тартып өзүңүздөр көрсөңүздөр болот.

Ахмет бей мындагы баарлашуусу маалында эч бир жерде “кыргыздын бугу уруусунун бегине кытай императору кат жазган” деп айткан эмес.

Ал тек гана бугу этноними азыркы кыргыздарда дагы этноним катары сакталган, дейт да, Орхондогу (жалпысынан азыркы Монголия аймагындагы) огуз урууларынын бири болгон бугу уруусунун бегине Тан императору (ал аны “Чин импаратору” дейт) жазган ханзуча кат чегилген таш табылгандыгын жана ал таш Монголиядагы музейде сакталып тургандыгын учкай баяндайт.

Бул даректүү тасмада Ахмет бей ошол таш тактачадагы айрым кытайча текст саптарын да музейде ханзуча окуп жаткандыгы көрсөтүлө кеткен.

Улан-Батордогу Чыңгыз хан атындагы улуттук музейде сакталган экспонат. Бул ханзу тилиндеги таш тактачада Кытайдын Тан сулалесинин императорунан даража алган Бугу Йиту деген колбашчы жөнүндө маалымат камтылган. 2023.
Улан-Батордогу Чыңгыз хан атындагы улуттук музейде сакталган экспонат. Бул ханзу тилиндеги таш тактачада Кытайдын Тан сулалесинин императорунан даража алган Бугу Йиту деген колбашчы жөнүндө маалымат камтылган. 2023.

12-сентябрдагы (шейшембидеги) уюкфон аркылуу баарлашуубуз маалында профессор Ахмет Ташагыл сөз болуп жаткан петроглифтик жазма эстелик учурда Монголиянын борборундагы Чыңгыз хан атындагы улуттук музейде сакталып жаткандыгын, ага чейин чакан музейде сакталып келгендигин баса белгиледи.

Бул ханзу (кытай) тилиндеги таш тактачада Кытайдын Тан сулалесинин (династиясынын) императорунун Орхондогу (азыркы Түндүк Монголия) түрк тектүү бугу (пугу) уруусунун кол башчы төбөлүнө берген атайын даража жөнүндөгү маалымат камтылган, деп А.Ташагыл кошумчалады.

Бул эпитафиялык эстелик 678-жылга таандык жана ал 2009-жылы Монголиянын Улан-Батор шаарынан 160 чакырымдай батышта, Тола дарыясынын жээгинен 2,5 чакырымдай түндүк-чыгышта Тов аймагынын Заамар сомонунан орусиялык-монголдук биргелешкен изилдөө тобу тарабынан табылган.

Эскерүү тактасынын башкы каарманы, маркум Бугу Йиту (Пугу Йиту; Pugu Yitu; ханзуча 仆固乙突; 635—678) Тан сулалесинин аскерлери менен кошо Тибетке каршы салгылашууларга да катышкандыгы айтылган.

Ал эми музейдин өзүндө монголчо жазылган жолдомо текстке караганда, алиги колбашчы Тан сулалесинин Кореяга каршы уруштарына да Кытай тарабында катышкан көрүнөт. Бул окуялар VII кылымдын 60–70-жылдарында орун алган. Бирок текстте колбашчы Бугу Йиту тунгус-манчжур элдеринин бири болгон мохэ элине каршы согушка катышкандыгы тууралуу айтылат.

Ал кезде орхондук түрк тилдүү этностор саясий бытырандыда калып, эгемен Экинчи Чыгыш Түрк каганаты (682—744) түзүлө да элек болчу.

Кыргыздын бугу уруусунун башаты боюнча жазма дарек барбы?

Эми, тарыхнаамадагы айырмачылыктарга келсек, анатолиялык тарыхчы кесиптештерибиз “уруу” сөзү менен кээде түрк элдеринин курамындагы элди, этносту да, уруу-урукту да атай беришет.

Ала-Тоодогу биздин илимий терминологиябызда кыргыздар уруу эмес, өз кагандыгы бар эл болгон, деп кабыл алынган.

Ал эми Ахмет Ташагыл бей төөлөстүн курамындагы бугу уруусу деп санаган бул этнос 603-жылы Тола дарыясынын өрөөнүн байырлаган, деп жазат.

Төөлөстөр да кирген этностук конферерацияны биз тогуз-огуз дейбиз. Ички Азияда тогуз-огуздардын курамында кээде түрк тилдүү бугуларга саясий шерик болгон, ал эми башка убактарда алар менен жер талашып атаандашкан түрк тилдүү этностор да болгон. Бир катар учурларда бул тогуз-огуздук ынтымакка уйгурлар, карлуктар, чигилдер да убактылуу кирген.

Кыргыздар болсо негизинен Ички Азияда байырлаган тогуз-огуздардын жерлеринен түндүктөгү (Энесайдагы) коңшу эл болушкан.

Монголиянын Чыңгыз хан атындагу улуттук музейинде сакталган бул кытайча жазманын тексти болочокто да терең изилденет деп ишенебиз, бирок илимде бугу, богу, пугу деп да аталып келген алиги тогуз-огуздук этнос (төөлөстөрдүн бири) VII кылымдын ортосунда энесайлык кыргыздар менен саясий атаандаш болгон. Бул бугу этносунун негизги журту Энесайдагы кыргыз журтунан таптакыр башка жерде (азыркы Монголиянын түндүгүндө) орун алган.

Лев Гумилёв өзүнүн айтылуу “Байыркы түрктөр” эмгегинде VII кылымдын ортосунда төөлөстөрдүн курамына кирген бугу (пугу) уруусу Селенга жана Орхон дарыяларынын өрөөнүндө байырлаган, деп жазган. (Караңыз: Гумилёв Л.Н. Древние тюрки. – М.: «Клышников, Комаров и К*», 1993. – Б. 264).

Энесайдагы кыргыздарда деле эрте орто кылымдарда бугу уруусу болгонбу? Азырынча муну тастыктаган эч бир жазма дарек табыла элек.

Ал эми кыргыздын оң канатындагы бугу уруусунун Ички Азиядагы бугу этносу менен кандайча байланышы бар?

Балким, IX кылымдын 40-жылдарынан башталган Улуу Кыргыз дөөлөтү маалында кыргыздарга жуурулушкан этностордун бири да бугу болгондур?

Бирок бул уруу – аттары уйкаш болгон, кыргыз элинин ичинде эле тотемдик аталыштан улам пайда болгон ички уруулардан болушу да ажеп эмес. Себеби, түрк элдеринин көбүндө диний түшүнүктөрүнүн орток жагдайларына байланыштуу окшош тотемдер да болгондугун четке кага албайбыз.

Багыш, сарыбагыш, карабагыш, адыгене (“аюу эне”) сыяктуу кыргыз этнонимдери сыяктуу бугу этноними деле Энесайга байланыштырылып жоромолдонуп келет. Бирок алар кайсы кылымдардан тартып кыргыздын уруусу катары алгач эскериле баштагандыгы тууралуу так кесе айтууга мүмкүн кылчу жазма маалымат азырынча табыла элек.

648-жылдагы элчиликти тарыхта чагылдыруу жөнүндө

Кыргыз тарыхчылары көөнө тарых жаатындагы көп окуяларды тереңдеп чагылдыра элекпиз. Муну моюнга алабыз.

Кыргыз тарыхынын кыйырын тереңдеткен азыркы окумуштуу – бээжиндик профессор Ю Тайшан тууралуу да азганактай гана калемдештерим жазып келет.

Бирок бул сын сөз “байыркы жана орто кылымдардагы кыргыз тарыхын азыркы кыргыз тарыхчылары таптакыр чагылдыра элек”, деген маанини эч туюнтпашы керек.

Албетте, 1992-жылдан тартып эгемен Кыргызстанда өз алдынча жаңы окуу китептеринин жаңы концепциясын иштеп чыгуу аракеттери башталган (алгачкы китептер 1995-жылдан тартып чыга баштады).

Маркум Токторбек Өмүрбеков экөөбүздүн китептерибизден башка да бир катар атаандаш окуу китептер, энциклопедиялык жыйнактар жана көптөгөн монографиялар кыргыз, орус, англис ж.б. тилдерде жарыяланып келди.

Биздин постсоветтик алгачкы муундагы окуу китептерибиз өтө көп маалыматты камтыгандыгы үчүн акыйкат сындалып келет, бирок совет доорундагы цензурачыл мамилеге ылайык академик Б.Жамгырчинов атабыз тарабынан жазылган өтө кыска мазмундагы факультативдик китепке караганда, бул постсоветтик окуу китептер өзгөчө бай мазмунда, мурдагы коммунисттик цензурадан эркин жазылышты жана бир эле учурда тарых мугалимдеринин өздөрүн маалыматтык колдоого алуу мүдөөсүн дагы жүзөгө ашырышты.

Постсоветтик доордогу таланттуу тарыхчы педагог мугалимдер бул окуу китептердин “оор материалдарын окуучуга чайнап бериши” үчүн маалымат өтө мол берилгени чын. Ал эми өзүнүн автордук классын түптөгөн зээндүү мугалим андан ары педагогдук ишин ийкемдүү алып кетет эмеспи.

Ошондо да ушул окуу китептердин мазмунун эч карабастан туруп, тигил же бул тема таптакыр чагылдырылган эмес деп “окубастан олуттуу ой айткандар” четтен чыккандыгы өкүнүчтүү.

Маселен, 648-жылдагы Кытайдын Тан сулалесинин борборуна кыргыз өкүмдары келгендиги жөнүндө маалыматты эч жерден окубаптырбыз, дегендерге 2008-жылы чыккан 6-класс үчүн жазылган китебибиздин 129-бетин кароону сунуштайт элек.

Т.Чоротегин менен Т.Өмүрбековдун Кыргызстандын орто мектептеринин 6-класстары үчүн Кыргызстан тарыхы боюнча окуу куралынын 129-бети (Бишкек, 2008). Мында Энесай кыргыздарынын өкүмдарынын Кытайдын ордо шаары Чан’анга 648-ж. жасаган сапары жөнүндө да баяндалат.
Т.Чоротегин менен Т.Өмүрбековдун Кыргызстандын орто мектептеринин 6-класстары үчүн Кыргызстан тарыхы боюнча окуу куралынын 129-бети (Бишкек, 2008). Мында Энесай кыргыздарынын өкүмдарынын Кытайдын ордо шаары Чан’анга 648-ж. жасаган сапары жөнүндө да баяндалат.

Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган тарыхчы М.Ч.Кожобековдун 2013-жылы чыккан кыргызча илимий китебинин 32-бетинде дагы жогорудагы (648-жылдагы) кыргыз өкүмдарынын Чан'ан шаарына жасаган дипломатиялык сапары жөнүндө чагылдырылган:

"Кытай булактарынын маалыматына караганда, Кыргыз мамлекетинин башкаруучусу Сылифа Шибоцюй Ачжань Чжэнь-гуань бийлигинин 22-жылы (б.а. 648-ж.) Тан династиясынын борборуна келген. Империялык идеологияга жараша кыргыз сылифасы төмөнкүдөй кайрылуу жасаган: "Мен бүткүл жүрөгүм империяга берилгендиктен, өкмөттүк кызматты жана чиновниктик тактайчаны (вассалдыктын белгиси) алам го деп ойлойм" (Кюнер, 1961: 56).

«Тан шу» булагында кыргыз сылифасы Ху-бань кармай тургандыгы, тактап айтканда, баш ийип вассал болом деп билдиргендиги кабарланат (Бичурин, 1950: 355). Император Тайцзун Шибоцюй Ачжанга сол тараптагы ардактуу гвардиянын генералы (цзютунь вэйцзяцзюнь) титулун ыйгарып, генерал-губернатордук даражадагы «Цзянь-кунь облусунун ду-дулук» (Цзянь-куну ду – ду) кызматын ыйгарган (Супруненко, 1975: 61). Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө карата Тан династиясынын расмий документтери, 648-ж. 6-мартында кыргыз жергесинде Яньшань наместничествосуна баш ийген Цзяньгунь дуду башкармачылыгы орногондугун каттаган (Малявкин, 1989: 118).

Яньшань багыныңкы ээлиги (наместничество) 647-ж. уюшулуп, башында ага теленгуттар, тогуз-огуздар, кийин кыргыз жана курыкандар киргизилген, делет ханзу булагында.

Кытай булактары мамлекеттик идеологияга ылайыктап, Кыргыз өлкөсүн Тан империясына баш ийген бирдик катары көрсөтүп, аны мамлекеттин бир багыныңкы ээлиги катары көрсөткөн. Маселенин өңүтүн ачыш үчүн дагы бир ирет В.С.Таскиндин оюна көңүл буруу ашыкча болбос. Илимпоздун илимий изилдөө жыйынтыгына жараша кайсыдыр бир “уруу башчыларын бейпил учурда кытай ванынын ордосуна келгендиги жөнүндө сөз болсо, кытайлыктар өз баркын көтөрүш үчүн мындай жосунду баш ийгендин белгиси жана Кытайга өз эрки менен көз каранды экендигин билгизгендик деп түшүнүшкөн” (Таскин, 1979: 57)”.

Караңыз: Кожобеков, М.Ч. Кыргыз каганатынын тарыхы / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. – 188 б., карта, сүрөттөр. – “Тарых жана мурас” түрмөгү. – Б. 32.

Айтмакчы, КТМУнун профессору М.Ч.Кожобеков 2016-жылы Бишкекте жарык көргөн “Кыргызстандын тарыхы: Байыркы мезгилден бүгүнкү күнгө чейин” аттуу үч томдуктун биринчи томундагы Энесай Кыргыз каганатынын тарыхына арналган чакан бөлүмчөдө дагы 648-жылдагы элчилик жөнүндөгү маалыматты камтый кеткен (340–341-бет).

648-жылдагы элчилик жөнүндөгү бул факттарды Г.П.Супруненко, Ө.Караев, Ю.С.Худяков, В.Я.Бутанаев, Асек Байтөрө (Aнвар Байтур) ж.б. илимпоздор ырааттуу эскеришкен.

Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов (кийин ага Каныбек Иманалиев мырза да түзүүчү катары кошулду) 1990-жылдардан бери ырааттуу толуктап чыгарып келе жаткан “Кыргыздар” хрестоматиялык көп томдугунан да ар кыл авторлордун 648-жылдагы кыргыз элчилиги тууралуу маалыматтар камтылган ар кандай илимий жана илимий-жамаагаттык эмгектерин окуй алабыз.

Албетте, тарыхый коңшу элдердин кыргыз өкүмдарын Ачанга “элтебер” деген төмөнүрөөк даражаны жармаштырып айтышканына карабастан, Кыргыз өлкөсүнүн ичинде ага “каган” деп мамиле кылышкандыгы шексиз.

Ал өкүмдар тек гана сырткаркы жактарда да өзүн мамлекет башчы катары таанытууга умтулган, деп санайбыз. Чет элдик тарыхый булактарды дагы сын көз менен кароого чакырабыз.

Бул “супсак” жана “толгон токой” маалыматтарды неге айтып жатабыз?

Демек, 648-жылдагы элчилик менен байланыштуу бул окуяларды “буга чейин кыргыз тарыхчылары эч чагылдырып жазган эмес тура”, деп үстүрт айтып, “деги өз тарыхыбыздын орчун окуялары жөнүндө ар дайым башкалар айтышы керекпи?” дегенчелик каныйлоого деле болбойт.

Тескерисинче, өз тарыхчыларыбыздын өтө аз нускадагы эмгектери айрым окурмандардын назарына түшпөй жаткан тура, деп бүтүм кылууга болот.

Бул акыбалдан чыгуу үчүн ошол тарыхчыларга жана илим жаатын тейлеген төбөлдөргө мындай эмгектерди интернетке тез арада бекер жарыялоого чакырык таштагыбыз келет.

Андай ондогон жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн бири – new.bizdin.kg деген коомдук максатты жүзөгө ашырып жаткан интернет барагы. Аны таалим алган адистиги боюнча архивчи тарыхчы, ошондой эле кыргыз тилинде “Википедия” айдыңдык кыймылын түптөгөн журналист жана публицист Чоробек Сааданбек мырза негиздеген.

Бул интернеттик бекер ресурстар өз алдынча кененирээк таалим алгысы келгендер үчүн зарыл кыртыш жаратаар эле.

Айтор, “Манастын” ордуна Илья Муромецти өз баатыры деген, Барсбектин ордуна Пётр Биринчини өз падышасы катары окуган учур 1991-жылы гана артта калганын Ала-Тоодогу улуу муундагы окурман калайык унута элек болсо керек.

Эми азыркы бийликтер орусиялыктар негиздеген орто мектептерге Кыргыз тарыхын милдеттүү окута албаса, анда жаңы оторчулардын жаңы мууну жергебизде да калыптанышы ажеп эмес.

Сөз этегинде...

Буюрса, болочокто жалпы түрк жана кыргыз тарыхынын талаш-тартыштуу маселелерине жана фолк-хистори далаалаттарын ашкерелөөгө арналган башка да блогдорду сунуштай бермекчибиз.

Албетте, кайдыгер болуп калбастан, өз оюн “Фейсбукта” жарыялап, ушундай талкууга чакырган Толукбек Байзак иниме терең ыраазычылык билдирем.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG