Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Путин Украинадагы согушту кеч баштаганына өкүнөт


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын армиясы 15-февралга караган түнү Украинанын аймагына кайрадан жапырт ракеталык сокку урду. Баш калаа Киевде, Запорожье жана Львов шаарларында жардыруулар болгону маалымдалды.

Ушул эле күнү Орусиянын Курск шаарындагы мунай базага дрон менен жасалган чабуулдан өрт тутанды. Орус президенти Владимир Путин Украинадагы согушту эрте баштабаганына өкүнөрүн айтты.

Украин бийлиги билдиргендей, 15-февралга караган түнү Полтава облусундагы авиабаза жайгашкан Миргород шаарына орусиялык армия канаттуу эки ракета менен сокку урду. Буча калаасы дагы аткылоого кабылды.

Карапайым тургундар жашаган кичирайон аткыланды. Беш үй жабыркады. Бардык кызматтар ыкчам иш жүргүзүүдө. Саат тогуздарда атайын комиссия ар бир короого барып, келтирилген зыяндын кесепетин аныктай турганын Бучанын мэри Анатолий Федорук Фейсбукка жарыялаган видеосунда айтты.

Львов калаасынын башчысы шаарга ондон ашуун ракета менен чабуул коюлганын билдирди. Жардыруунун толкунунан улам ал жакта мектептин имараты жабыркап, үйлөрдүн терезелери күбүлүп түштү. Киевге учурулган ракеталардын баары абада жок кылынган. Жабыркагандар жок. Запорожьеде аткылоодон көп кабаттуу үйлөр жабыркап, төрт киши жараат алды.

Львов шаарына жасалган орус армиясынын соккусунун кесепети. 15-февраль, 2024-жыл.
Львов шаарына жасалган орус армиясынын соккусунун кесепети. 15-февраль, 2024-жыл.

Андан тышкары Хмельницк, Днепропетровск облустарында инфратүзүмдөр жабыркаганы маалым болду. Купянск райондук прокуратурасынын жетекчиси Эдуард Миргородский Великий Бурлук шаарына жасалган ракеталык соккудан эки жай тургун мүрт кеткенин билдирди.

"Беш киши жараат алып, эки адам набыт болгону ырасталды. Уранды алдында дагы адамдар бар. Чабуулда канча С-300 ракетасы колдонулганын аныктап жатабыз", - деди ал.

Орусиянын армиясынын Украинанын Купянск районуна жасаган ракеталык соккусунун кесепети. 15-февраль, 2024-жыл.
Орусиянын армиясынын Украинанын Купянск районуна жасаган ракеталык соккусунун кесепети. 15-февраль, 2024-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку соккулар тууралуу комментарий бере элек. Адатта орус бийлиги бир катар видео жана фото далилдерге карабастан, карапайым тургундарга сокку урганын четке кагып, жалаң гана аскердик объектилерди бутага аларын кайталап келет.

Путин согушту эрте баштабаганына өкүнөт

Орусиянын президенти Владимир Путин “Россия 1” телеканалынын алып баруучусу Павел Зарубинге курган маегинде Украинадагы согушту эртерээк баштабаганына өкүнөрүн айтты:

"Бир гана түз жүргөн адамдар менен иш алып баратабыз деген ишеничте болуп, активдүү аракеттерди эрте баштабаганыбызга өкүнөм", - деди ал.

Буга чейин Рейтер агенттиги орус жетекчилигиндеги үч башка булагына таянып, Путин 2023-жылдын соңунда, быйыл жыл башында АКШга Украинадагы согушту убактылуу токтотуп коюуну сунуштаганын жазды. Агенттик белгилегендей, бул боюнча эки тараптын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон эмес, анткени Вашингтон Украинанын өкүлдөрү жок сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тарткан.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков брифинг маалында Рейтердин макаласындагы маалымат чындыкка коошпой турганын билдирди.

Орусия: мунай базасындагы өрт, Белгород аткыланды

Орусиянын Украина менен чектеш Белгород облусу 15-февралда аткылоого кабылганы кабарланды. Аймак губернатору Вячеслав Гладков жазгандай, алдын ала маалыматтарга караганда беш киши каза тапты, анын бирөө бала. 20 чакты адам жараат алды. Жергиликтүү маалымат каражаттары снаряддардын бири соода борборуна тийгенин жазды.

Ал арада Орусиянын Курск облусунун губернатору Роман Старовойт дрон чабуулунан улам мунай базасында өрт тутанганын билдирди.

“Украин дрону чабуул койгондон улам Курск районундагы мунай базада өрт тутанды. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок. Атайын кызматтардын баары учурда жеринде иш алып барууда”, - деп жазды ал.

112 Телеграм-каналы маалымдагандай, өрт “Полевая” мунай базасында тутанган. Ага эки дрон тийген. “База” Телеграм-каналы кабарлагандай. күйүүчү май куюлган үч резервуар күйүп кеткен. Алардын ар биринин көлөмү 100 тонна.

Украин бийлиги Орусиянын аймагында болгон окуяларга комментарий бербейт.

Авдеевкада кырдаал оор

Ал эми фронттогу жагдайга келсек, Орусиянын армиясы украин аскерлерин камсыздаган жолду торогону маалым болду. Бул тууралуу согуштун жүрүшүнө көз салган DeepState долбоору жазды. Калаада кырдаал оор экенин улуттук марафондун жүрүшүндө Донецк облусунун башчысы Вадим Филашкин билдирди.

"Шаарга алып барган негизги жолду душман тынымсыз аткылоодо. Учурда калаада миңдей киши бар. Алар өз алдынча чыгып жатышат. Каалоолору жок. Күнүнө 3-4 киши чыгып кетүүдө",-деди ал.

Украинанын Донецк облусундагы чакан шаар Авдеевка үчүн орусиялык аскерлер согуш башталган 2022-жылдын февралынан бери кармашып келе жатышат. Өткөн аптада орусиялык мамлекеттик телеканалдар Авдеевканы дээрлик ээлей башташканын кабарлашкан. Украина бул боюнча комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG