Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:49

Атамбаев: Өзүмө мураскор даярдабайм


Алмазбек Атамбаев маалымат жыйыны учурунда
Алмазбек Атамбаев маалымат жыйыны учурунда

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Орусия-Түркия алакасы, Кумтөр, “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы күрөш, Орусия убада кылган ГЭСтердин курулушу, ошондой эле жеке жашоосу тууралуу суроолорго жооп берди.

24-декабрдагы жылдык жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаев президент болуп турган төрт жылда жасалган иштер тууралуу кыска маалымат берди. Анын белгилешинче, бул убакыт аралыгында Кыргызстан сырттан 4 млрд. доллар кайтарымсыз грант алган. Булардын ичине карызды кечүү, техникалык жана башка жардамдар да кирет.

Атамбаев: Орусиялык учак боюнча Түркия күнөөсүн мойнуна алышы керек

Журналисттерди кызыктырган суроолордун бири Орусия-Түркия ортосундагы мамиледе Кыргызстандын позициясы болду. Атамбаев Түркиянын орусиялык учакты атып түшүрүү чечими туура эмес болгон деген пикирин айтты.

- Албетте, Орусия учагын атып түшүрүү такыр туура эмес болгон. Биринчиден, Орусия өз учагы Түркиянын чек арасынан өткөн деген маалыматты жокко чыгарып келатат. Чек арадан өткөн учурда да 25 жылдан ашуун убакыттан бери калыптанып келаткан орус-түрк мамилесине ошол 17 секундда сокку уруу чоң жаңылыштык болду. Түрк тарап да бир сыйра ойлонуп, өз күнөөсүн мойнуна алат деп ойлойм. Бул Кыргызстан үчүн да өкүнүчтүү болду. Бул окуядан эки өлкө тең жабыркайт. Мен өзүмдүн оюмду Путин менен да, Эрдоган менен да сүйлөшкөндө айттым.

"Сирияга кеткен эргулдар кайтпаганы жакшы"

“Ислам мамлекети” экстремисттик уюму жана анын Кыргызстанга тийгизген терс таасири тууралуу пикирин билдирген Атамбаев согуштук аракеттер жүрүп жаткан Сирия өңдүү өлкөлөрдө Кыргызстандын гана эмес, кошуна өлкөлөрдүн да жарандары жүргөнүн, бул аймактын чоң көйгөйү экенин белгиледи.

Мамлекет башчы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш берген соң Орусиянын Сириядагы аба чабуулдарын колдой турганын журналисттер алдында ырастаган болчу. Бул пикирин тактап, президент төмөнкүлөргө токтолду:

- Колдойбуз дегенде, албетте, аскерлерди же башкаларды жөнөтпөйбүз. Биз колдогонубуз ошол жерде миңдеген Орусиядан, Өзбекстандан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандан барган эргулдар чогулган. Албетте, ошол жеринен эле жок болсо жакшы да. Менимче, бүт дүйнө биригип "ДАИШти" жок кылса.... Азыр Сирияга кеткендер эмес, кайтып келгендер коркунучтуу болуп атат. Алар чума сыяктуу эле оорулуу болуп калышкан. Ошондуктан террордук аракеттерге кошулууну чечкендер, ошол жолду тандагандар кайра Кыргызстандын жараны боло албайт деп, Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган элем.

Атамбаев: Сирия кеткендердин кайтпаганы жакшы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

Күттүргөн ГЭСтер

Мындан сырткары Атамбаев Орусия менен буга чейинки түзүлгөн ири келишимдерге токтолуп, Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтериндеги долбоорлорду Москва ишке ашыра албай турганын билдирди. Муну орус экономикасынын азыркы абалы менен байланыштырды.

- Чынын айтайын, эгер күтө берсек бул долбоорлор бир нече жылдарга токтоп калчудай. Мен Орусиянын президенти Путин менен да, энергетика министри менен да сүйлөштүм. Ал мени туура түшүндү. Биз бул ишти токтотуп коё албайбыз. Биз башка өнөктөш издешибиз керек. Бул жерде саясат жок, орус экономикасынын абалы бул долбоорлорду ишке ашыра албай турганын айтып турат. Бул ГЭСтерге инвестор табылат деп ойлойм.

Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол коюлган. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “Русгидро” ишканасы ГЭСтердин курулушу беш-алты жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган. Бирок мурдагы вице-премьер-министр Валерий Диль "Русгидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадында каржылоо планын аткарбай, анын айынан куруу мөөнөтү кечигип жатканын буга чейин эле билдирген.

Атамбаев Кумтөр маселесине да токтолду

Ал эми 22-декабрда кыргыз өкмөтү Кумтөрдө 50/50 үлүштөгү ишкана түзүү боюнча “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдү токтотконун жарыялаган.

Журналисттер маалымат жыйынында
Журналисттер маалымат жыйынында

Буга жооп берген “Центерра” Кумтөр долбооруна байланышкан бардык талаштуу маселелер эл аралык арбитраждык сотто каралып, чечилерин эскерткен болчу. Бул боюнча мамлекет башчы Атамбаев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, төмөнкүлөрдү айтты:

- Эки жыл мурда ыңгайлуу шарт болуп турган. Ошондо парламент колдоп койгондо 50/50 шарты менен бүтмөк. Бирок ошондо бүтпөй калганы деле туура болуптур. Анткени азыр алтындын да баасы түштү, анын үстүнө кендин ичиндеги алтындын көлөмү башка деп айтып атышат. Кээ бирлери “Центерраны” айдап жиберип, өзүбүздүн колубузга алалы деп айтып жатышпайбы. Бул туура болбой калат. Бул башында туура эмес башталган. Саясатты токтотуп эле, азыркы кырдаалды, эл аралык арбитражды эске алып, экономикалык жол менен чечиш керек. Артык кылам деп тыртык кылып албайлы.

Президенттик шайлоо

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 2017-жылы бүтөт. Мамлекет башчы кийинки президенттик шайлоо жана Конституциялык реформа туурасында пикирин билдирип, атын атабаганы менен кызуу кандуу жаш жигит президенттикке келип калса жакшы болбостугун эскертти. Ошондой каны кызуу жаштардын артында өткөндү эңсеген күчтөр болуп калыш ыктымалдыгын кыйытып өттү. Мындан улам Конституцияда президент менен өкмөт башчынын ыйгарым укуктары так жазылуусу керектигин баса белгиледи.

- 2011-жылкы президенттик шайлоодо мен 63 пайыздан көп добуш алдым. Ошондо деле 14 пайыз добуш алгандар шайлоо туура эмес болду деп чыгышкан. Ал эми 2017-жылы эки талапкер ортодо аз гана айырма менен добуш алып, талаштын айынан жаңжал чыгышы мүмкүн. Өлкө башына жаш, кызуу кандуу жигит, ал эми өкмөт башына да бир ошондой жашы келип калса, эмне болорун элестетип көргүлөчү. Балким алардын бирөөнүн артында мурдагы учурду кайтарып келүүнү каалаган күчтөр турушу мүмкүн. Бул сыр эмес. Алар миллиондогон каражатты жумшашы мүмкүн. Мен президент катары буга жол бербейм. Ошондуктан Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатам, өзүм үчүн, кресломду сактап калуу үчүн эмес, өлкө тынчтыгы үчүн.

Айрым серепчилер конституциялык реформанын артында бийликти бир колго же бир партияга топтоо аракети турат деп сындап келишет. Бул тууралуу журналисттин суроосуна жооп берип жатып Атамбаев мындай дооматтарды четке какты.

Маалымат жыйыны учурунда
Маалымат жыйыны учурунда

- Эгер бийликти бир партиянын колуна өткөргүм келсе, таза шайлоо өткөрөт белем?! Акаев, Бакиевдердей болуп өткөрүп, КСДП 99% кармап отурмак. Мында 26 пайыз алды. Мен ошон үчүн эки жыл өткөндөн кийин бир күн иштегим келбейт. Балким силердейлерге жакшылап көзү ачылыш үчүн Акаев, Бакиевдей бирөө керек.

Мындан сырткары президент Алмазбек Атамбаев өзүнө мураскор даярдабай тургандыгын билдирди. Ал президентти эл шайлай турганын, шайлоо таза өтөрүн айтты.

- Атамбаев эч кимди мураскор кылып даярдабайт. Президентти эл шайлайт. Анын үстүнө шайлоо таза өтөт. Азыр кимди даярдаба, ага добуш береби же добуштарын сатышабы, билбейм. Азыр башкача болот. Менин бир гана максатым: эч ким өлкөнү ушул жолдон бурбай, өнүгүп-өссө. Азыркыдай электр энергиясын маал-маалы менен өчүргөн жана башка ушундай жагдайлар чечилсе дейм.

Мындан сырткары президент билим берүү, сөз эркиндиги, журналисттер, балдардын укуктары, өкмөттүн кумарканаларды кайра ачуу сунушу, Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов тууралуу суроолорго жооп берди. Муну менен катар төө буурчакты жебей турганын, мышыкты жакшы көрөрүн жана Жаңы жылды үй-бүлөсү менен Кыргызстанда тосорун кошумчалады. Президенттиктен кеткен соң китеп окуп, эс аларын, пианинодо ойноону үйрөнүү ниети бар экенин айтты.

Президенттин маалымат жыйынына чет элдик жана жергиликтүү болуп 140тан ашуун маалымат каражаттын өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG