Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Апта: Сариевди кетиришеби? Үңкүр-Тоо үчүн пансионат...


Аргынбек Малабаев жана Темир Сариев
Аргынбек Малабаев жана Темир Сариев

Үңкүр-Тоо жана жол тендери өкмөттүн кызматтан кетүүсүнө алып келе турган болуп калды. Өкмөт Ысык-Көлдүн жээгиндеги Өзбекстанга таандык төрт пансионатты мамлекетке кайтарды.

“Панама-гейт” дүйнө лидерлерин дүрбөлөңгө салды.

Сариевдин санаасын бузган чатактар...

Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстанда өкмөт бир жылдан гана иштеп келатат. Темир Сариевдин өкмөтү да ал салтты бузбай, бир жылга жетпеген мөөнөттө кызматтан кете турган болууда. Ага себеп катары 2017-жылы боло турган президенттик шайлоо, Үңкүр-Тоо жаңжалы жана Балыкчы-Корумду жолун оңдоо үчүн өткөрүлгөн тендердеги кемчиликтер аталууда.

Өкмөт башчы Сариев, транспорт министри Малабаев
Өкмөт башчы Сариев, транспорт министри Малабаев

Темир Сариев өткөн жылы май айынын башында премьер-министрликке шайланган. Анын бул кызматка келишине “Ата Мекендин” өкүлү, ал кездеги өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин “Центерра голд инкке” тиш кайрап, “азуусун чагып” алуусу жана парламенттик шайлоонун жакындап калуусу себеп болгон. Парламенттик шайлоого катышпоо шарты менен дайындалган Темир Сариев шайлоодон кийин өкмөт башчылыкка ылайыктуу талапкер чыкпай, ордунда кала берген.

Бирок Өмүрбек Бабанов жана Канат Исаев сыяктуу фракция лидерлери Темир Сариевди сынга алып, өздөрүн алдыга сүрөп келишти. Өзгөчө Канат Исаев азыркы кезде өкмөт башчынын башына балээ болуп жаткан Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча тендерде мыйзам бузуулар болгонун көтөрүп, өкмөт башчыга маселе коюп келген.

Канат Исаев көтөрө баштаган маселе соңунда премьер-министр Темир Сариев менен транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабевдин ортосунда чоң жаңжалга айланды. Эки тарап тендерди өткөрүүдөгү кемчиликтерге бири-бирин күнөөлөп, Сариев Малабаевди кызматтан бошотуу боюнча президентке сунуш жолдоду.

Бирок ал президент тарабынан кабыл алынган жок. Мунун өзү жогору жак ким тарапта экенин аныктап койду. Ал эле эмес президент Балыкчы-Корумду жолу боюнча тендерди текшерүүнү УКМК алдындагы Коррупцияга каршы агенттикке тапшырды. Бул текшерүүдөн кимиси абактан аман чыгары же төмөнкү кызматтагы адамдарга шылтоолоп маселе жабылары азырынча белгисиз.

104 чакырым келген жолду реконструкцияло боюнча өткөн жылы октябрь айында өткөрүлгөн тендерде кытайлык “Лонг Хай” компаниясы жеңди деп табылган. Жолду оңдоо үчүн 6 млрд 800 млн сомдон ашуун сумма каралган. Бирок бюджетте акча жетишпей, жолду оңдоо иштери токтоп калганы да маалым.

Бул жол чатагында “кемигинде да, керкисинде да бар” дегендей Канат Исаев маселе көтөрө баштаганда эле Темир Сариев эмнеге чара көргөн эмес деген суроо чыгат. Экинчиден, өзү жетектеген министрликке жооп бербей Аргынбек Малабаевдин ары-бери буйтаганын кандай түшүнүүгө болот?

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, курулуш жана архитектура комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов тендердин жыйынтыгын токтотууга эки тарапта тең мүмкүнчүлүк бар эле дейт:

- Эгерде бир тарабы таза болсо, анда тендер өтөөрү менен эле жарыялаш керек эле. Мисалы үчүн, бул шарты туура эмес же болбосо тандалган компания татыктуу эмес деп. Башка кемчиликтери бар деп жарыяланышы керек эле. Тилеке каршы, ал премьер-министр тараптан да, министр тараптан да айтылган жок. Эми ортодо министрдин жаш орун басарын эки тараптан тең күнөөлөп жатат. Бул өкмөткө аброй алып келбейт.

Иса Өмүркуловдун айтымында, Балыкчы-Корумду жолун оңдоо боюнча тендерде одоно түрдө мыйзам бузуулар бар экенин депутаттык комиссиянын мүчөлөрү аныктады. Комиссиянын корутундусу болсо расмий түрдө жарыялана элек.

Оппозициялык саясатчы Бегалы Наргозуев Темир Сариевдин өкмөттөн кетирүү аракетин Үңкүр-Тоо жаңжалы менен байланыштырат:

- Үңкүр-Тоо менен премьер-министрдин айыбы ачылып калган. Эгерде Үңкүр-Тоо менен кетирсе, президентке да сокку болуп калмак. Ошон үчүн маселени башка жакка буруп, премьер-министрди Балыкчы-Корумду жолундагы мыйзам бузуулар менен кетиришти көздөп жатышат окшойт.

Бегалы Наргозуев
Бегалы Наргозуев

Бегалы Наргозуев Кыргызстандагы бийлик системасынын бурмаланган мүнөздө болуп калганы өкмөттү алсыздандырып, анын реформа жүргүзүү, экономиканы көтөрүү сыяктуу иштерге жөндөмсүз кылып койду деп эсептейт:

- Бизде парламенттик системада парламент өкмөттү иштетиш керек эле. Бизде парламент өкмөттү иштете албай жатат. Анткени өкмөт, парламенттин өзү да президенттен көз каранды болуп калган. Ал көз карандылык мыйзамдуу жол менен эмес, саясий интригалар, бийликти узурпациялоонун негизинде ишке ашырылган. Чын-чынына келгенде бизде авторитардык президенттик бийлик орногон.

Бегалы Наргозуев премьер-министр мурункудай эле президенттик аппараттын уландысы болуп, ал эми жоопкерчиликке келгенде курмандыкка чалынып кете берүү практикасы сакталып калганын кошумчалады.

Парламенттик башкарууга өтүп жатабыз деген Кыргызстанда өкмөт башына парламентте бир да депутаты жок саясатчылар келүүдө. Бул көрүнүш парламенттик системаны бурмалап, өкмөт башчы колу-буту тушалган шартта калууда.

Үңкүр-Тоо үчүн пансионат...

Үңкүр-Тоо чатагы өкмөттүн аброюна сокку уруп турган мезгилде өкмөт башчы Ысык-Көлдүн жээгиндеги Өзбекстанга таандык төрт пансионатты Кыргызстанга кайтаруу чечимин кабыл алды.

Сариев Аксыдагы митингде. 22-март, 2016-жыл
Сариев Аксыдагы митингде. 22-март, 2016-жыл

Бул бир жагынан калк ичинде каржала түшкөн өкмөт башчынын кадырын көтөрүү үчүн керек болсо, экинчи жагынан Үңкүр-Тоо жаңжалында кошунанын “саламына” жараша “аликти” билдиргендей.

Экономика министри Арзыбек Кожошев пансионаттарды кайтаруу боюнча өкмөттүн чечими президент менен макулдашылып кабыл алынганын билдирди:

​- Бүгүнкү күнгө чейин юридикалык жактан Кыргызстандыкы болгону менен иш жүзүндө бул пансионаттарды Өзбекстан колдонуп келген. Мурунку бийликтердин тушунда газ жана энергетика боюнча Кыргызстан Өзбекстандан көз каранды болгондуктан, бул маселени чече алышкан эмес. Азыр биз “Датка - Кемин” аркылуу энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болдук. “Газпромдун” жардамы менен көгүлтүр от боюнча да маселе чечилди. Бүгүнкү күндө бул президенттин жана премьер-министрдин саясий эрки менен чечилип, төрт маселе Кыргызстандын менчигине өттү.

Ысык-Көл жээги
Ысык-Көл жээги

Арзыбек Кожошев Казакстандын пансионаттары боюнча да маселе караларын билдирди. Белгилүү болгондой, Ысык-Көлдүн жээгиндеги Казакстанга таандык төрт пансионат эле эмес, алар турган жер да Казакстанга 49 жылга ижарага берилген.

Кыргызстан өкмөтү Өзбекстандан “Рохат НБУ”, “Золотые пески, “Дилором” жана “Бустон” пансионаттарын кайтарып алуу чечимине келди. Албетте, Ташкенден буга кандай жооп болот деген суроо жаралат. Бул төрт пансионатка ээлик кылган тараптар соттошууга аракет жасары айтылып жатат.

Кыргызстандагы белгилүү юристтердин бири Мукар Чолпонбаев пансионаттарды алуу юридикалык эмес, саясий маселе жаратышы менен опурталдуу дейт:

- Юридикалык жактан эчтеке болбойт. Саясий жагы жакшы болбойт. Кошуна менен жакшы жашаш керек. Кептин баары ушунда. Азыр эми Үңкүр-Тоону бергени протокол менен бекемделген экен. Эгер келип басып алса, элде чыр чыгат. Бийлик унчукпай туруп берет. Анткени документке койгон колун көрсөтүп коет. Балакеттин баарын ошондон башталат. ЖККУ бизди коргой албайт. Анткени алар өзүбүздүн жерибизде жүрөбүз, чек араны бузган жокпуз дейт.

Мукар Чолпонбаев
Мукар Чолпонбаев

Мукар Чолпонбаев эки мамлекет талаштуу мүлктү сүйлөшүү эмес, тартып алуу жолу менен чечүүгө өткөнү чоң жаңжалга алып келиш мүмкүн экенин кошумчалады.

Бул чочулоолорду ырастагандай, өзбек тараптан талаштуу жерлерге жол куруп жатканын Ала-Бука районунун тургундары кабарлап, алар өздөрүнүн коопсуздугунан чочулап жатышканын билдиришти. Ал эми Кыргызстан тараптан Ала-Бука районуна кошумча аскердик техника жана жоокерлер жөнөтүлгөнү фото маалыматтарда көрсөтүлдү.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов пансионаттарды бир жактуу түрдө Кыргызстанга алуу инвесторлор үчүн да жаман белги экенин эске салат. Менчикти андай жол менен алып жатканын көргөн башка инвестор кандай ойдо калат деген суроону коет Жекшенкулов.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек ара маселеси эң көйгөйлүү жана олуттуу маселе болуп турат. Эми эки тараптын мындай бир жактуу кадамдарга барышы, ал маселенин чечүүнү татаалдаштырат деген чочулоо бар.

"Панама-гейттин" барасы айланды...

Узап бараткан жумада офшордук зоналарга компанияларды каттоо менен алектенген “Моссак Фонсека” юридикалык компаниясынын документтеринин жарыяланып кетиши дүйнөнү чууга салды. “Панама-гейт” деген аталышка ээ болуп калган ал документтер бийлик башындагы ондогон саясатчылардын, алардын жакындарынын бери дегенде салыктан качуусун, ары дегенде коррупциялык жолдор менен табылган каражаттар жашыруусун алып чыкты.

“Моссак Фонсека” компаниясы офшордук зоналарда иштеген ондонгон компания жана өлкөлөрдүн арасындагы акула эмес, чабак гана. Офшорлор же финансылык операцияларды жашыруун жүргүзүү боюнча дүйнөдө биринчи орунда Швейцария турат. Андан кийин Гонгонг, АКШ, Сингапур, Кайман аралдары, Люксембург, Ливан жана Бахрейн турганын эл аралык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Мына ошол кичинекей “Моссак Фонсеканын” материалдары эле орус президенти Владимир Путин, британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон, украин президенти Петро Порошенко, азербайжан президенти Илхам Алиевдин шаштысын кетирип, актанууларга аргасыз кылды.

Орусия президенти Владимир Путиндин ысмы “Панама-гейтте” достору Сергей Ролдугин, “Россия” банкынын жетекчиси Юрий Ковальчуктун 2 млрд доллар акча которуулары менен аталса, Дэвид Кэмерондун атасы, анан өзү да “Моссак Фонсека” аркылуу оффшордук компанияга ээ болгонун жана 2010-жылы аны 30 миң фунт-стерлингге сатканын моюнга алды. Британ оппозициясы Кэмеронду “жерге-сууга” салып, тыкыр текшерүүлөрдү талап кылып жатат.

Орус президенти Владимир Путин бейшемби күнү “Панама-гейт” жана анда аты аталган досу Сергей Ролдугин боюнча пикирин билдирди:

Владимир Путин
Владимир Путин

- Орусиядагы көпчүлүк чыгармачыл адамдар, менимче ар бир экинчиси, бизнес менен алектенүүгө аракеттенет. Сергей Павлович да ошолордун катарында. Анын кандай бизнеси бар? Ал биздеги компаниялардын биринин миноритардык акционери. Ал жерде акча иштеп табат. Албетте миллиарддаган доллар эмес. Бирок кайсы бир өлчөмдө акча табат.

Путиндин айтымында, Сергей Ролдугин тапкан акчасына Орусияга музыкалык аспаптарды алып келет. Ошондуктан мунун эч кандай “эрөөн-төрөөнү” жок. Ал эми “Панама-гейттин” чыныгы максаты Орусияда олку-солкулукту жаратуу жана мунун артында АКШ турат деп эсептейт.

Украин президенти Петро Порошенко болсо офшордо компания кармоо мыйзам бузуу катары саналбасын айтууда. Бирок олигархия, коррупцияга каршы күрөш урааны менен келген Порошенконун актануусу аз таасир этип, маселенин моралдык-этикалык жагы анын аброюна сокку урууда. Порошенконун оппоненттеринен болгон Радикалдуу партиянын лидери Олег Ляшко президентке каршы импичмент жараянын баштоону талап кылды:

- Биз жашыруун банк эсептери, жашыруун компаниялар ачылганы, оффшорлордо катталганы боюнча фактылар ачыкка чыкты деп эсептейбиз. Алар ушинтип жаткан мезгилде жүздөгөн украин аскерлери фронтто өлүп, анын ичинде Иловайскидеги камалоодо кырылышкан. Булардын баары Украина президенти жасаган кылмыштар.

Казакстан президентинин небереси Нурали Алиевдин да офшордук компаниясы бар экени аныкталды. Мындан бир нече жыл мурун эле 200 млн доллар байлыгы бар делген Алиев оффшордук компаниясы аркылуу яхта сатуу менен алектенет экен. Бирок Казакстанда баары көзөмөлдө тургандыктан президенттин небересинин байлыгы кайдан деген суроо-сопкут жаралган жок.

Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиева менен.
Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиева менен.

Азербайжанда деле ошондой көрүнүш. Бул өлкөнүн президенти Илхам Алиевдин жубайы Мехрибан Алиева Азербайжанда эң ири “Атахолдинг” компаниясын көзөмөлдөрү, ал эми кыздары Лейла жана Арзу миллиарддаган доллар турган Азербайжанда алтын казган компаниялардын ээси экени маалым болду. Азербайжан президентинин кыздары Кыргызстандагы алтын кендерине да кызыгып, 2012-жылы аукциондорго катышууга барган. Ошол кездерде кыргыз бийлик башчыларынын Азербайжан менен жакындашып, ал жактан мунай алабыз деген куру кыялдарынын сыры алтын кендеринен чыгууда.

Офшордук аймактар байлар жана таасирлүү адамдар үчүн өзүнчө салык системасы, катардагы жарандар үчүн башка салык системасы бар экенин дагы бир жолу көрсөттү. Мындай эки жүздүү системаны өзгөртүү мына ошол офшордук зоналарды түзгөн бай мамлекеттердин өзүнө байланыштуу.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG