Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Пакистан: Жогорку Сот премьерди доого жыгууда


Пакистан армиясынын жоокери Жогорку Соттун имаратын күзөтүүдө. Исламабад. 10-февраль, 2012
Пакистан армиясынын жоокери Жогорку Соттун имаратын күзөтүүдө. Исламабад. 10-февраль, 2012

Пакистандын премьер-министри Юсуф Раза Гиланиге сотту урматтабайт деген күнөө тагылды.

Өкмөт башчы өлкө президенти Азиф Али Зардариге каршы кылмыш ишин ачуу тууралуу соттун көрсөтмөсүн аткарган эмес. Бул жөнүндө Пакистандын Жогорку соту дүйшөмбү күнү билдирди. Гиланинин күнөөсү далилденсе, ал эркинен ажыратылып, болочокто мамлекеттик кызматта иштей албай калат.
Биринчи жолу Пакистандын өкмөт башчысына күнөө тагылууда. Бул Пакистандын тарыхындагы эң өкүнүчтүү күн.

Пакистан президенти Азиф Али Зардари Швейцариянын банктарындагы эсебин пара катары алган акчасын жашыруу үчүн пайдаланат деп айыпталууда. Мындай айыптоолор Зардаринин зайыбы Беназир Бхутто айым 1990-жылдардын башында премьер-министр болуп турган жылдардан башат алат.

Зардари жана башка жүздөгөн саясатчылар менен чиновниктерге байланыштуу кылмыш иштери президент Первез Мушарраф 2007-жылы жарыялаган мунапыска ылайык токтотулган эле. Бирок Жогорку Сот 2009-жылы Мушаррафтын мунапысын мыйзамсыз деп таап, жокко чыгарган.
Премьер-министр Юсуф Раза Гилани Жогорку Сотко келип, автомобилден чыккандан кийин. 13-февраль 2012
Премьер-министр Юсуф Раза Гилани Жогорку Сотко келип, автомобилден чыккандан кийин. 13-февраль 2012
Ошондуктан, бир нече ай мурда Жогорку Сот премьер-министр Юсуф Раза Гиланиге кат жолдоп, Зардаринин Швейцариядагы банктардагы акчасынын тегин аныктоону сураган. Удаа эле жүздөн ашуун мартаблуу саясатчылар менен чиновниктерге каршы мурда жабылган иштер кайра ачылган. “Машал” радиосунун кабарчысы Мажит Бабрдын айтышынча, Гилани президент кол тийбестик укугуна ээ деп, ишти териштирүүдөн баш тартып койгон:

- Бирок премьер-министр Гилани конституциянын 248- беренесине жараша президент өлкө ичинде жана сыртында кол тийбестик укугуна ээ болгондуктан, өкмөт президентти айыптап, же ага кылмыш ишин ачууну сурап кат жөнөтсө, бул Пакистандын конституциясына каршы келет деп билдирди.

Эмне үчүн Гиланинин өкмөтү Швейцарияга кайрылып, Зардаринин эсеби тууралуу маалымат сурабады? Анын жүйөсүн Исламабадда англис тилинде чыкчу “The News” гезитинин редактору Абдул Малик Ройтерс агенттигине берген интервьюда берегидей түшүндүрдү:

- Өкмөт кат жазбаган себеби мындай: Президенттин кол тийбестигине каршы кылмыш иши козголсо эле, ал такыр токтобойт. Бул башталышы гана болот. Башка иштер да бар. Ошон үчүн өкмөт сот ишине жышаана бергенди каалабайт. Алар бийликке келгенден бери бир жыл өттү. Алар убакытты сатып алабыз деп ойлошот. Бир премьер-министрди курмандыкка чалсак, убакытты утабыз деп ойлошот.

Жогорку Соттун дүйшөмбү күнкү чечими боюнча, башкы прокурор 16-февралдан кечиктирбей премьер-министр Гиланиге коюлган айыптоолорду сотко тапшырууга тийиш. Аны сот келерки аптада карайт.
Юсуф Раза Гилани, Беназир Бхутто жана Азиф Али Зардаринин фотопортреттери түшүрүлгөн үгүт унаасы. Жогорку Соттун имаратынын алды. 16-январь 2012
Юсуф Раза Гилани, Беназир Бхутто жана Азиф Али Зардаринин фотопортреттери түшүрүлгөн үгүт унаасы. Жогорку Соттун имаратынын алды. 16-январь 2012

Бу тушта айыпталуучунун адвокаттары жана мамлекеттик айыптоочу өз далилдерин топтойт да соттук угуулар 28-февралда башталат.

Сот эки жактын тең адвокаттарына далилдерди алып келүүнү буйруду, - деп маалымдады Мамлекеттик айыптоочу Бача Хан:

-Ошондон соң сот жараяны үстүбүздөгү айыдын 28-де башталат. Менин көз карашымча, айыпталуучунун адвокаттары күбөлөрдүн тизмесин тапшырышат жана Гилани мырзанын ырасмий келген билдирүүгө ылайык аракет кылганын тастыктаган далилдерди көрсөтүүгө тийиш.

Жогорку Соттун судьясы Насир ул-Малик өкмөт башчы Жогорку Соттун өкүмүн “атайылап таназар албай, четке кагып” койгонуна көңүл бурду.

Ал эми башкаруучу Пакистан элдик партиясынын Маалымат катчысы Заман Кайра Исламабадда журналисттер менен болгон кездешүүдө башкаруучу партиянын жетекчилиги өкмөт башчы Гиланиге каршы кылмыш ишин козгоого аябай тынчсызданып жатканын айтты:

- Премьер-министр - ал премьер-министр экенине Кудай күбө. Бирок бүгүн биздин жүрөгүбүз зыркыроодо. Бизди жагдай аябай кыжаалатка салууда. Биринчи жолу Пакистандын өкмөт башчысына күнөө тагылууда. Бул Пакистандын тарыхындагы эң өкүнүчтүү күн.

Белгилей кетчү эки жагдай бар. Биринчиден, президент Азиф Али Зардари жана премьер-министри Юсуф Раза Гилани экөө тең эзелтен келаткан салт боюнча бийлик башындангы Пакистан элдик партиясынан. Экинчиден, 2-мартта Пакистан Сенаты шайланат. Зардари менен Гилани шайлоо алардын тарапкерлерине көпчүлүк орунду алып келет деген ишенимде.

Серепчилердин пикиринче, премьер-министрге каршы иштин артында күчтүү жарандык бийликти каалабаган армиянын таасирлүү генералдары турат.

XS
SM
MD
LG