Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Нушинди кулчулукка сатыларда куткарышты


Кызын сатууга камынган ата кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Кызын сатууга камынган ата кармалды

Пакистан бийлиги 12 жаштагы кызын сатууга аракет кылган кишини камакка алды.

Нушин болгону 12 жашта. Он гүлүнүн бири ачыла элек бул кызды өз атасы сексуалдык кулчулукка сатууга аракет кылган.

“Азаттыктын” кабарчылары Нушинди куткарган агасы Резванулла менен маектешти. 18 жаштагы жигит атасы Адалат Хан буга чейин эки эжесин жана алардын энесин да кулчулукка сатып жибергенин айтып берди:

- Атам мени дагы панжабдарга 200 миң рупийге сатканы жатат. Алар мени эмне кылышат билбейм. Мурда апамды, анан эки эжемди саткан. Нушинди сатмай болгондо таежемдин үйүнө качып бардык, - дейт Резванулла.

Эгер Адалат Хан 12 жаштагы кызын 200 миң рупийге сатса, анда бир жылдык кара жумушчунун тапкан кирешесине барабар акчага ээ болмок. Бул болжол менен 1900 доллар.

Колго түшкөн эркек мурда да эки кызын соодалаганын мойнуна алып, бирок Нушинди “Кудай үчүн” бергени жатканын айтып актанууда.

Жеке менчикпи?

Адалат Хан 26-октябрда Пешавардан анча алыс эмес, Сар Дери кыштагында камакка алынды. Полиция Хан ортомчулар аркылуу Панжабдан барган эки эркекке кызын соодалап жатканда кармалганын маалымдады. Ал тургай алдын ала 70 миң рупий да алып койгон. Сар Дери полиция башчысы Имран Хан 70 жаштагы ортомчу аял менен дагы бир эркекти тестиер кызды сексуалдык кулчулукка соодалоого аракет кылды деген берене боюнча айыптап, камакка алды. Алардын күнөөсү далилденсе, 25 жылга кесилет. Окуя тууралуу полиция башчысы "Азаттыкка" буларды айтты:

- Нушин аттуу кызды атасы сатып жатат деген арыз түшкөндө нөөмөттө элек. Ошол күнү кыздын атасы өзүнүн төрт-беш өнөктөшү менен Нушинди таежесинин үйүнөн алып качканы жатышыптыр. Панжабдагы кардарларына 200 миң рупийге сатмак экен. Алдын ала 70 миң рупийди да алып коюптур. Биз үч кишини ошол үйдөн колго түшүрдүк. Алар кызды машинеге салып алып кетерде үстүнөн чыгып калдык. Кармалган кишилерге иш козгоп, азыр тергөө амалдарын баштадык. Атасы мурда эле кыздын эки эжесин сатып ийиптир.

Адалат Хан улуу кыздарын буга чейин сатып жибергенин моюнуна алды. Улуу кызын Хатун аттуу ортомчу аялдын жардамы менен 300 миң рупийге сатса, ортончу Гүлдаста аттуу кызынын акысына күйөө баласы Сауд Арабиясына виза ачып берген. Ал жакта эки жыл иштеп, ташбоор ата кайра Пакистанга кайткан.

Нушин менен 18 жаштагы агасын азыр полиция кайтарып жатат. Пакистанда эрте турмуш курууга тыюу салынган. Кыздар 16 жаштан, жигиттер 18 жаштан кийин гана үйлөнө алат. Бирок кыздарды 16га чыга электе эле күйөөгө берген учурлар көп. Пакистандагы жашы жете электердин никеге турганы тууралуу расмий маалымат жок. Бирок ЮНИСЕФтин 2014-жылдагы изилдөөсүндө өлкөдөгү кыздардын 7%ы 15ке чыкпай эле күйөөгө тиери айтылат. Ал эми эл аралык Save the Children уюму пакистандык келиндердин 40% 18 жаштан кичүү, ал эми жалпы төрөгөн аялдардын 8% 15-19 жаштагылар экенин аныктаган.

Пакистан бийлиги өлкөдө кеңири жайылган адам соодалоо менен балдардын эрте турмуш куруусуна каршы күрөшүп келет. Буга карабай аялдар, секелек кыздар зомбулук курмандыгы болуп, тестиерлерди эрте күйөөгө берүүнү токтотуу аракети диний топтордун каршылыгына кабылууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG