Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Пакистан: алыскы айылдагы жаңыча мектеп


Пакистандын түндүк-батышындагы Хыбер Пахтунква дубанында зордукчул топтордун толкуну менен күрөштүн бир амалы катары окутуунун заманбап методдорун жергиликтүү ыкмалар менен айкалыштыруу аракети жасалып жатат.

"Азаттыктын" кабарчысы Абубакар Сыдыкы мындай аракет майнаптуу болуп жаткандыгын билдирүүдө.

Тыкан формачан Шама жана анын классташтары окуган мектепти Пакистандын борбордук аймактарындагы көп мектептерден айырмалаш кыйын. Бирок жети жаштагы бул кыз агартуучулук кеңири жайылган аймакта окубайт. Эскичил салттар үстөмдүк кылган Хыбер Пахтунква дубанындагы мектептерде адатта класстар караңгы, жабдылышы начар.

Соңку жылдары бул аймакта исламчыл согушкерлердин таасири күч алган, алар көбүнчө кыздар окуган мектептерди бутага алышат. Деген менен Шама окуган мектепте көп нерсе коңшу айылдардагы башка мектептерден айырманалып турат:

- Мага мектепте баары жагат, класста окуп, короодо ойногон жагат.

Шаманын мектеби мындан алты жыл мурда улуту пуштун пацифист агартуучу Баача Хандын билим берүү кору тарабынан ачылган эле. Экстремизм менен күрөштү максат кылган бул кор аймакта дагы 13 мектепти каржылайт.

Биринчиден, бул мектепте зордукчулуктун бардык түрлөрүнө чек коюлган. Пакистанда мамлекет каржылаган медреселер тургай жеке менчик окуу жайларда да Шамадан да кичинекей балдарды уруп, жазалоо катардагы көрүнүш. Бирок Шаманын мектебинде окуучуларды урууга тыюу салынган.

Ал эми окуу программасында жаңы замандын ыкмалары менен катар боорукерлик, ар кылдуулукту сыйлоо өңдөнгөн жергиликтүү салттар эске алынат. Мектептеги 3 миң чакты окуучунун жарымынан көбү кыздар, мугалимдер да көбүнесе аялдар. Балдарды келечекке сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө дайардоого артыкчылык берилет.

Тарик Рахим Шамага көркөм өнөрдөн сабак берет. Ал окуучулардын чыгармачылык шыгын арттыруу үчүн сабакта пуштун элинин ырларын жана жомокторун колдонот:

- Биз окуучулар кызыгып билим алсын деп аракет кылабыз. Балдардын тартынчаак, өз оюн айта албаган түнт болушун каалабайбыз. Алар өз оюн ачык билдире алышат. Ошол эле убакта тартынчаак балдарды жазаламай жок. Балдар «мени качан урушат болду экен» деп жүрөк заада болбошу керек.

Мектепте билим алып жаткан балдардын бир канчасы кечээ эле көчө таптап жүргөн. Жергиликтүү тургундар алар мектепке бара баштагандан бери көчөлөр да жакшы жагына өзгөргөнүн байкашкан.

Хашем Бабар 70 жашта, өз бизнеси бар эле, кийин саясатка киришип калган. Бабар Шама окуган мектепке өз атасынан мураска алган кең-кесири имаратты белекке берген:

- Бул балдардын жүрүм-туруму, акыл эси да бир нече айдын ичинде өзгөрдү. Болбосо көчөдө ойноп, урушуп эле жүрүшчү. Азыр таза кийинип, баштарын да өйдө көтөрүп басышат.

Мектептин директору Самина Рехман окуучуларды билимге шыктандырып, түшүнбөгөнүн же туура көрбөгөн маселени тартынбай сурап, өз оюн айта билишине айрыкча көңүл бурулат. Ошол эле убакта сабырдуулукка, улууну урматтап, кичүүнү ызааттоого, элдик салттарды сактоого да өзгөчө маани берилет. Мектепте Исламдын негиздери да окутулат.

Рехмат окутуунун жаңы ыкмаларын айрымдар жактырбай тургандыгын мойнуна алат. Кээ бирлер ата-энелерди «мындай билим берүү мусулманчылыкка каршы келет» деп ишендирип, балдарын мектептен чыгартып алууга ынандырышат.

Акыркы жылдары жүздөгөн мектептер жардырылган аймакта мындай түшүнүктөрдөн улам агартуучулар өз өмүрү менен жооп берип калышы мүмкүн. Ошондуктан Баача Хан корунун жетекчиси Хадим Хусейин заманбап билим берүүгө кастарын тиккендер менен түздөн-түз иштешүү да зарыл экенин белгилейт.

Мектептерди коргоо үчүн жергиликтүү жамааттарда координациялык комитеттер түзүлгөн. Агартуучу корго жамааттар, чет өлкөдө иштеген жергиликтүү тургундар акчалай колдоо көрсөтүшөт, кордун ишин өкмөт жана эл аралык донорлор да карчылайт.

Хусейн кордун максаты мындай мектептерди Хыбер Пахтункванын башка оодандарына да жайылтуу дейт:

- Бизде азыр 14 ооданда мектептерибиз бар. Бирок эгер 24 оодандын ар биринде мектеп ачсак, алар башкаларга үлгү болот. Ошондо биз өкмөт менен кызматташуу жөнүндө сунуш киргизе алабыз. Ушул жол менен биздин ыкма башка жактарга да жайылат.

XS
SM
MD
LG