Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:16

Дарыга ууланган балдар, Мирзиёеванын "мээрими"


23-сентябрда президенттин жардамчысы Саида Мирзиёева президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен 450 бала ооруканага түшкөн Наманган облусуна барды.
23-сентябрда президенттин жардамчысы Саида Мирзиёева президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен 450 бала ооруканага түшкөн Наманган облусуна барды.

Коңшу Өзбекстанда курамында калийдин йодиди бар дарыга ууланган балдардын саны өсүүдө. Өткөн аптада Наманган облусунда 70тен ашуун бала ооруканага түшкөнү кабарланган. Дүйшөмбү күнү баш калаа Ташкентте ушундай эле симптом менен бир канча бала ооруканага жаткырылды.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берген "Фергана ньюс" агенттиги "Антиструмин" дарысын милдеттүү түрдө ичип, ооруканага кайрылган балдардын саны 600дөн ашканын билдирди.

Уулануу фактылары Анжиян облусунда катталган.

Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Чуст районунда уулануу деген шек менен 70тен көп бала ооруканага түшкөн. Бул тууралуу 21-сентябрда Саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Аброрбек Алижонов билдирген.

Алар райондогу тогуз бала бакчанын тарбиялануучулары жана эки орто мектептин окуучулары болгон.

22-сентябрда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги ууланган деген шек менен ооруканага түшкөн балдардын абалы канааттандырарлык экенин, өздөрүн жакшы сезген он бала үйүнө чыгарылганын билдирген.

Кийинчерээк саламаттык сактоо министринин орун басары Элмира Баситханова "тамак-ашка же дары-дармекке ууланган деген шектенүүлөр азырынча тастыктала элек" деп бул сасык тумоо болушу ыктымал экенин айткан.

Мирзиёева ооруканага барды

23-сентябрда президенттин жардамчысы Саида Мирзиёева президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен 450 бала ооруканага түшкөн Наманган облусуна барды.

"Биз оорукананы карап чыгып, балдардын абалы тууралуу акыркы маалыматтарды алдык. Балдардын маанайы жакшы, баары акырындык менен сакайып, көпчүлүгү үйүнө кайтты. Биз балдардын ата-энелери менен сүйлөшүп, тынчсызданууларын тең бөлүштүк”, - деп жазды Мирзиёева Телеграм-каналына.

Ал Наманган облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, Башкы прокуратурага өткөрүп бергенин белгиледи.

Иш "Санитардык мыйзамдарды же эпидемияга каршы күрөшүү эрежелерин бузуу" беренеси менен козголгону айтылат.

Бирок Мирзиёева Наманган облусунда канча бала ууланганы жана уулануунун себептери тууралуу маалымат берген жок.

Жапырт ууланангандар көп

Жума күнү Анжиян облусунун акими Шухратбек Абдурахманов Республикалык тез медициналык жардам көрсөтүү борборунун токсикология бөлүмүнө барды.

Акимчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жерде 12 бала ууланып, ооруканага жаткырылган.

Окуучулардын ичи ооруп, температурасы көтөрүлгөн. Токсикология бөлүмүнүн дарыгери Муроджон Имомбердиев балдар "Антиструмин" (калийдин йодиди) таблеткасын ичкенден кийин абалы начарлаганын ырастаган.

Qalampir.uz сайты ата-энелерге шилтеме жасап, Ташкентте 150дөн ашык бала аталган таблеткалардан ууланышы мүмкүн экенин билдирди.

"Эки уулум №599 бала бакчага барат. Аларга Саламаттык сактоо министрлигинен дары берилген. Биринин абалы оор, азыр №16 шаардык ооруканада жатат", - деди Ташкент шаарынын тургуну.

Атын атагысы келбеген дагы бир жаран 21-сентябрда кызынын дене табы көтөрүлүп, ичи ооруп, кусуп, "Тез жардам" менен ооруканага түшкөнүн билдирди.

""Дары ичтик" деди. "Кандай дары" десем "сироп берди" деди. Эртең менен турсак температурасы көтөрүлүп кетиптир. Интернеттен карап, ушундай уулануу жүрүп жатканын окудук. Кызымды ооруканага алып келсек, ууланганын айтышты. Азыр мына ооруканада турам, Ташкенттин бардык райондорунан ушундай эле симптомдор менен балдар келип жатат", - деди ташкенттиктер.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 1-июлундагы буйругу менен кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды, окуучу балдарды йод препараттары менен бекер камсыздоого мамлекеттик бюджеттен 6,7 миллиард сум, быйыл 15,3 миллиард сум бөлүнгөн.

"Kүнүмдүк дозадан 10 эсе көп"

Өткөн аптадан тарта коңшу өлкөдө ар шаршемби сайын балдарга йод берүү өнөктүгү башталган.

Ютубда 3 миллиондон ашык катталуучусу бар өзбекстандык дарыгер Нодирбек Исчанов бир "Антиструмин" таблеткасынын курамында 0,001 грамм калийдин йодиди, бул 1000 микрограммга барабар экенин жана бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан бекитилген йоддун суткалык керектөөсүнөн 10 эсе көп экенин айтып, коңгуроо какты.

"Ата-энелерден алынган сүрөттөрдү карасак, мисалы 2-А классына йод берүү жараяны. Медайымдын колунда антиструмин таблеткалары турат. Кийинки сүрөттө окуучу кыз бир таблетканы колунда кармап, ичейин деп турат. Айткылачы 2-класстагылар канча жашта? Аларга 1000 мг дозадан йод берип жатат. Бала бакчадагылар ушунун жарымын берет. Бул деген күнүмдүк дозадан 10 эсе көп дегенди түшүндүрөт", - дейт Нодирбек Исчанов.

Ал ошондой эле дары таратуудан мурда балдардын саламаттыгын текшерип, йодго каршы көрсөтмөлөрдүн бар-жоктугун аныктоо зарыл экенин кошумчалады.

Балдардын жапырт ууланганына байланыштуу окуя Өзбекстанда чоң резонанс жаратты. Журналист Никита Макаренко "Антиструмин" таблеткасын чыгарган Samo компаниясы мектептер менен бала бакчаларга курамында калийдин йодиди бар таблеткаларды жеткирүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин тендерин утуп алганын Телеграм-каналына жазды.

Бирок компаниянын негиздөөчүсү делген Нодир Юнусов эл аралык издөөдө жүргөнүн билдирди.

"Мектептерге жана бала бакчаларга “Антиструмин” дарысын жеткирүү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинен бир нече миллиард долларлык тендерди утуп алган Samo ишканасынын негиздөөчүсү Нодир Юнусов өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары эл аралык издөөдө жүрөт. АКШ жана Интерпол аны адам сатуу, алдамчылык, аткезчилик жана коррупциялык уюм түзүү беренелери менен издөөдө", - деп жазды Макаренко.

Блогер Умид Гафуров Нодир Юнусов Өзбекстандагы Zuma Pharm компаниясынын да жетекчиси экенин жазды. Компаниянын Инстаграм баракчасында Юнусов акимдер, саламаттык сактоо министри, президенттин кеңешчилери жана президент Шавкат Мирзиёев менен түшкөн сүрөттөрү көрсөтүлөт.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Фармацевтикалык продукциянын коопсуздугу борборунун басма сөз кызматы Samo компаниясынын ишмердүүлүгү текшерилерин 25-сентябрда кабарлады.

Ишканада дары-дармек каражаттары жана фармацевтикалык ишмердүүлүк боюнча ченемдик документтердин, анын ичинде даярдоонун жана бөлүштүрүүнүн мамлекеттик стандарттарына, дары-дармек каражаттарын өндүрүүдө, даярдоодо, сактоодо жана дүңүнөн сатууда техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү талаптарга шайкештиги текшерилери айтылат. Мындан тышкары, милдеттүү лицензиялык талаптардын жана шарттардын сакталышы каралат.

Былтыр Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган "Док-1 Макс" сиробун ичкенден кийин 65 бала чарчап калган. Мындай маалымат балдардын өлүмү боюнча кылмыш ишинин корутундусунда айтылганын Өзбекстандын Жогорку Сотунун басма сөз кызматына таянып августта “Азаттыктын” өзбек кызматы жазган.

Gazeta.uz гезити жазгандай, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы декабрдын соңунда “Док-1 Максты” ичкенден кийин балдардын каза болушу боюнча кылмыш иши козголгонун жана дарыны импорттогон Quramax Medical компаниясынын, Дары-дармектерди стандартташтыруу боюнча илимий борбордун жогорку кызмат адамдары кармалганын билдирген.

Ошондо Өзбекстандын Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү агенттиги Marion Biotech чыгарган дарыларды, анын ичинен “Цинепар кид”, “Травамакс” жана “Амбронолду” өлкө аймагында сатууга тыюу салган.

Былтыр жыл соңунда Өзбекстанда "Док-1 Макс" сиробун ичкенден кийин 20 бала чарчап калганы ачыкка чыккан. Бул окуядан Кыргызстандын дарыканаларында да бул дарыны сатууга убактылуу тыюу салынган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG