Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Вандагы билимге умтулган кыргыз жаштары


Памирлик жеткинчектер.
Памирлик жеткинчектер.

Түркиядагы вандык кыргыздар окуучуларга жана студенттерге колдоо көрсөтүү максатында "Жаштар кеңешин" түзүштү.

Улуу Памир айылынан чыккан жана Түркиянын туш тарабында эмгектенген кыргыз мугалимдер онлайн режимде жаңы технология, инновация боюнча кошумча сабактарды өтүп жатат. Ошондой эле кеңештин мүчөлөрү Кыргызстандагы илимпоздор менен байланышып, эки өлкө ортосундагы жаштарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү максат кылып турушат.

Вандык кыргыз жаштарынын мүдөөсүн "Жаштар кеңешинин" демилгечиси, вандык кыргыз Сердар Йылдыз айтып берди.

- Сердар, вандык кыргыз жаштары демилгелеген "Жаштар кеңеши" (Genç keneş) платформасы кандай максатта түзүлдү?

Сердар Йылдыз.
Сердар Йылдыз.

- "Жаштар кеңеши" Улуу Памир айылында өсүп, айылдан чыгып Түркиянын булуң-бурчунда жашап жаткан кыргыздар чугулуп, "Кыргыз түрктөрү" маданият коомунун алдында түзүлдүк.

Бул платформанын максаты - орто мектеп жана лицейлерде окуп жаткан же университетке тапшыра турган кыргыз жаштарга колдоо көрсөтүү. Өзгөчө лицейди бүтүрүп, университеттерге тапшырып жаткан жаштарга арабыздан чыккан мугалимдер эле жол көрсөтүп, кийин материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүүнү көздөп жатабыз.

Арабыздагы мугалимдер окуучуларга жумасына 2-3 саат математика жана жаңы технология боюнча сабактарды акысыз өтүп жатышат. Ошондой эле вандык кыргыздардын маданиятын, үрп-адатын унутта калтырбай кийинки муунга туура жеткирүү биздин эң негизги максатыбыз. Мисалы, той-топур, чүкө оюндары, ырлар, аңгемелер сыяктуу маданий байлыктарыбызды сактап, аларды улантышыбыз керек. Өзгөчө бул нерселерди жазып, китеп кылып басып чыксакпы дегенбиз.

- "Жаштар кеңешинин" жыйындары жана конференциялар онлайн формата өтүп жаткан экен. Жолугушуулардын таасири кандай болууда?

- Азыр пандемияда баарыбыз аралыктан билим алып, байланышып калбадыкпы. Андыктан бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, онлайн конференцияларды уюштура баштадык. Ай сайын АКШдан, Түркиядан жана Кыргызстандан кыргыз тарыхын, маданиятын изилдеген илимпоздор атайын конференция өтүп, катышуучуларга керектүү маалыматтарды берип жатышат. Бул форматта өткөн жолугушуулар конокторго да жагып, "эң туура кылып жатасыңар" дешүүдө.

Өзгөчө илимпоздордун конференциялары жаштар арасында кызыгууну арттырды деп айтсак болот. Бул жолугушуулар жаздырылып, кийин соцтармактарда таратылып жатат. Ошондой эле түрк басылмаларына да чыкты.

Онлайн конференция.
Онлайн конференция.

- Ал эми кеңештин катарындагы вандык кыргыздар эмне менен алектенишет?

- "Жаштар кеңеши" Түркиядагы вандык кыргыздардын арасынан чыккан үч коомдун алкагында түзүлгөндүктөн биз жаштардын баарына эле колдоо көрсөтөлү деп турабыз. Улуу Памир айылынан чыккан жаштар мамлекеттик кызматтарда, аскер академиясында, инженер, дарыгер жана мугалим болуп иштеп жатышат. Бирок ошону менен катар айылда өз ишин кылгандардын да саны аз эмес. Буюрса пандемия бүтсө, "Улуу Памир" музейин ачалы деп пландап турабыз.

Вандык кыргыздар арасында көк бөрү мелдеши.
Вандык кыргыздар арасында көк бөрү мелдеши.

- Учурда Түркиянын Ван облусунда жайгашкан Улуу Памир айылындагы жаштардын абалы кандай?

- Айылдагы окуучулар, жаштар аралыктан билим алууда. Сабактардан тышкары албетте айылда ата-энеге жардам берүү менен убакыт өтөт. Ошондой эле айылда балдар ордо, футбол, баскетбол, волейбол сыяктуу спорттун түрлөрү менен машыгат.

Азыр эми дүйнө өзгөрүп, жаңы технологиянын жана инновациянын заманы болуп жатат. Мындан улам биздин жаштарга да бул жаатта туура жол көрсөтүү биздин милдетибиз.

Сөзүмдүн аягында Кыргызстандагы жаңы өкмөткө жаштардын келиши бизди кубантты. Жаш премьер-министр жана министрлерди куттуктап кетким келет. Ошондой эле Кыргызстандын жаңы бийлигине ийгилик каалайбыз. Кыргызстаныбыз ар дайым күчтүү жана өнүккөн өлкө болсун.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG