Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

ЕККУ Кыргызстанга полиция киргизүүнү дээрлик колдоду


Эларалык полиция миссиясы кыргыз милициясына коопсуздукту коогалаңдан кийин иштөөгө жардам бериши керек
Эларалык полиция миссиясы кыргыз милициясына коопсуздукту коогалаңдан кийин иштөөгө жардам бериши керек

Германиянын тышкы иштер министри Гуидо Вестервелле Кыргызстанга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүнү ЕККУ колдой турганын билдирди. Кечээ алар кыргыз өкмөтү менен өлкөгө куралсыз 52 полисменди киргизүүнүн жол-жобосун такташкан.

Ага ылайык, эл аралык полиция кыргыз милициясын төрт ай бою окутат, абалга байкоо жүргүзүшөт.

Чечим кечээ Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин Алматыдагы жыйынында айтылды. Анын максаты - өзбек-кыргыз улуттары ортосундагы кандуу кагылышуулардан кеминде 309 адам өлүп, 400 миңдейи там-жайсыз калгандан кийин, өлкөдө коопсуздук камсыз кылып, тартипти орнотууда кыргыз милициясына жардам берүү.

Бүгүн Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаев бул тууралуу айтып жатып, эми аны ЕККУга мүчө мамлекеттер жактырышкандан кийин, полиция түштүккө жиберилет деди.

“Кыргызстандын суранычы боюнча Ош жана Жалал-Абад облустарына эларалык полиция күчтөрүн жайгаштыруу чечимин кабыл алуу бүгүн дээрлик аяктап калды, - деди Саудабаев. - Кыргызстандагы азыркы оор абал Борбор Азияга регионуна эле эмес, андан сырт жактарга да терс таасирин тийгизиши мүмкүн”.

Бирок полиция күчтөрү качан киргизилээри азырынча так айтыла элек. Министрлердин чечимин ЕККУга мүчө баардык мамлекеттер колдошкондон кийин гана ал күчүнө кирет.

ЕККУнун министрлеринин жыйынына чейин Германиянын жана Франциянын тышкы иштер министрлери Гуидо Вестервелле менен Бернард Кушнер Ошко барып, коогалаңдын кесепети менен таанышып келишкен.

Кыргыз бийликтеринин айтымында, июндагы жалжаң учурунда 2500 үй, 100 ашуун коммерциялык ишканалардын имараттары, 10 мамлекеттик ишкана бузулган.

Кийин француз жана немис министрлери Бишкекке барып, президент Роза Отунбаева менен жолугушту.

Вестервелле бүгүн Алматыда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанда стабилдүүлүктү орнотуу азыр башкы приоритет экенин, ЕККУ полицияны жиберүүнү колдой турганын айтты.

“Азыр кесиптештеримдин көбү бул миссияны колдоп жатышканын көрүп жатам, - деди немис министри. – Бул чечимди бүгүн эле ЕККУ толук колдойт деп айта албайм, бирок полиция сөзсүз жиберилет. Биз Кыргызстанда кырдаалды турукташтырыш үчүн ушуга барууга муктажбыз, анткени баарыбыз ал жакта тынчтык болушуна кызыктарбыз”.

Министрлер бул жыйында Ооганстандагы кырдаалды да талкуулашты.

Учурда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун Казакстан жетектеп жатат. Жыйын маалында уюмдун кеңири саммитин быйыл жыл этегинде Астанада өткөрүү демилгеси да көтөрүлдү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG