Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Оогандык учкучтар Тажикстандан чыгып кетти


Ооганстандагы Хамид Карзай атындагы аэропорт. 15-январь, 2016-жыл.
Ооганстандагы Хамид Карзай атындагы аэропорт. 15-январь, 2016-жыл.

Тажикстанда үч айдан бери убактылуу баш калкалып жаткан оогандык учкучтар Бириккен Араб Эмираттарынын баш калаасы Абу-Дабиге чыгып кетишти. Ал арада Индияда Ооганстандагы кырдаал боюнча жыйын башталды. Ага Кыргызстандын коопсуздук жаатындагы өкүлдөрү да катышууда.

Бириккен Араб Эмираттарына чыгып кеткен оогандыктардын арасында "Азаттык" радиосунун ооган кызматынын кабарчысы да бар. Ал учак Абу-Дабинин аба майданына конгонун билдирди.

АКШ аскерлеринин машыгуусунан өткөн оогандык учкучтар жана качкындар отурган учак Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдөн 10-ноябрдын таңында учуп кеткен.

Бул учкучутар Ооганстанды талибдер басып алганда коңшу Тажикстанга аскердик учактар менен кире качышкан.

Алар Кошмо Штаттарга кирүү үчүн иммиграциялык документтерди алгыча үчүнчү мамлекетте болушат. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна АКШнын Тажикстандагы элчилиги кабарлады. Ошондой эле, 191 оогандык, анын ичинде АКШ аскерлеринин машыгуусунан өткөн 143 учкуч Тажикстандан чыгып кеткенин кошумчалады. Учкучтардын арасында эки аял бар, бирөөсү кош бойлуу.

Алар буга чейин Дүйшөмбүнүн жака белиндеги санаторийлердин биринде баш калкалап турушкан. Талибдер айрым учкучтарды "туугандарыңарды өлтүрөбүз" деп коркутуп, Ооганстанга кайтууга мажбурлашкан. Бул учкучтар Ооганстандагы ондогон жылдарга созулган согушта америкалыктарга жардам берүү менен маанилүү роль ойношкон.

Сентябрь айында Американын ортомчулугу менен Өзбекстандан оогандык учкучтар жана аскерлер тобу чыгып кетишкен.

Индиядагы коопсуздук боюнча жыйын

Нью-Делиде өткөн Ооганстан боюнча жыйындын катышуучулары. 10-ноябрь, 2021-жыл. Индия.
Нью-Делиде өткөн Ооганстан боюнча жыйындын катышуучулары. 10-ноябрь, 2021-жыл. Индия.

10-ноябрда Индияда өткөн коопсуздук боюнча аймактык конференцияда Ооганстандагы "Талибан" (Кыргызстанда ишмердигин тыюу салынган) бийлиги менен кызматташуу маселелери талкууланды. Ага Индия, Иран, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын коопсуздук жаатындагы өкүлдөрү катышты. Пакистан менен Кытай конференцияга катышуудан баш тартышкан.

Жыйындын соңунда Ооганстан боюнча Дели декларациясы кабыл алынып, анда радикализацияга, экстремизм менен сепаратизмге, маңзаттын мыйзамсыз айлануусуна каршы бирге кызматташуу боюнча чакырыгы камтылган. Конференциянын катышуучулары Ооганстандагы гуманитардык кризис боюнча олуттуу тынчсыздануусун билдиришти.

"Биз баарыбыз Ооганстандагы кырдаалга дыкат көз салуудабыз. Алардын ооган элине, коңшу мамлекеттерге жана жалпы аймакка таасири чоң. Биз бул маалда тегиз кызматташып, аймактар аралык координацияны күчөтүп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүү зарыл", - деди Индия өкмөтүнүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ажит Довал.

Өткөн айда Индиянын расмий адамдары Катарда "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен жолуккан. Бирок бул жолу Нью-Дели талибдерди жыйынга чакырган-чакырбаганы белгисиз.

Конференцияга Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов да катышты. Ал өз сөзүндө чөлкөмдөгү мамлекеттер эл аралык террорчулукка каршы бирге күрөшүү зарыл экенин белгиледи.

Ал арада талибдердин өкмөтүндөгү тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Мутакки Пакистанга үч күндүк сапарын 10-ноябрда баштады. Эл аралык донорлор Ооганстандагы жакырчылыкка байланыштуу 1,1 миллиард доллар бөлүп берүүнү убада кылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG