Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Олимпиада менен орозо айкалышабы?


Орозо быйыл жайдын аптабына туш келет. Олимпиадага катышып, ошол эле маалда 5 парздын бирин аткарууну каалаган мусулман-спортсмендер кантет?

Бул жолу орозо Лондон Олимпиадасына туш келүүдө. 3 миңдей мусулман-атлетчи 17 күн бою – 27-июлдан 12-августка чейин күн баткыча ооздоруна наар албай, ошол эле маалда мыкты спорттук ийгилик жарата алышабы?

Кээ бир диниятчылар Лондонго бараткан спортсмендерди 4 жылда бир болгон маанилүү мелдешке артыкчылык берүүгө үндөп келатышат.

Олимпиадада таэквандодон медал тагынууга үмүткерлердин бири, 27 жаштагы оогандык Несар Ахмад Бахави орозону кийин кармоону чечти. Бахави Бээжин оюндарында 7-орунду алган. 2007-жылы дүйнө чемпионатында жана 2010-жылы Азия биринчилигинде күмүш медаль жеңген:

Несар Ахмад Бахави
Несар Ахмад Бахави
- Бул абдан маанилүү мелдеш. Олимпиада медалын утуп алуу – ар бир спортсмендин кыялы. Андыктан ал маалда орозо кармабоо оң. Бирок кийин өз парзыбызды аткарып, Олимпиада учурунда канча күн кармабай калсак, карызыбызды кайтарабыз. Биз күнүгө машыгабыз, ал эми беттешүүлөр болгондо ооз бекитүү мүмкүн эмес, жок дегенде суу ичип туруу зарыл.

Сауд Арабия же Иран сыяктуу консервативдүү мусулман өлкөлөрүнүн Олимпиада комитеттери спортсмендерин орозону өз убагында кармоого үндөшү мүмкүн.

Бирок көпчүлүк мусулман олимпиониктер орозону кийин кармоого даярдыгын айтышат. Диниятчы Сиддикулла Федайи Куранда “жол жүргөн мусулмандар орозону жылдырышы керек” - деп жазылганын айтып, Ал-Бакара сүрөөсүн келтирет:

- Биринчиден, мелдештер кайсы жерде өтөөрүн аныктап алыш керек. Спортсмендин айылында же шаарындабы? Же болбосо башка жердеби? Спортсмен бөлөк жерге, алыска аттанып атса, анда Куранда: “Оорусаң же сапарда болсоң, орозону кийинкиге калтыр” - деп жазылган.

Федайи Куран ар бир мусулманга орозо кармоо чечимин өздөрүнө калтырат деп түшүндүрөт:

- Кимдир бирөөнүн саламаттыгы начар болсо, же орозо акча тыйын таап, көр оокат кылуусуна тоскоол болсо, же башка себептерден улам, ага тамактануу сөзсүз зарыл болсо, анда ал өзү чечет. Бирок андай учурда орозону кийинкиге жылдыруунун жол жобосу Куранда жок.

Британиялык биринчи мусулман-кайыкчы Мо Сбихи орозону ноябрда кармоону чечкенин жакында билдирди.

Доктурлар тамак ичпөө спортсмендердин көрсөткүчтөрүнө түздөн-түз таасир этээрин белгилешет. Себеби машыгуу же мелдешке катышуу үчүн булчуңдар күчтүү болууга тийиш.

Ирандын футбол боюнча аялдар командасы
Ирандын футбол боюнча аялдар командасы
2007-жылы алжирдик эки футбол командасында жүргүзүлгөн изилдөөгө караганда, орозо маалында футболчулардын чуркоо ылдамдыгы, чыдамкайлыгы абдан төмөндөп, тез эле чарчап калышат экен.

Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлү Роналд Мохандын айтымында, мындан 10 жылдай мурун Лондон оюндарынын мөөнөтү жарыяланганда, бир дагы өлкөдөн нааразылык айтылган эмес:

- Албетте, бул – абдан маанилүү маселе. Эл аралык Олимпиада комитети бардык спортсмендерге бирдей шарт тзүү принцибин жактайт. Олимпиада өтө турган күндөр уюштуруу комитети тарабынан белгиленген. Анын мөөнөтүн талашуу же өз пикирлерин билдирүү үчүн мүмкүнчүлүк берилген. Жана ошондо эч кимден арыз түшкөн эмес.

Мохан даттануулар Олимпиадага түздөн-түз тиешеси жок адамдардан же топтордон келгенин кошумчалайт.

Ал эми Лондондо орозо кармоону тандаган атлеттер үчүн шарт түзүлүп бермекчи. Оюндар өтчү бардык жайларда ооз ачуу жана бекитүү үчүн тамак-аш даярдалып турат.
XS
SM
MD
LG