Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:48

"Окуучулардын колуна ийне сайган". Мектептеги окуя талкууга түштү


Ийне сайылды делген окуучунун колу. Социалдык тармактардан алынган сүрөт
Ийне сайылды делген окуучунун колу. Социалдык тармактардан алынган сүрөт

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Чыңгыз Айтматов орто мектебинде мугалим окуучунун колуна 17 жолу ийне сайган окуя катталды. Бул маалыматты Билим берүү министрлиги ырастап, ал мугалим жумуштан четтетилгенин маалымдады. Бирок мектеп директору дооматтарды четке кагууда. Окуя социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, мугалимдердин жоопкерчилик маселесин козгоду.

"Окуя териштирилип жатат"

Мугалим окуучунун колуна ийне сайган окуя Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №40 орто мектебинде катталганын Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы ырастады. Министрликтин Фейсбук баракчасындагы маалыматка караганда, 24-октябрда кыргыз тили жана адабияты мугалими тапшырма аткарбагандыгы үчүн 5-класстын окуучуларынын колуна ийне сайган.

"Бул иш боюнча тергөө иштери башталып, териштирүү жүрүп жатат. Ошол эле учурда Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерге, тарбиячыларга жана ата-энелерге кайрылабыз. Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүүгө эч кимдин акысы жок", - деди мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Үмөталиева.

Ал Үмөталиева балдарды түшүндүрүү иштери менен гана тарбиялоого чакырды. Эгерде мугалимдер тарабынан мыйзам бузуу аныктала турган болсо, Билим берүү министрлигине же укук коргоо органдарына кайрылууну өтүндү.

Жалал-Абад облустук милициясы бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Туура, сулуу жаз деп бир окуучунун колуна ийне сайган"

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Атамырза Баймуратов окуя тууралуу буларды билдирди:

"Ал жерде үч окуучу болгон, бирок ийне бирөөнө гана сайылган. Катуу сайып, тешип деле жиберген эмес, болгону туура, сулуу жаз деген. Бирок мугалим туура эмес кылган. Ал моюнуна алып, кайталабайм деп жатат. Азыр иликтөө иштери бүткөнгө чейин жумуштан четтетилген, ошонун жыйынтыгы менен чара көрүлөт. Кечээ баланын апасы менен жолуктум, ал нааразылыгым жок деп жатат".

"Азаттык" колуна ийне сайылган окуучунун апасы Онахон Айтматова менен байланышты. Ал "эч кимге дооматым жок" деген комментарий берди.

Бул окуя коомчулукка жарыялангандан бери мугалимдердин жоопкерчилик маселесин кайрадан козголду. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары мугалимдердин психологиялык абалын текшерүү керектигин жазышууда.

"Ал мугалим оорулуу эмес"

Аталган мектептин директору Зухра Савридинова соңку окуя элге туура эмес жеткенин, ийне сайган делген мугалимдин ден соолугу жайында экенин билдирди.

"Калп, такталбаган маалымат чыгып жатат. Реалдуу ойлонуп көрсөк, 45 мүнөт ичинде окуучуга барып 17 жолу ийне сайып жиберет деген акылга туура келбей турган нерсе. Жалган маалымат менен тынчыбызды бузуп жатат. Мугалимди башында жумушка алып жатканда медициналык китепчесинде психологиялык оорусу бар же жогу текшерилип, жазылат. Ал мугалим оорулуу эмес, жумшак мамиле кылган жакшы мугалим".

Соңку учурда интернетте мектепте мугалим менен окуучулар айтышып, бири-бирине кол көтөргөнү тартылган видеолор тарап, мугалимдер иштен кеткен учурлар болгон.

Буга чейин Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринде 11 жаштагы кыз экинчи кабаттан секирип кеткен. Окуучу уюлдук телефонун мугалим алып койгондуктан ушундай жолго барганын айткан. Анын сол буту сынып, ооруканага түшкөн.

Өткөн жылы Сузактагы мектептердин биринде мугалим окуучу кызды сабак учурунда сабаган.

Ошол эле жылы Кара-Суу районунда дене тарбия мугалими 15 жаштагы баланын бутун сындыра тепкен окуя ачыкка чыккан.

Мындай көрүнүш күчөп баратканын айтып, муну билим берүү тармагы эле эмес, үй-бүлөдөгү тарбиянын, жоопкерчиликтин жоктугу, кесипкөй мугалимдер жетишсиздиги менен түшүндүргөндөр болууда.

"Мугалимдерди окуудан өткөрүп туруу керек"

Кыргызстандагы алгачкы эксперименталдык гимназияны түптөгөн, эмгек сиңирген мугалим Гапыр Мадаминов мугалимдер менен окуучулар ортосундагы түшүнбөстүктү жоюу үчүн комплекстүү иш керектигин белгилейт. Ал мугалимдерге талап гана коё бербестен, алардын кесипкөйлүүгүн жогорулатууга шарт түзүү керек дейт:

Гапыр Мадаминов
Гапыр Мадаминов

"Мугалимдердин кесипкөйлүк, инсандык даражасын көтөрүү, балдарга сабырдуулук менен иштөө методикасын үйрөтүү үчүн өзүнчө цикл иш-чаралар, сабактар, лекциялар болушу керек. Азыр бардык мугалимдердин көңүл бурганы ийгилик жараталы, ЖРТ, олимпиада, алтын сертификат болуп калды. Ал эми жөнөкөй эле адамдык сапат, маданиятты көтөрүү деген четте калгандай өңдөнөт".

Былтыр Жогорку Кенештин депутаттары Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу “Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Анда жаза катары чоңдорго 2-5 миң сом айып пул же 3-5 күндүк административдик камак, окуучуларга 4 миң сомдук айып пул сунушталган.

Айрым укук коргоочулар мындай демилгеге каршы чыгып, бул мыйзам БУУнун Балдар конвенциясына жана Кыргызстандын Конституциясына карама-каршы келерин билдиришкен.

Кийин айып пул тууралуу сунуш алынып, ата-энелерге оозеки же жазуу түрүндө эскертүү берүү деген гана норма жазылган.

Балдар менен иштеген атайын адистер ата-энелерди балдарын дайыма көзөмөлдөп турууга чакырат. Ошондой эле мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, анонимдүү кат салган кутучуларды уюштуруу да мындай көрүнүштөрдүн алдын аларын белгилешет.

"Балдардын жөндөмүнө жараша иштөө керек"

Балдар психологу Наргиза Мамбетова азыркы замандын балдары менен башкача иш алып барыш керек дейт.

Наргиза Мамбетова
Наргиза Мамбетова

"Азыркы балдар сезимтал болот. Мурун балдар көңүл чордонунда болчу эмес. Азыркы балдар менен чоң кишидей эле сүйлөшүп, бирок алдап же башкача жөндөмүнө жараша тапшырма бериш керек. Кээ бир бала математикадан эсеп чыгара албашы мүмкүн, бирок жакшы сүрөт тартат. Же геометриядан жакшы чийиши мүмкүн. Жөндөмүнө жараша тапшырма берип, ошого жараша баалаш керек".

Ушул жылдын март айында Кыргызстандын акыйкатчысынын кеңсеси менен “Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы” уюму биргеликте Нарын шаарында жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгын жарыялаган. Сурамжылоого Нарын шаарынын мектептеринде 7-11-класстарда окуган 700 окуучу катышкан, алардын 41% зомбулуктан коргоого муктаж экенин айтышкан.

Респонденттердин 17% мектеп рэкетине күн сайын кабылып жатканын, зомбулук көрсөткөндөрдүн 48% жогорку класстардын окуучулары, 22% чоң кишилер экенин, 58% жардам сурап ата-энесине же атайын адистерге эмес, өзү курактуу досторуна кайрыларын айтып беришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG