Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилди


Премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңеште, 2.02.2021
Премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңеште, 2.02.2021

Кыргызстанда өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилип, мамлекеттик агенттик, комитеттер менен фонддор министрликтердин алдына бириктирилди.

Премьер-министр Улукбек Марипов 12-февралда өкмөттүн жаңы түзүмүн бекитүү жана аткаруу бийлигинин органдарын реформалоо жөнүндө токтомго кол койду. Муну менен ал министрлер кабинетинин айланасындагы талаш-талкууну токтоткондой болду.

Токтомго ылайык, буга чейин кайсы министрликке кошулары белгисиз болуп жаткан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) ушундай эле аталыш менен калып, Экономика жана финансы министрлигинин карамагында болот.

Бул министрликке андан тышкары Мамлекеттик салык кызматы, Бажы кызматы, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, Финансылык чалгындоо, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматтары да бирикти.

Экономика жана финансы министрлигине Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги да кошулуп, туризм тармагы да ушул министрликке жүктөлдү. Башкача айтканда, бул өкмөттүн түзүмүндөгү эң чоң министрлик жана анын жетекчиси вице-премьер-министр кызматын аркалайт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да кубаттуу орган болуп калды. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция (Экотехинспекция), Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ушул министрликтин курамында болот. Ошондой эле экология жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү укуктар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тийди.

Өкмөт түзүмүндө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги пайда болду. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Социалдык фонд менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонд да ушул министрликке кошулду.

Кайсы министрликке бириктириле турганы белгисиз болуп жаткан Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) ишин ушундай эле аталыш менен уланта берет, бирок түздөн-түз өкмөткө эмес, Юстиция министрлигине караштуу болот. Мамлекеттик каттоо кызматы, Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат да ушул министрликтин карамагында иш алып барат.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын базасында Коргоо министрлиги, Транспорт жана жол министрлиги менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги түзүлдү.

Мамлекеттик миграция кызматы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине өттү. Ал эми миграцияга байланыштуу иштер менен Тышкы иштер министрлиги алектенмей болду. Мындай өзгөртүүлөрдү президент Садыр Жапаров колдоп, акыркы интервьюсунда буларды белгилеген.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Миграция болуп отургандан көрө аны Тышкы иштер министрлигине берип койгонубуз туура болот. Анткени Орусияда алардын статусу көтөрүлөт. Жөн эле Миграция министрлиги деп жүрбөйт. Алар дипломатиялык статуска ээ болот. Анан укуктары да көбөйөт. Мисалы, Москвада 11 адамы болсо Миграция министрлигине эмес, булар элчиликке кирип кетет. 11 киши дипломат деген макам алат. Алар Миграция министрлигине караганда көбүрөөк коргоого алышат (ред: мигранттарды). Екатеринбургда 9 киши болсо алар да элчиликке кирип кетет. Алар дипломат катары иштейт. Бул мигранттарга жакшы болуп атпайбы. Агенттик, комитет, фонд, инспекция деп ача берип 48 орган болуп кетиптир. Кимге кызмат керек болсо эле ушуну министр кылып коёлучу деп эле ача беришиптир. Кичинекей Кыргызстанда 48 министр. Анын аппаратты, имараты, машинеси болот. Биз ошонун баарын кыскартып, 12 министрликти калтырдык. Мындай оптимизациялоодон биринчиден, бюрократияны, экинчиден, коррупцияны жок кылдык. Элдин бюджетке түшкөн акчасы үнөмдөлдү».

Өкмөттүн токтому боюнча эми бир айдын ичинде мамлекеттик мекемелерди бириктирүү, каржылык жана кадрдык маселелер чечилиши керек. Бул оптимизациялоонун натыйжасында канча акча үнөмдөлөрү жана канча кызматкер кыскартылары белгисиз.

Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев министрликтерди бири-бирине кошуу менен маселе чечилбесин айтып, бийлик мындан ары жасачу иштерди санап берди.

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

«Биринчиден, жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртыш керек. Экинчиден, биз акчабыз ашып турган бай өлкө болбогондон кийин мүмкүн болушунча үнөмдөө зарыл. Үчүнчүдөн, мамлекеттик кызматкерлердин санын кескин азайтыш керек. Эң негизгиси функционалдык иш-милдеттерди тактап чыкпаса болбойт».

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 28 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар. Бул өлкөнүн ар бир 447-жараны аткаминер дегенди түшүндүрөт. Алардын айлык акысына жыл сайын 48 миллиард сом жумшалат.

Бирин-бири кайталаган же функционалдык милдети боюнча өзүн актабаган мамлекеттик мекемелерди кыскартып, ирилештирип, кызматкерлердин санын азайтуу зарыл деген менен дагы бир маселе турат.

Мыйзам боюнча кыскартууга дуушар болгон мамлекеттик кызматкерлерди жумуш менен камсыздоо жана аларга бюджеттин эсебинен кенемте төлөп берүү керек.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев өкмөттүн жаңы реформасын колдойт. Бирок анын кесепеттерин да эске алуу зарыл дейт.

«Азыр чын эле далай киши кызматтан алынып жумушсуз калса чоң маселе жаратат. Өкмөттүн, бийликтин негизги максаты – жакырчылыкты жоюу жана жумуш ордун түзүү. Биз азыр жумушчу орун түзүү ордуна көп кишини жакырлыкка түрткөндөй болуп жатпайбызбы. Ушул жагын да ойлонуп өзүнчө программа иштеп чыгыш керек. Ал эми мекемелерди жоюп салыш оңой эле. Кызматтан алынган кызматкер да биздин жаран да».

Саясатчы Жеңиш Молдокматов өкмөттүн түзүмүн экономикалык оор шартта өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок болчу деп эсептейт.

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

«11-апрелде Конституцияны алмаштыруу боюнча референдум өтөрүн айтып жатышат. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынса өкмөттүн түзүмүн кайра караш керек болот. Жаңы Конституция боюнча өкмөткө, парламентке тиешелүү мыйзамдар кабыл алынат. Кайра парламенттик шайлоо болот. Жаңы парламент келсе, өкмөттүн түзүмү кайра каралат. Ушунун баары керек беле? Азыр бюджеттин тартыштыгы көп, кризис күчүндө. Ушундай шартта өкмөттүн түзүмүн өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок болчу».

Кыргызстандын жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ант берип кызматка киришкен.

Өкмөттүн курамы:

1. Улукбек Марипов, премьер-министр;
2. Артём Новиков, биринчи вице-премьер-министр;
3. Улукбек Карымшаков, экономика жана финансы министри, вице-премьер;
4. Жеңиш Асанкулов, өкмөттүн аппарат жетекчиси;
5. Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри;
6. Таалайбек Өмүралиев, коргоо министри;
7. Аскар Жаныбеков, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
8. Кубанычбек Турдубаев, энергетика жана өнөр жай министри ;
9. Улан Ниязбеков, ички иштер министри;
10. Гүлмира Абдралиева, транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;
11. Бообек Ажикеев, өзгөчө кырдаалдар министри;
12. Асел Чынбаева, юстиция министри;
13. Кайрат Иманалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
14. Алмазбек Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри;
15. Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
16. Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.

Жаңы өкмөткө үмүт жана талап
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:09 0:00

XS
SM
MD
LG