Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

Панамада Куба каткан эски куралдар кармалды


Панама -- Түндүк Кореянын кемесинен табылган МиГ-21 согуштук учагы. 21-июль, 2013.
Панама -- Түндүк Кореянын кемесинен табылган МиГ-21 согуштук учагы. 21-июль, 2013.

Панамада 17-июлда кармалган түндүк кореялык кемеден МиГ-21 согуштук учактарынын тетиктери жана башка куралдар табылды.

Куба шекер салынган каптардын арасына катылган эски куралдарды Пхенянга оңдогону жибергенин саалгытып жатып билдирди. Улуттар уюмунун санкциясы коммунисттик Кореяга ар кандай согуштук куралдарды импорттоого жана экспорттоого тыюу салат.

30-июлда Панаманын тийиштүү кызматтары Кубадан Түндүк Кореяга бараткан кемеге жүктөлгөн шекер салынган каптардын арасынан кайрадан МиГ-21 учагынын моторлору табылганын билдирди.

- Бул акыркы контейнерден биз тапкан нерсе MiG-21 учагынын моторлору болушу ыктымал, - деди Панаманын Маң заттарына каршы күрөшүү боюнча прокурору Хавьер Карабалло. - Мен биз ачкан контейнерлердин ичиндеги 12 реактивдүү кыймылдаткыч жөнүндө сөз кылуудамын. Алардын ичиндеги транспорттук каражат - радардык станция жана ракета батареясын башкарчу көчмө контролдук борбор окшойт.

Эки жума илгери 10 миң тонна же 220 миң шекер салынган каптын арасынан эки даана МиГ-21 жана эки даана ракеталарды башкарчу система табылган. MиГ-21 согуштук учактары мурдагы СССРде 1959-85-жылдары курулган. Орусиялык ишканалар мындай учактарды эбак тейлебейт. Ал эми эл аралык камоодогу Пхенян эски техниканы арзан оңдоп бергенге макул.

Куба оболу кемеде Түндүк Корея үчүн жардам жүктөлгөнүн айтып, оңдоого жөнөтүлгөн “эски аскердик техника” бар экени жөнүндө ооз ачкан эмес. Бирок кийин оңдоого жөнөтүлгөн куралдар бар экенин мойнуна алган.

Коммунисттик Корея 2006-жылдан тарта эл аралык коомчулуктун кайрылууларына карабай, дембе-дем ядролук жана баллистикалык ракеталарды сынаганга байланыштуу Улуттар уюмунун санкциясына кабалган. Ага ылайык, Пхенян жеңил куралдардан башка эч кандай курал-жарак сатып да, сата да албайт. Согуштук куралдарды оңдоп бергенге жана тейлегенге акысы жок. Серепчилердин айтымында, эски куралдарды Кытайда оңдотуу Куба үчүн алда канча кымбатка түшмөк.

Бул санкция боюнча ар кайсы өлкө шектүү көрүнгөн түндүк кореялык кемени текшергенге акылуу. Түндүк Кореянын кемеси эл аралык санкцияны буздубу же жокпу, анысын эми Панаманын өтүнүчү менен БУУнун Коопсуздук кеңеши түзгөн атайын комиссия иликтейт.

Ырасмий билдирүүдө түндүк кореялык кеменин экипажы “токто” дегенди укпай, качканга аракет кылганы; каюталарда электр кубатын өчүрүп салып, панамалыктар менен сүйлөшпөй койгону айтылат. Кеменин 35 адамдан турган экипажы камакка алынып, Пхеняндын аларды бошотуу өтүнүчү четке кагылды. Алар Панама каналынан өтүп баратып, курал ташып баратканын декларацияда көрсөтпөй, улуттук жана эл аралык мыйзамдарды да бузду деп айыпталууда.

Эксперттер бул эки жарды өлкө ортосундагы “куралды кантка алмаштыруу” сыяктуу иш жана андан Куба чоң деле зыян тартпайт дешет. Ал эми эл аралык камоодогу Түндүк Кореяга болсо дипломатиялык кысым күчөдү.

Бул окуя талдоочулардын айтышынча, Куба менен коммунисттик Кореянын идеологиялык жактан жакындыгын жана Куба эски куралдарын модернизациялоого муктаж болуп турганын ачык көрсөтөт.

Канадалык серепчи Хал Клепактын сөзүнө караганда, Куба армиясы мурда колдонулган жана эски куралдар менен жабдылгандыктан эч кимге коркунуч жарата албайт. Советтер союзу кыйроосу Кубанын куралдуу күчтөрүн сызга отургузганын, АКШ жана башка коңшуларына мурдакыдай коркунуч туудура албай калганын Пентагон 1998-жылы эле эскерткен.

XS
SM
MD
LG