Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Малала Нобел сыйлыгын алды


Малала билим алууга мүмкүнчүлүгү жок дүйнөдөгү 58 миллион жеткинчектин өкүлү катары иш алып барат.
Малала билим алууга мүмкүнчүлүгү жок дүйнөдөгү 58 миллион жеткинчектин өкүлү катары иш алып барат.

Нобел атындагы Тынчтык сыйлыгы бул ирет пакистандык кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн 17 жаштагы Малала Юсуфзайга берилди.

Нобел атындагы Тынчтык сыйлыгы бул ирет пакистандык кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн 17 жаштагы Малала Юсуфзайга жана индиялык саясий активист Кайлаш Сатьяртхиге берилди. Жеңүүчүлөрдүн аты-жөнү бүгүн Ослодо жарыяланды. Малала тарыхта Нобел сыйлыгын алган эң жаш лауреат болду.

Малала Юсуфзай пакистандык кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн окуучу кыз. Аны мектептен кайтып келе жатканда талиптер башка аткан. Британдык хирургдардын жардамы менен аман калган Малала адам укугу жаатында бир нече эл аралык сыйлыктарды алган.

Малаланын таржымалы

14 жаштагы активист кызга 2012-жылы кол салышкан. Ал күндөгүдөй эле достору менен бейкапар мектептен чыгып автобуска отурганда, күтүүсүз эле сакалчан бирөө келип «араңарда Малала Юсуфзай деген кыз ким?»,- деп сурайт.

Малаланы досу сөөмөйү менен көргөзөөр замат сакалчан киши аны башка аткан. Заматта ооруканага жеткирилген өспүрүмдүн өмүрүн дарыгерлер сактап калышты. Малалага кол салуу болоор замат окуяга пакистандыктардын көпчүлүгү нааразы болуп, жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышкан болчу.

Малала Юсуфзай 2009-жылы талиптердин башкаруусу алдындагы жашоону Би-би-си радиосунун сайтына урду тилинде жазып чыккандан кийин белгилүү болгон. Ал убакта Пакистандын Сват өрөөнүн талиптер көзөмөлдөчү, кийин армия аймакты өкмөттүн карамагына өткөргөн.

Ал өзүнүн биринчи блогун 11 жашында жазган. Андан соң Сватты талиптер басып алып, кыздар үчүн мектептерди таптакыр жаап салышкан. Малала мындан кийин “Талиптер караңгылыкка алып баратат” деп каймана ат менен дагы блог жазган болчу. Ашынган исламчылар өрөөндөн кууп чыгарылгандан кийин гана анын аты ачыкка чыккан. Юсуфзайга эр жүрөктүгү үчүн улуттук сыйлык ыйгарылып, 2011-жылы Эл аралык балдар сыйлыгын да алган.

Ал өзү окуган мектепти талиптер жаап салгандан кийин блогунда минтип жазган эле:

- Бүгүн биздин мектептеги акыркы күнүбүз, бирок мен кийин мектеп кайра иштеп баштайт деп ишенем. Анткен менен мектептин имаратына биротоло кош айтышкандай карадым.

Малала Юсуфзай адвокат же саясатчы болгусу келгенин көп айтчу. Ага болгон кол салуудан кийин Пакистандын үлкөн саясатчылары жана коомдук ишмерлер бул окуяны катуу айыпташып билдирүү тараткан.

Кызга кол салууну "Техрик-и Талибан" уюму моюнуна алып, 14 жаштагы кыз исламды жана шариятты жаманатты кылган маалымат таратканы үчүн өлтүрүүнү чечтик деп билдиришкен. Талиптер можахеддерге каршы иш жасагандар аял же жаш кыз экенине карабай өлтүрүлүшү керектиги шариятта айтылганын белгилешкен.

Малаланын баяны
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:09:05 0:00

XS
SM
MD
LG