Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:11

Адабият сыйлыгы Нобелдин мекенинде калды


Акын Томас Транстремер, 31-март, 2011
Акын Томас Транстремер, 31-март, 2011

Адабият боюнча Нобель сыйлыгы бүгүн швед акыны Томас Транстремерге ыйгарылды.

Жарыяны бүгүн Стокгольмдо швед жазуучусу Петер Энглунд жасады

“Адабият боюнча быйыл Нобел сыйлыгы Томас Транстремерге анын кыска, образдуу жазылган ырлары жашоого жаңы көз менен караганы үчүн берилет”, - деди Энглунд.

Негизи, Транстремер Нобелге татыктуу талапкерлердин тизмесинде мурдатан эле бар болчу. Андыктан бул жарыяны журналисттер дүркүрөгөн кол чабуулар менен кабыл алышты.

Калыстар тобу Транстремердин ырлар жыйнактарын “кыска, конкреттүү жана өтө курч метафоралардын топтому” деп мүнөздөгөн.

Швециянын азыркы адабиятында Т.Транстремердин оорду өзгөчө. Анын чыгармалары 50 ашуун тилге которулду. Өзү кесиби боюнча врач-психолог бул акын алгачкы китебин 23 жашында чыгарган.

Транстремер 80 жашта, 12 ырлар жана прозалар жыйнагынын автору. 1990-жылы катуу соккудан сүйлөй албай да калган болчу. Эми ага 1 млн.евролук байге быйыл 10-декабрда тапшырылмакчы.

Нобелдин адабият боюнча номинациясы адатта “алдын ала болжоп айтыш мүмкүн болбогон сыйлык” катары белгилүү.

Божомолчулар буга чейин быйылкы адабият боюнча сыйлыкты сириялык-ливандык акын Адонис же жапониялык жазуучу Харуки Мураками утуп калышы мүмкүн деп жатышкан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG