Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:24

Өзбек имамдары Жаңы жыл тосууга каршы эмес


Өзбекстан, Самаркан шаары. 28-декабрь, 2014-жыл
Өзбекстан, Самаркан шаары. 28-декабрь, 2014-жыл

Өзбекстан мусулмандарынын диний башкармалыгы Жаңы жылды тосууга шарият уруксат берет деп эсептейт. Буга далил катары башкармалыктын сайтында жарыяланган атайын фатвада Курандын аяттары келтирилген.

Жаңы жыл алдында фатванын тексти Ташкенттин жана башка ири шаарлардын мечиттеринде жума намазда айтылуучу кутба катары окулганы айтылууда.

Көптөр муну имамдар Жаңы жылды майрамдоого уруксат берди дегендей түшүнүшкөн.

Өзбекстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын жетекчи орун басары, шейх Абдулазиз Мансурдун айтымында, диний башкармалык Жаңы жылды тосууга уруксат бергени менен аны кеңири майрамдоого тыюу салынат.

- Пайгамбарыбыздан баштап биз ай жылнаамасы боюнча диний майрамдарыбызды белгилеп, орозо кармап, ажылыкка барабыз. Бирок бул деген мусулмандардын күн жылнаамасы менен иши жок дегенди билдирбейт. Биз дүйнө менен байланышыбызды, күнүмдүк жашообузду кадимки жылнаама менен өткөрөбүз да. Эгер бул календарь боюнча жыл жаңырып жатса, мусулмандар аны жакшы үмүттөр жана дубалар менен тосууга эмнеге болбосун? Бул жерде кеп Жаңы жылды тосуу жөнүндө болуп жатат, майрамды спирттик ичимдиктер жана балатыны кооздоо менен белгилөөгө, албетте тыюу салынат, - деди шейх Абдулазиз Мансур.

Интернеттеги Фейсбук жана башка социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан башкармалыктын бул фатвасында мындай деп жазылган:

Бишкектеги Жаңы жыл майрамынан бир көрүнүш. 31-декабрь, 2014-жыл
Бишкектеги Жаңы жыл майрамынан бир көрүнүш. 31-декабрь, 2014-жыл

“Биздин элдин арасында Жаңы жыл, аны тосуу, адамдардын бири-бирин куттуктоосу мусулманчылыктын принциптерине жатпайт, ал тургай бул христиандардын майрамы деген кептер айтылып жүрөт. Биз аларга 1-январь бул христиандардын майрамы эмес, бул христиандардын жылнаамасы боюнча бардык элдер үчүн жылдын башталышы деп айтаар элек. Жаңы жылдын биринчи күнүн тосууну диний майрам эмес, биздин жашообузга дагы бир жылдын кошулушун, алдыда өткөн жылы үлгүрбөй калган бардык иштерибизди жасоого ниет кылуу мүмкүнчүлүгү катары белгилесек болот”.

Quran.uz сайтында фатваны негиздөө катары Курандын Рум сүрөөсүнүн биринчи беш аяты келтирилген. Ал аяттарда мусулман майрамдарынан башка дүйнөдөгү окуяларга байланыштуу кайсы даталар белгиленсе болоору көрсөтүлгөн.

Мурда Өзбекстандын диний башкармалыгы Нооруз, 8-март жана башка майрамдарды белгилөө боюнча бир катар фатваларды чыгарган. Алар да момун мусулмандар жана интеллигенттер арасында кызуу талкууларды жаратып келген.

XS
SM
MD
LG