Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Шекерден морфий жасоонун жолу табылды


“Азаттык” 2015-жылдагы дүйнөлүк илим менен техникага салым кошкон ачылыштарга кыскача сереп салат.

Адамдын геномун тез оңдой турган жол табылды

Кытайлык окумуштуулар тобу жыл башында адамдын эмбрионунун ДНКсын CRISPR (гендик инженердик ыкма) усулунун жардамы менен өзгөртүү мүмкүндүгүн жарыялады.

Адамдын ДНКсындагы чынжырдын зарыл ырааттуулугун РНК аркылуу атайын ферменттин жардамы менен оңдоп-түзөө бир катар оор илдеттерди: рактан тарта дарылоого жатпаган вирустук ооруларды, ошондой эле генетикалык түзүлүшкө доо кеткен Даун синдрому деп аталган дартты аныктоодо жана дарылоодо революциялык секирик болот деп убада беришүүдө.

Ал ортодо бир катар биологдор гендик инженериянын бул ыкмасын колдонууда этикалык себептерден улам кылдат болууга чакырды.

Powerwall автономдук энергосистемасы

Америкалык Tesla Motors компаниясы Powerwall деп аталган өтө кубаттуу литийдин ионунан куюлган аккумуляторлорду чыгаруу алдында турганын жарыялады. Мындай аккумулятор көп зарядды топтоп алып, аны акырындык менен керектөөгө жараша бөлүштүрүп берүүгө жөндөмдүү.

Саатына 10 кВтка чейин кубаттуулук менен менчик үйлөрдү жана чакан ишканаларды жабдый алат. Батареялар күн нурунан жана башка альтернативдүү булактардан заряддалат.

Мындай жабдыктар массалык түрдө чыгарылса анда келечекте электорэнергияны бөлүштүрүү механизми толук кайра жаңыртылат. Азырынча жаңы батареялар Volta сериясындагы электромобилдерде колдонула баштады.

Марста кадимки суу бар

Марсты иликтеген илимпоздор Кызыл планетанын боорунда жылдын жылуу маалында пайда болуп калган кочкул тилкелер суюк формадагы суунун агымынан улам мезгил-мезгили менен байкалышы мүмкүн экендигин билдиришти.

НАСАнын спутниги тарткан сүрөттөрдө тоолордон түшкөн тилкелер топтолуп калган туздарга дагы окшошот.

Жоржия технологиялык институтунун окумуштуулары өткөргөн иликтөөдө Марста ушул тапта дагы кандайдыр бир жашоо бардыгын, ал эми суу болгон жерде жок дегенде өтө жөнөкөй түзүлүштөгү, мисалы микробдор болушу мүмкүн деп эсептешет.

Бионикалык линзалар катаракт менен алысты көрбөгөндөрдүн көйгөйүн чечет

Канадалык оптометрист доктор Гарет Уэбб адамдын көзүнүн курчтугун кадимкиден үч эсеге арттырган бионикалык линзалардын жаңы системасын ойлоп тапты.

Ocumetics Bionioc Lens деп аталган система өтө жөнөкөй, аны адамдын көзүнө операциясыз эле сегиз мүнөттө салууга мүмкүн. Линзага орнотулган кымындай биомеханикалык камера таза көздөн дагы алысты так көрсөтөт.

Полимерден жасалган нейрондор

Швед окумуштуулары дүйнөдө алгачкылардан болуп адамдын мээсиндеги клеткалардын функциясын аткарууга жакын, анын ичинде химиялык сигналдарды электр импульстарына өткөрүп, аны башка клеткаларга берүүгө жөндөмдүү жасалма нейрон чыгарышты.

Азырынча жасалма нейрондордун өлчөмү адамдын мээсиндеги нейрондордон ондогон эсе жоон болсо дагы, илимпоздор жакынкы келечекте аларды керектүү өлчөмдө ичкертип алуу оор деле эмес экенин айтышат.

Мээге жасалма нейрондорду коюу Паркинсон илдетин жана омурткадагы жүлүндүн мертинишин дарылоодо чоң секирик болору айтылууда.

Уктап жаткандагы кабыл алууну улантууга болот

Франциядагы нейрофизиологдор биринчи жолу нейрондорду стимуляциялоо жана активдүүлүгүн жазуу үчүн чычкандын мээсине электроддорду орнотушту. Илимпоздор уктап жаткан чычкандардын аң-сезиминдеги процессти алар ойгонгондо дагы уланта тургандай ассоциациялык байланыштарды түзүшкөн.

Париждеги улуттук изилдөөлөр борборунда 40 чычканга мындай тажрыйба жасалып, алардын эмоциясын, кыймыл-аракетин билдирген маалыматты ала турган мээнин алдыңкы бөлүгүнө электроддорду бекитишкен.

Шекерден морфий жасоонун жолу табылды

Окумуштуулар шекерди морфий сыяктуу ооруну баса турган дарыларга айлантуунун ыкмасын иштеп чыгышты. Nature Chemical Biology журналына америкалык жана канадалык биологдор гендик инженериянын ыкмалары менен апийим кошпой туруп эле шекерди бара-бара морфийге айланткан ачыткыны табышканын жарыялашты.

Учурда медицинада ооруну баскан күчтүү дарыларга апийим кошулат. Ошол эле маалда илимпоздор героин морфийден алынарын эскертип, бул ачылыш маңзаттарды үйдө эле жасап алууга жол ачарын дагы айтышат.

Плутондун бети терең тилкелерден турат

Июль айында америкалык космостук "Нью Хорайзонс" жабдыгы Плутондун айланасындагы кенедей планетага жана анын Харон баштаган сптуниктерине жетти.

Космостон жиберилген сүрөттөр планета таанууда сенсация жаратып, Плутондун рельефинин жана анын түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүн көрсөттү. Планетадагы атмосферада аба суюк экени, алтургай жыл мезгилинин алмашуусу байкалды.

Түйүлдүктү үч кишиден уруктандыруу ишке ашты

Британ парламенти үч кишинин генетикалык материалын пайдаланып, жасалма уруктандырууга жол берген мыйзамды жактырды.

Айрым аялдар тукум кууган илдет (митохондриялык ген) менен жабыркагандыктан бала өтө оор генетикалык мүчүлүштүктөр: булчуңдары өнүкпөй, жүрөк кемтиги, неврологиялык оорулар менен төрөлүшү мүмкүн. Жаңы ыкма болсо мындай учурда ата-эненин гана эмес, донордон алынган материалды дагы жасалма уруктандырууда колдонууга жол ачат.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG